Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:54

Кэролайн Куо: Кыргыз дүйнөсү тайвандыктар үчүн табышмак


Кэролайн Куо өзүнүн "Жибек Жолунун кесилишинде: Борбор Азиянын борбору Өзбекстан" деген китеби менен. Тайпейдеги эл аралык китеп көргөзмөсү, 2018-жыл.

Кэролайн Куо Тайвандагы өкмөттүк эмес "Тайпей Жибек Жолу" борборунун көркөм өнөр боюнча жетекчиси. Кэролайн айым бул уюмдун Борбор Азия элдеринин салттуу музыкасын жайылтуу максаты жана Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын чыгармачылыгы жөнүндө ой бөлүшөт.

“Шарк тароналари” же “Чыгыш аваздары” - Борбор Азиядагы ири эл аралык музыкалык фестивалдардын бири. Байыркы Самарканд шаарында 1997-жылдан бери өтчү бул фестивалдын максаты - улуттук музыка өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн жайылтуу, музыка жана вокал жанрындагы таланттарды колдоо, музыка аркылуу эл аралык байланышка салым кошуу.

“Кызыл гүл”, “Күлгүн жаш”, “Алымкан”. Кыргыздын салттуу музыкасы менен тааныштыгы бар чет өлкөлүктөр менен сүйлөшкөндө өзгөчө ушул үч ырды баса белгилешет.

Алардын бири тайвандык Кэролайн Куо болду. Кэролайн Куо - өкмөттүк эмес "Тайпей Жибек Жолу" борборунун көркөм өнөр боюнча администратору. Өзү айткандай, милдети - музыкалык жана маданий фестивалдарды өткөрүү. Ал үчүн Кэролайн Куо түрдүү эл аралык музыкалык фестивалдарды көз жаздымда калтырбайт. Кыргыз ырларын алгач ирет 2005-жылы байыркы Самаркандда “Шарк тароналари” же “Чыгыш аваздары” эл аралык музыкалык фестивалында Саламат Садыкованын аткаруусунда эшиткен.

- Мен биринчи жолу Саламат айымдын кандай ырдаганын 2005-жылы Самаркандда "Шарк тароналари" эл аралык музыкалык фестивалында көрдүм. Ушинтип Кыргызстан деген өлкөнү билдим. Саламат айымдын ырдаганы мага катуу таасир эткен. Ошондо аны менен таанышкам. Анан айымды Тайванга чакыргым келди. Андай мүмкүнчүлүк 2009-жылы пайда болуп, ал жана башка өнөрпоздор Тайванга келип кетишти. Кыргыз музыкасы абдан кызыктуу деп ойлойм. Комуз да кызыктуу аспап.

Ошондо Саламат Садыкова Регистан аянтына чогулган музыка ышкыбоздорунун алдында Бектемир Эгинчиевдин "Күлгүн жашын" созолонтот.

Насирдин Байтемировдун сөзүнө жазылган бул ыр бүгүнкү жаштар арасында көп деле популярдуу эмес. Алар жакшы билген “Алымкандын” музыкасы да Бектемир Эгинчиевге таандык экенинен да кабарсыз десем көп жаңылышпайм. Ал эми тайвандык конокту "Күлгүн жаш" эмнеси менен балкытты?

- Мен биринчи жолу Саламат Садыкованы сахнада көргөндө, анын аткаруучулук чеберчилиги, ырдоо манерасы, үндү дем албай узакка созгону аябай таң калтырган. Бул Саламат айым дем албай 20 секунддан ашык убакыт ырдайт дегенди билдирет. Мен муну эсептеп көргөм. Анан Саламат айым менен жакындан таанышкандан кийин ага инсан катары суктануум ого бетер күчөдү. Менин оюмча, ал ырчы катары да абдан кызыктуу инсан. Ал чечкиндүүлүк жана тайманбастык менен аракеттенбесе, музыка дүйнөсүндө карьера жасай албайт болчу. Мүнөзүндөгү чечкиндүүлүк жана өзүнө болгон бекем ишеним үчүн мен Саламат айымды “Тянь-Шандын ханышасы” деп атагам. Кайраттуу мүнөзүнө, ырдоо манерасына жана музыкалык табиятына карап, мен аны Тянь-Шандын ханышасы деп сезем. Ал, чындыгында эле, Кыргызстандын маданий элчиси.

Саламат Садыкова - Кыргызстандын маданий элчиси! Кэролайн Куонун бул сөзү кыргыздын салтуу ыр-күүлөрүн, искусствосун тышкы дүйнөгө алып чыккан ар бир өнөрпозго да тиешелүү десек ашыкча болбос!

Байдылда Сарногоев айткандай, 1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвадагы декадасында Мыскал Өмүрканова “Алымканды” алты мүнөт созгондогудай окуяны Самарканддын жылдыздуу түнүндө “Күлгүн жашты” уккан ар түркүн өлкөлөрдөн келген меймандар баштан кечиргендир.

2000-жылдардын баш ченинде маркум Нурак Абдрахманов кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев менен Прагада өнөр көрсөтүшкөндө чехтер муюп угуп, концерттен соң овацияга бөлөшкөн.

Нурак байкенин үнү комуздун коштоосунда ободо көкөлөгөндө Эл аралык америка мектебинин чоң класстарынын окуучулары үнсүз магдырып, ыракатка батканын көргөндө толкундангандан көздөн жаш кылгырган. Атай Өмүрзаков робот баланын бийин аткарып, чех булбулу Люция Билла башындагы жюрилердин жашын аарчыткандачы?

Куо: Кыргыз дүйнөсү тайвандыктар үчүн табышмак
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:08 0:00

Албетте, Атайдын попинг стилиндеги бийи бүгүнкү жаштардын жашоо ыргагы, музыкалык табити менен шайма-шай келет жана бийдин тили табияты боюнча ал универсалдуу.

Ал эми манасчы “Манас” айтканда же Саламат Садыкова чет элдиктерге кыргыз тилинде ырдаганда угарманды үндүн тембри тербетип, ырдын мазмуну сезим деңгээлинде кабыл алынат. Ошон үчүн музыка тилдик тоскоолдукту бузуп өтүп, угармандын дилине сезим аркылуу таасир этет, деп түшүндүрдү Кэролайн Куо:

- Ооба. Бирок, мен музыка адамдардын сезимин чагылдырат деп ойлойм. Биз да музыканы жүрөгүбүз менен түшүнгөнгө аракет кылабыз. Менин оюмча, музыка кайсы бир деңгээлде тилдик тоскоолдуктарды жеңип, угармандын сезимин козгойт. Албетте, ырды жана эпостогу окуяларды түшүнүш үчүн биз көп окушубуз керек; бири-бирибиз жөнүндө көп үйрөнүшүбүз керек. Мен өзүм "Манас" китебин жана Кыргызстандын тарыхына байланыштуу башка да китептерди сатып алдым. Менин кызматыма ылайык, биздин элге Борбор Азиянын ар түркүн маданияты жана тарыхы тууралуу жеткиликтүү кылып айтып берсек, эки жакты туташтырчу көпүрө курган болор элек деп ойлойм.

Кэролайн Куо "Тайпей Жибек Жолу" борборунун жетекчилеринин бири катары көркөм өнөр боюнча эл аралык фестивалдарды жана конференцияларды уюштурат.

- Ушинтип Тайвандын элинин дүйнө маданиятын билишине салым кошом. Биз сырткы дүйнө жөнүндө канчалык көп билсек, дүйнө элдери менен кантип достошконду да билебиз. "Тайпей Жибек Жолу" борбору - жеке менчик уюм. Маданий борбор Жибек Жолун бойлогон Кыргызстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрү менен маданий кызматташтыгын ургалдуу жүргүзүшүн каалайбыз. Анткени Тайванда бул чөлкөм тууралуу көп билишпейт. Болбосо Борбор Азиянын маданияты жана тарыхы аябай бай; мурда байланыш күчтүү болгон. Ошого Борбор Азиянын маданиятын Тайванда жайылткым келет. Биз ушундай максатта "Жибек Жолу" маданий борборун түзгөнбүз.

Кэролайн айым кыргыздардын манасчылык жана акындык өнөрлөрүн тайвандыктар үчүн бейтааныш дүйнөсү катары сыпаттады.

- Тайванда поп-музыка жана Батыштын классикалык музыкасы абдан популярдуу. Биз баарыбыз бир чөлкөмдөн - Азияданбыз. Ошол эле учурда башка Азия өлкөлөрү тууралуу аз билебиз, билимибиз да чектелүү. Иш жүзүндө Азия өлкөлөрүнүн маданияты өтө бай жана түрдүү салааларга бөлүнгөн. Биздин элге ошол чети оюлбаган маданий дөөлөттү кеңири тааныштыруу - менин максатым. Бул жалаң музыка эмес. Манасчылык жана акындык өнөр - биздин эл үчүн эч алмашкыс улуу маданий мурас. Ошон үчүн "Манас" айтууну жана акындык өнөрдү ЮНЕСКО "мааниси көөнөргүс маданий мурас, шедевр" деп таанып жатпайбы. Ошондуктан мунун баарын Тайвань элине эң мыкты жолдор менен жеткиргим келет.

Тайванда уюштурулган кыргыз өнөрпоздорунун концертинин афишасы.
Тайванда уюштурулган кыргыз өнөрпоздорунун концертинин афишасы.

​Кэролайн айым кыргыздардын салтуу музыкасын мекендештерине тааныштырыш үчүн Саламат Садыкова баштаган өнөрпоздорду эки жолу Тайванга алып да келген.

- Мен кыргыз музыкасын жана өнөрпоздорунун концертин Тайванда эки жолу уюштурдум. Бизде андан башка мүмкүнчүлүк деле болбоду. Мындан мурда тайвандыктар кыргыз музыкасын концерттик залда отуруп угушкан эмес деп ойлойм. Ошондуктан мурда адамдардын реакциясы кандай болгону жөнүндө эч нерсе айта албайм. Ал эми 2017-жылдын январь айындагы концертке келген көрүүчүлөргө Саламат айымдын ырдаганы, аткаруучулук чеберчилиги абдан жакты. Комузчу да угуучуларды көңүл кош калтырбады. Ошон үчүн бизде кыргыз өнөрпоздорун Тайванга мындан ары да чакыралы деген ой бар. Биздин тайвандык музыканттарды кыргызстандыктарга тааныштыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Өнөр адамдарын алмашууну дагы кеңейтебиз деген үмүттөбүз. Мунун аркасы менен Тайвань эли кыргыз маданиятын жакшы билип калат деп ойлойм.

Тил маселеси бөтөн элдин ыр-күүлөрүн, музыкасын түшүнүүгө жолтоо болбойт. "Бирок манасчылар эмне окуяны баяндап жатканын тайвандыктар кантип түшүнүштү?" деген суроомо Кэралайн айымдын жообу мындай болду:

- Ооба, музыка өзү керемет болгону менен тил проблемасы бар. Биз элге ыр эмне жөнүндө экенин, кыргыз музыкасынын өзгөчөлүгү жана “Манас” эпосунун мазмуну тууралуу айтып бергенге аракет кылабыз. Албетте, келечекте “Манас” тууралуу дагы көп маалымат бере алабыз. Себеби, адамдар эпос жөнүндө кенен-кесир маалымат алып, көп билгиси келет. Бирок манасчылар эпостон үзүндүлөрдү кыргыз тилинде айтышат. Бул абалдан чыгыш үчүн Манас тууралуу китептерди таап окуганга туура келди. Кытай тилин үйрөнүп жүргөн студент бизге жардамдашты. Саламат айымдын кызы Махабат көп жардам берди. Ал англис тилин жакшы билет.

Кэролайн Куо айым Өтмөк ашуусунда. 2017-жыл.
Кэролайн Куо айым Өтмөк ашуусунда. 2017-жыл.

​Кэролайн Куо өзү да Кыргызстанга эки жолу келип, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп, кээ бир музыканттар менен таанышкан.

- Мен Кыргызстанды көп деле кыдырбадым. Ысык-Көлдүн тегерегин кыдырып чыктым, Ошто жана Таласта болдум. Керемет кооз Ысык-Көлдү жана көк тиреген тоолорду көргөндөн кийин кыргыз музыкасына табияты менен жашаган жери кандай таасир эткенин түшүндүм. Музыка эл байырлаган жердин, табиятынын өзгөчөлүгүн, Жер эненин мүнөзүн чагылдырат деп ойлойм. Менин оюмча, Кыргызстан аябай кооз өлкө. Ошон үчүн музыкасы да аябай кооз. Мага мунун баары жагат.

Кэролайн Куи айым Тайванда уюштурган концерттердин бири.
Кэролайн Куи айым Тайванда уюштурган концерттердин бири.

Ал эми Саламат Садыкованын репертуарындагы кайсы ырлары ички дүйнөсүнө жакын экенин сурасам, Кэролайн айым береги үч ырдын атын кыргызча жаңылбай атады.

- Саламат айымдын жакшы ырлары абдан эле көп. Мени “Күлгүн жаш” деген ыр аябай толкундаткан. Андан тышкары “Кызыл гүл” жана “Кыргыз жери” деген абдан популярдуу ыр жагат мага. Бул ырларды Саламат Садыкованын визиттик картасы деп атаса болот. Менин угушумча, “Кыргыз жери” эл арасында улуттук гимндей популярдуу экен.

Европалыкпы, америкалыкпы, Кэролайн Куодой Чыгыш Азияданбы, аларга мазмунуна өз заманынын демин, маанайын жана энергиясын сыйдырган кыргыз ырлары сезим деңгээлинде жакканы бир жагынан сыймыктандырса, бир жагынан жандырмагы белгисиз табышмак.

Мындай сыйкырлуу жана табышмактуу, Мыскал Өмүрканова сыяктуу элдик ырларды “созуп ырдоонун жаңы ыкмасын, жаңы боёкторун ачкан” (Б. Алагушовдун аныктамасы) Кыргыз эл артисти Саламат Садыковадай таланттар дүйнөгө Кэролайн айымдай меценаттардын көмөгү менен тартуулашууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG