Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Кытай коркунучу жана түтөгөн түркмөндөр


"Gulf Times" гезитиндеги макала.
"Gulf Times" гезитиндеги макала.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (14-21-январь, 2019-жыл).

Узаган аптада Азия чемпионатындагы Кыргызстандын курама командасынын тайпалык оюндардагы жеңиши дүйнөнүн бир катар басылмаларына жарыяланды. ФИФАнын расмий веб-сайтынын башкы бетине «Кыргызстандын футболчулары тарыхта из калтырып, келечегин ачууда» аттуу макала чыкты.

Футбол боюнча Азия чемпионаты.
Футбол боюнча Азия чемпионаты.

«27 жылдык эгемен тарыхында кыргыз футболчулары алгач ирет дүйнөлүк масштабга көтөрүлдү. Виталий Люкс үч сыйра гол киргизип, эл аралык абройлуу оюнда өз өлкөсүн тайпалык оюндардан финалдык беттештердин биринчи баскычына чыгарды. Кыргызстанда 2010-жылдан бери өлкөдө футболго жогорку деңгээлде маани берип, аны каржылагандар көбөйүп, жүздөгөн жаштар азыр бул багытта билим алууда. Азия чемпионатындагы ийгилик эми бул демди ого бетер арттырары бышык», - деп жазат ФИФАнын расмий сайты.

Ал эми Катарда чыккан «Gulf Times» гезити Виталий Люксту «Азия чемпионатындагы жигиттин гүлү» деп атады. «29 жаштагы жигит Батыштын атактуу актерлору түспөлдөшүп, өзүнүн модалуу шампундун атындай ысымы менен филиппиндиктердин үрөйүн учурду. Ал өзү да бул жеңишке таң калып, бир нече саатта эле «Инстаграмда» окурмандары көбөйүп кеткенин айтып жылмаят. Көп айымдардын жүрөгүнө чок салган жигит абдан уялчаак экенин айтат, эл алдына чыккандан көрө бөлмөдө оюнга өз алдынча даярданганды жакшы көрөт. Ошентсе да Люкстун азыр Криштиану Роналдудай соцтармактарда 152 миллион окурман таап, мекенине баатыр жана жигиттин гүлү болуп кайтчу мүмкүнчүлүгү бар» деп жазат гезит.

Күйөрмандар.
Күйөрмандар.

Индияда, Бангладеште, Африкада, Филиппиндерде жарык көргөн бир нече англис тилдүү басылмалар да кыргыз футболчулары тууралуу баяндамаларын жарыялашты. Маселен, Нигерияда чыккан «Vanguard» гезити «Мууздалган эчкини ары-бери ыргытып ойногон кыргызстандыктар Азия чемпионатын таң калтырды» деген тема менен филиппиндердин жеңилиши менен Кыргызстандын голдорун талдаган.

Кытайдын «Бир жол - бир алкак» долбоору жемкорлорду байытат

Америкада чыккан «Foreign Policy» журналынын талдоочусу Уилл Доиг «Кытайдын инфраструктуралык ири долбоорунун каймагын жемкорлор менен аткаминерлер гана калпыйт. Буга Малайзияда 2018-жылы бийликтен алынган өкмөт башчы Нажиб Разактын коррупциялык схемаларын мисал келтирсе болот. Ал пара алып Кытайга ыңгайлуу шарттарды түзүп бергени, Разактын өкмөтү Кытайдын инвесторлорунан алган ири суммадагы каражат ал бийликтен куулгандан кийин аныкталып, азыр кылмыш иши ачылып, териштирилип жатат.

Бул сыяктуу сценарий Кытай кызматташкан Азиядагы бардык өлкөлөрдө кезигет. Мисалы, кара май менен газга бай Борбор Азиядагы Казакстан - нукура клептократиянын жүзү, бийлиги жемкорлукка баткан. «Transparency International» уюмунун индексинде ал 180 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча үчүнчү орунга чыккан.

Коррупция тууралуу карикатура.
Коррупция тууралуу карикатура.

«Бир жол - бир алкак» долбоору эми казак бийлигин темирдей бекемдеп, паракорлордун чөнтөгү калыңдайт. Кытайдын аймакка жумшаган инвестициясынан бийлик төбөлдөрү гана байып, тактыдагы күчүн арттырат. Анын үстүнө Кытайдын өзүндө жемкорлук кадыресе көрүнүш болгондуктан, өнөктөш өлкөлөрдүн бийлигин «сатып алуу» ага эч кандай кыйынчылык деле жаратпайт. Ал эми чөлкөмдүн коррупциялашкан лидерлери Кытайдан түз келген акча менен өз капчыгын кампайтып эле тим болбой, бийликтеги мөөнөтүн узартып, күч-кубатын арттырат. Себеби «Бир жол - бир алкак» долбоору өтө турган 50 өлкөнүн 25и дүйнөдөгү жемкорлуктун жеткен чегинде турган мамлекеттердин катарында.

Кытайдын өзүндөгү ички коррупция анын мамлекеттик түзүмүнө доо кетирбейт. Бирок чакан өлкөлөрдөгү Кытай аралашкан жемколук ал мамлекеттердин бүтүндүгүн бүлдүрүп, сызга отургузат» деп жазган.

Ачка элин ыры менен «баккан» түркмөн ажосу

Түркмөнстандын Ооганстан менен чек арасындагы коопсуздук маселеси курч экенин бир катар дүйнө басылмалары жазып чыгышты. Өлкө эли азык-түлүктүн тартыштыгынан азап тартууда. Бирок «Eurasinet» басылмасындагы макалада айтылгандай, мунун баарын эл башчысы чымын чакканча көрбөйт.

Атты жакшы көргөн түркмөн эл башчысы.
Атты жакшы көргөн түркмөн эл башчысы.

8-январда түркмөн-ооган чек арасындагы атышуудан Ооганстандын 21 аскери мерт болду. Талибдер бул аймакта өз күчүн болушунча сынап жаткан кези. Ушундан улам Венада чыккан «Түркмөнстан хроникасы» агенттиги Түркмөнстандын коргоо министри өлкөдөгү күчкө жарамдуу бардык эркектерди согушка даяр турууга чакырганын маалымдады. Минтип өлкө коопсуздугу коркунучта турганда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов ички иштер министринен тартууга келген ахалтекин тулпарынын кулуну менен алек. Анын бул кулунга арнап ыр жазып, кабинетинде окуган видеосу таркады. Элдин көбү жумушсуздуктан, тамак-аштын тартыштыгынан кыйналууда. Бирок басылма буга карабай дымактуу түркмөн башчысы Ашхабаттан Түркмөнабадга чейин 640 чакырымдык заманбап жол курууну буюрганын баяндайт.​

Ханышанын 97 жаштагы күйөөсү кырсыкка учурады

Ханзаада Филипп.
Ханзаада Филипп.

Британ басма сөзүндө узап бараткан жумада ханыша Елизаветанын 97 жаштагы күйөөсү Филипп ханзаада жол кырсыгына учураганы кызуу талкууланды. «Independent» гезити 12-январда улгайган монарх өзү машине айдап чыгып, 28 жаштагы аял айдап бараткан автоунааны сүзгөндө кырсыктан ханзаада жаракат албаганы менен экинчи автоунаадагы айдоочу аял менен жанындагы 45 жаштагы адам жабыркаганын жазды.

Бирок Филипп ханзаада кырсыктан көп өтпөй эле падышалык Сандирем сарайына жакын жерде автоунаасын кара эле айдап баратканын көргөндөр болгон. Буга чейин полиция ага рулга отурбашы керек экенин эскерткен эле. Басылма британ коомчулугу жана падышалык үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү аксакал ханзааданын бул «кылыгын» сындап жатканын кошумчалайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG