Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кытайда окугуң келсе тилин үйрөн


Кытайдагы кыргыз студенттери.
Кытайдагы кыргыз студенттери.

“Азаттык” радиосу кыргызстандык жаштарга чет өлкөлөрдүн окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүсүн улантат. Бул жолу Кытайдагы окуу жайларга тапшыруунун жол-жоболору тууралуу сөз болот.

22 жаштагы Бегимай Абасбекова - Кытайдын Ухань шаарындагы Ухань окуу жайынын магистранты. Ал Кытай өкмөтүнүн стипендиясынын негизинде Кытайдагы үч окуу жайды тандап алган. Тандоо турунан өткөндөн кийин окуу жайы Бегимайга чакыруу жиберген.

Окуу аябай эле оор. Бирок окуу жайы студенттерге бардык шарттарды түзүп берген.

- Президенттик аппараттын сайтынан Кытай өкмөтүнүн стипендиясы тууралуу окуп калгам. Алгач тиешелүү документтерди тапшырдым. Экинчи турда англис, кытай тилдеринде маектешүү болду. Окуу аябай эле оор. Бирок окуу жайы студенттерге бардык шарттарды түзүп берген. Кытайда билим берүү системасы жакшы өнүккөнүн байкадым, - дейт ал.

Бегимай окуган Ухань университетинде 45 миңге жакын студент билим алса, анын 7% же 3000дейи чет өлкөлүк студенттер. Алардын үчөө кыргызстандык. Бегимай кытайлыктар чет өлкөлүк студенттерге жакшы мамиле кылышарын айтты.

- Чет өлкөлүк студенттерге мамиле абдан жакшы. Билбегениңди түшүндүрүп, катаңды оңдоп, ар убак жардам берип турушат. Окуу жайы ай сайын стипендия берет. Жатакана бекер.Тамак-ашка ар бир студент өз чөнтөгүнөн сарптайт. Анткени кытай тамагы баарынын эле табитине тууура келе бербейт.

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайлары кытай тилин окуп же Кытайдан билим алгысы келген чет өлкөлүк жаштарга ар түрдүү өкмөттүк, провинциялык, шаардык, университеттик, ректорлук, ишканалык, толук жана толук эмес бюджеттик негиздеги орундарды сунуш кылат. Бюджеттик орун боюнча азыркы убакта Кытайдын 279 жогорку окуу жайында ар түрдүү кесип боюнча билим алса болот.

Кытайдагы кыргыз студенттери. Архивдик сүрөт.
Кытайдагы кыргыз студенттери. Архивдик сүрөт.

Өкмөттүк деңгээлде Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү министрликтери 2015-жылы билим берүү тармагы боюнча келишим түзүшкөн. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жылына Кыргызстандын жарандары үчүн Кытай өкмөтү 23 гранттык орун бөлөт. Тандоо эки баскычтан турат. Биринчиси - кытай же англис тилинде эссе жазуу. Экинчиси - маектешүү. Маектешүүдө министрликтин, өкмөттүн өкүлдөрүнөн, жарандык активисттерден турган атайын комиссия талапкерлерди тандап алат. Быйыл да талапкерлер дал ушундай жол менен тандалат. Бирок конкурстун так датасы азырынча белгисиз. Толук маалымат Билим берүү министрлигинин edu.gov.kg. сайтына жайгаштырылып турат.

Кытайдагы ЖОЖдорго тапшыруу үчүн керектүү документтер:

1. Аттестат же диплом.
3. HSK жана HSKK сертификат (HSK - бул кытай тилин жазуу түрүндө өздөштүрүү боюнча сынак тапшырып, ошол боюнча кытай тилинин билүү деңгээлин аныктоочу сертификат. HSKK - бул кытай тилин оозеки түрүндө өздөштүрүү боюнча сынак тапшырып, ошол боюнча кытай тилинин билүү деңгээлин аныктоочу сертификат).
4. Кытайда окуу тууралуу дил баян же план;
6. Магистранттар үчүн доценттен же профессордон эки даана сунуш каты.

Кыргызстандагы Конфуций институту жыл сайын ондогон студенттерди Кытайга акысыз билим алууга жиберип жатат. Институт кытай тили боюнча HSK сынагына жыл сайын эки жолу даярдоо курстарын уюштуруп турат. Экинчиси февраль айында башталат.

Үмүт Култаева.
Үмүт Култаева.

​Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун тең төрайымы Үмүт Култаева Кытайда билим алыш үчүн HSK көрсөткүчү маанилүү экенин айтты. ​

- HSK тил билүү деңгээлине жараша бөлүнөт. Эгер алты айлык же бир жылдык тил курстарына окууну кааласа, анда HSK-3 болушу керек. Бакалаврга HSK-4төн кем болбойт. Магистратурага андан да жогору. Окууга тапшырып жатканда бул нерсе сөзсүз эске алынат.

Дүйнө жүзү боюнча 300дөн ашык Конфуций институттары жана 350дөн ашык Конфуций класстары ачылган. Кыргызстанда азыр Кыргыз улуттук университетинен тышкары Бишкек гуманитардык жана Ош мамлекеттик университеттеринде Конфуций борборлору ачылган.

Өкмөттүк программалардан тышкары Кытайга билим алууга жиберген жеке менчик же ортомчу ишканалар бар. Алардын жардамы менен Кытайга кеткен студенттердин так саны белгисиз.

"Perspective" билим борборун Кытайда окуп келген жаштар түптөгөн. Борбор алгач Кыргызстанда кытай тили боюнча курс уюштуруп, анын жыйынтыгында тилди мыкты өздөштүргөндөргө Кытайдын жогорку окуу жайына тапшырууга көмөктөшөт.

Компаниянын жетекчиси Нурсултан Кубанов Кытайда окуйм деген студенттерге жана алардын ата-энелерине кооптуу жагдайларды эскертип өттү:​

Чакыруу эки формада болот: 201 формасында стипендия бар, 202де стипендиясы жок.

- Айрым ата-энелер жана студенттер шашып, окуу жайы жиберген чакырууну такташпайт. Мисалы, чакыруу эки формада болот: 201 формасында стипендия бар, 202де стипендиясы жок. Мындан сырткары, ушундай эле документте жатакана, тамак-аш жана башка шарттар тууралуу да маалымат толугу менен камтылган. Ар бир ата-эне, студент адегенде маалымат топтоп, документтерди дыкаттык менен текшерип, тиешелүү суроолорду берип алышы керек. Бул Кытайга баргандан кийин күтпөгөн жана жагымсыз окуялардын алдын алат.

Кытайда окууну көздөгөн студент өзү каалаган окуу жайы менен түздөн-түз байланышса болот. Чет өлкөлүк студенттерге жарыяланган гранттык орундар же конкурс шарттары адатта окуу жайлардын сайттарында жайгаштырылып турат. Ал эми акча төлөп окуйм десеңиз, жылдык окуунун акысы ар кайсы окуу жайда ар түрдүү. Эң аз деген окуу акысы 10 миң юань же болбосо 1540 долларды түзөт. Андан башка жатакана, окуу китептери, тамак-аштын акысы ар түрдүү деңгээлде төлөнөт. Орточо эсеп менен бир жылга бардык чыгым 5000 долларды түзүп калышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG