Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:59

"Кытайлар ишке олуттуу мамиле жасайт"


Кытайда билим алган кыргызстандык студент Бекетай Артыкбаев.

Кытайда билим алып жаткан кыргызстандык студент Бекетай Артыкбаев чет өлкөдө окуунун жолдору, тил үйрөнүү, кытайлардын маданияты менен өзгөчөлүгү туурасында "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Чет өлкөдө билим алгысы келген жаштар абдан көп. Кытайда окуу шарты кандай?

Бекетай Артыкбаев: Негизи оңой эле. Азыр “Бир жол - бир алкак” демилгесинин нугунда Кытай гранттарды көп берип жатат. Көбүнчө университеттер өздөрү да буга кызыгат. Бул демилгеге кирген өлкөнүн жарандары ошол окуу жайына каражат берет. Өкмөттүн, ушул демилгенин, шаардык жана окуу жайынын өзүнүн гранттары болот.

“Азаттык”: Көп жаштар кайсы жол менен келишти билишпейт...

Бекетай Артыкбаев: Аны Интернеттен эле тапса болот. Мен маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан тапкам. Мамлекеттик гранттар боюнча атайын сынак өтөт. Сынак тапшырууга мен кечигип калгандыктан, келишимдик негизде окууга келгем.

“Азаттык”: Кытай тили эң татаал тил экени айтылат. Тилди үйрөнүү кыйын болдубу, канча убакытта өздөштүрдүң?

Бекетай Артыкбаев: Үйрөнүү кыйын деле болгон эмес. Анткени мен Бишкекте университетте бир жыл окугам. Кандай тил экенин, кайсы сөздү каерге коюш керек экенин, кандай сүйлөнөрүн бир аз түшүнүп калгам. Ал эми Бээжинде практика болду. Бул жакка келгенде айла жок, керектүү болгондо сүйлөп каласың. Аэоропорттон түшкөндөн баштап кытайча гана сүйлөшүң керек, калктын көпчүлүк бөлүгү англисче түшүнбөйт. Кытай тилинин дагы бир тоскоолдугу – бул жакта диалект көп. Бээжинде өзүнчө, борбордук диалектин путунхуа деп койот.

“Азаттык”: Диалектилерде өтө чоң айырма барбы?

Бекетай Артыкбаев: Түштүк жагын караганда чоң эле айырма бар, бири бирин түшүнбөй калышат. Бирок мамлекеттик мекемелер, мугалимдер, телеканалдар путунхуа менен сүйлөшү керек. Ушундай мыйзам чыгарып коюшкан. Бизде да анча-мынча орусча аралашып кетет го, буларда эки-үч тамга аралашып кетсе эле мааниси таптакыр өзгөрүп кетет.

“Азаттык”: Тил үйрөнүүгө канча убакыт кетет?

Бекетай Артыкбаев: Бул адамдын өзүнөн болот го. Эгер кызыгып келсе, каалоосу болсо жеңил болот. Окууга өтүп, бирок кыйналып, бир жыл тил үйрөнүп эле кетип калгандар да бар. Тил үйрөнүү абдан кызык.

“Азаттык”: Кытайда кайсы окуу жайында, кайсы адистикке окуп жатасың?

Бекетай Артыкбаев: Бээжиндеги Тоо-кен технологиялык университетинин бизнести башкаруу факультетинде окуп жатам. Окууну бүтүп сөзсүз түрдө Кыргызстанга барып иштейм.

“Азаттык”: Билим берүү жагында айырма барбы? Бизде бул тармак реформага муктаж, сапаты начарлап кетти деп көп сын айтылып жатпайбы?

Бекетай Артыкбаев: Бул жакта бир адистикке окусаң, ошону жакшы үйрөнүп чыкканга шарт түзүлөт, ошону гана окутат. Кыргызстанда тоо-кен инженериясында окусаң тарыхты, философияны, "Манас" таанууну, дин таанууну кошуп окуй бересиң. Бул жакта андай эмес. Кайсы адистикте окусаң, ошого тиешелүү гана сабактарды окушат, ошондуктан абдан сапаттуу адис болуп чыгышат.

“Азаттык”: Сени менен окуган башка да кыргыздар барбы?

Бекетай Артыкбаев: Мен окуган университетте эки эле кыргыз бар. Бул окуу жайында чет элдик студенттер аз. Биз менен кошо өткөндөрдөн мен жалгыз чет элдикмин. Өзүм да кытайга окшош болгондуктан көбү кыргыз экенимди деле байкабайт. Башында экзамен тапшырганда чет элдиктерге сөздүк колдонууга уруксат берилет. Мени кытай деп ойлошту окшойт, сөздүгүмдү да алып салган. Эч нерсе дей албай калгам.

“Азаттык”: Кытайга биринчи келгенде эмнеден кыйналдың эле?

Бекетай Артыкбаев: Мен күздүн башында келгем. Аябай ысык убак болчу, адам көп. Адегенде эле тамактан кыйналгам, эки жумадай көнө албай жүргөм. Бул жакта англисче да сүйлөшсө түшүнөт го деп ойлогом. Өзүм да кытай тилин кыйратпайт элем. Документтерди тапшырыш керек, катталыш керек, жатакана табыш керек. Үрүмчүдө аэропорттон түшкөндө эле кыйнала баштайсың. Тил жагынан гана кыйналбасаң, кытайлар чет өлкөлүктөргө жакшы жардам берет.

“Азаттык”: Кытайдын тарыхы бай, маданияты өзгөчө. Бат эле көнүп кеттиңби?

Бекетай Артыкбаев: Маданиятына тургай манераларына көнүп каласың. Башында кол чатыр көтөрсө, тырмак өстүргөнүн көрүп келгенде түшүнбөйсүң. Ар биринин мааниси болот. Буларда маданият менен тарых чогуу кеткен, андан менталитет кетет.

Кыргызстанда көбүнчө улгайгандарга орун бошотуп бересиң да. Кытайда жаштар, балдар отурат. Булар "балдар биздин келечек, аларды жакшы карашыбыз керек" дегендей мамиле кылышат. Карыларга орун берсең алар башкача ойлоп калышат. “Сен карысың, отур, чарчадың, менин күчүм бар, тура берем” дегендей кабыл алып, аягына чейин отурбай тура беришет. Башында ушундай майда-чүйдөнү түшүнбөйсүң, кийин билесиң.

“Азаттык”: Кытайлардан эмнени үйрөнүшүбүз керек?

Бекетай Артыкбаев: Иш тартибин, мыйзамды аябай сыйлашат, мыйзамдан чыкпайт, "болбойт" десе - демек болбойт. Булар үй-бүлөнү, тууганды аябай сыйлайт. Өтө баалуу нерсе. Бирок иште, бизнесте канчалык тууган болсо да кадимкидей кызматкер катары мамиле кылышат.

Кыргызстанда жумуш жетиде бүтсө жетиде чыгып кетишет, кытайлар жумушун бүтмөйүнчө отура беришет. Ошондуктан жумуш булардын экинчи үйү. Иш натыйжалуу болушу үчүн түштө укташат. Ошондой шарт түзүп беришкен. Мугалимдерге да атайын салкын бөлмөлөрдө керебеттер коюлган. Саат 11:30дан 13:30га чейин чоң тыныгуу болот. Ошол убакытта түштөнүшөт, укташат, жаңы күч алып алышат. Бирок ошол чын эле жардам берет. Бизде кандай? Жумуштун, сабактын аягында, акыркы сааттарда шалдырап, чарчап, бири-бирине да сүйлөбөй калышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG