Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:38

Жараткандан түшкөн ыр же Керубининин мурасы


Шумерлердин шаар-мамлекетти Урдагы "Тынчтык" штандартындагы лира ойноп жаткан киши. Болжол менен б.з.ч. 2500 жыл.

XVIII жана XIX кылымдардын тогоолунда жашаган Луиджи Керубининин чыгармачылык мурасы кимге таандык экенин Италия менен Франция бүгүн да талашып жүрөт.

Композитордун 1817-жылы алгач ойнолгон «Реквиеми» Людвик Ван Бетховен тарабынан мыкты деп бааланып, улуу немис композиторунун керезине ылайык, анын тажиясында ойнолгон.

Симфониялык музыканын керемети

Симфониялык оркестрдин концерти алдында залда өзгөчө атмофера түзүлөт. Жүздөй музыкант орундарын ээлеп, концертмейстр же “оркестрдин биринчи скрипкачысы” оркестрдеги кээ бир аспаптардын туура күүлөнгөнүн текшерип угат.

Хор сахна үстүндөгү галереяда кыркалекей тизилет.

Залдагы көрүүчүлөр демин ичине алып, жакшы уюган айрандай болк этпей, сахнага тигилишет. Алар шыпылдай басып келген дирижёр колундагы чыбыгын (пюпитр) шилтесе эле, зал бир ажайып дүйнөгө айланчудай абдырашат.

Мына дирижёр элге ийилип, таазим этти да артына бурулуп, уй мүйүз тартып отурган музыканттарды тиктеп катып калды. Пюпитр кармаган колу асманда. Зал тыптынч. Дирижёрдун колу толкун үстүндө калкыган чардактай жай кыймылдай баштады.

Грузиянын улуттук опера жана балет театрынын хорундагы сексен ырчынын үнү улам катуулап, залдын ичин бирде толкундай каптаса, бирде басаңдап, буга чейин өкүм сүргөн жымжырттыкты кубалай баштады.

Хор жана оркестр. Рудольфиниум концерттик залы. Прага.
Хор жана оркестр. Рудольфиниум концерттик залы. Прага.

Алар Луиджи Керубининин “Реквиемин” аткарууда. Керубини теги италиялык, бирок өмүрүнүн көбүн Францияда жашаган көйгашка композитор. Ал жазган “Реквием” алгач 1817-жылы 21-январда Парижде аткарылган. Өлбөс чыгарма тууралуу Тбилисидеги Палиашвили атындагы улуттук опера жана балет театрынын хорунун хормейстри Автандил Чхенкели:

- Биз бул чыгарманы бир ай даярдадык. Европа музыкасында башка да мындай чоң формадагы кантата-ораториялык жанрлар бар. Жоаккино Россининин вокалдык-симфониялык чыгармасы Stabat Mater бар. Жузеппе Вердинин “Реквиеми”, Моцарттын “Реквиеми”. Вердинин жана Моцарттын реквиемдери биздин репертуарыбыздан түшпөй жүрөт. Бирок Луиджи Керубининин “Реквиемин” биринчи жолу аткардык. Биз, Вердинин жана Моцарттын “Реквемдерин” айтпаганда, көбүнесе опера менен алекпиз. Луиджи Керубининин “Ревиеми” техникалык жактан өтө чебер жазылган жана угармандын сезим кылдарында ойногон чыгарма. Ал филиграндуу жазылгандыктан өзүнө кылдат мамилени талап кылат. Мизансценалар, кыймылдар абдан көп. Ошого ар бир нюансын сактоо үчүн ырчылар өтө астейдил болууга тийиш. Анүчүн бизге үнүбүздү катуураак чыгарып ырдоого туура келди. Нотада эки форте бар жерде биз, орой айтканда, 1,5 форте менен ырдадык. Себеби, Керубининин “Ревиеми” өтө чоң кылдаттыкты талап кылган назик чыгарма. Билесиз, операнын хору абдан шаңдуу аткарылат.

Луиджи Керубини аталган “Реквиемди” (Си минор) улуу Француз революциясы тактан шыпырып түшкөн падыша Людовик XVIны эскерүү зыяпаты үчүн заказ менен жазган. Людовик абсолюттук бийлигинен баш тартып, 1791-жылы Франциянын биринчи Конституциясын кабыл алып, конституциялык монарх болуп калат. Бирок Людовик XVI “кан күсөгөн” ыңкылапчы - революционерлердин кылычын кынына салдыра албай, 1792-жылы гильотинада башы алынат.

Керубининин жанды бириктирчү "Реквиеми"

Бүгүнкү (26-сентябрь) грузиялык ырчыларды «Чех виртуоздору» камералык оркестри коштоп жатат. Прага филармониясынын Рудольфинум концерттик залындагы концертте дирижерлук пультта - орто муундагы белгилүү италиялык дирижер Вольтер Аттанзи турду. Дирижер менен концерттен соң Луиджи Керубининин “Си Минор реквиеми” тууралуу маектештим:

- Бул классикалык доордун бир керемети. Ошон үчүн “Реквием” Керубининин репертуарындагы жана классикалык музыканын репертуарындагы эң көп ойнолгон шедеврлерге кирет. Луиджи Керубини (1760-1842) өзү эки реквием жазган: Requiem in С minor (Реквием № 1 с-moll) for mixed chorus жана Requiem in D minor (Реквием № 2 d-moll). Менин оюмча, Requiem in С minor - абдан идеалдуу чыгарма. Ошон үчүн биз бүгүн угармандарга ушул гана чыгарманы ойнодук, башкасын эмес. Себеби, бул чыгарма компактуу, анда тереңдик да бар. Композитор реквиемде классикалык техниканы ушунчалык бийик деңгээлде айкалыштыра алган. Кээ бир ыргактар бүтүндөй бүгүнкү заман менен үндөшүп турат деп айтса болот. Ошол эле убакта Керубини бул чыгармада өлүм тууралуу универсалдуу проблеманы камтыйт.

Вольтер Аттанази (оң жактан экинчи) Ватикандагы концерттен кийин. 26.09.2013
Вольтер Аттанази (оң жактан экинчи) Ватикандагы концерттен кийин. 26.09.2013

Реквиемдин тексти католицизм канондоруна ылайык латын тилинде. Жузеппе Верди (1813-1901) өз шедеври - “Реквиемде” Керубининин чыгармасындагы ыргак, мотивдерди башка жол менен улантат. Музыка сүйүүчүлөр ошондой эле В. Моцарттын “Реквиемин” (1756-1791) жана И. Брамстын (1833-1897) “Немис Реквиемин” (Ein deutsches Requiem) жакшы билишет. Аталган реквиемдер өз тереңдиги менен ар кимди, ар кандай адамдарды бириктирет; адамдар бул шедеврлер аркылуу бириккенге аракет кылышат. Луиджи Керубининин “Реквиеми” да адамдарга кандайдыр бир өлчөмдө дем, импульс берет. Аны угуп жатканда, инсандын, деги эле аял - эркектин мээси метафизикалык моментти баштан кечирүүгө тийиш. Музыка ошентип медитациялык милдетти аткарат. Ким да болсо, музыканы угуп чыккандан кийин анын таасири астында кала берет.

Ал эми Автандил Чхенкели "Реквием" жөнүндө:

- Луиджи Керубинин чыгармасынын өзү сулуулук, нукура шедевр. Анын чыгармаларында толкундануу, ички толгонуулар, ый-кубаныч - деги кишинин жан дүйнөсүн уйгу-туйгу кылчу бардык нерселер бар.

Луижи Керубини (1760-1842)
Луижи Керубини (1760-1842)

Луиджи Керубининин аял жана эркек үндүү хорго жана оркестр үчүн жазылган береги “Реквиемин” Людвик ван Бетховен абдан жогору баалаган. Бетховендин керезине ылайык, улуу композитордун тажиясында дал ушул Керубини жазган "Реквием" ойнолгон. Бул “Реквием” ысымы чолпон жылдыздай жанган композиторлор Р. Шуман, И. Брамс, Г. Берлиоз, Ж. Вердини да суктандырган.

Бирок эскичил католик диниятчылары Керубинин “Реквиемде” эркектерге катар аялдарды да ырдатканын динге акарат келтирүү деп баалашып, чыгарманы чиркөөдө аткарганга тыюу салышкан. Болбосо, IV кылымда Рим империясында христиан дини мамлекеттик динге айлангандан тартып эле чиркөөлөрдө музыка ойнолуп, профессионал ырчылар ырдай баштаган.

Отец Иосиф: Ырларыбызды олуя аталар жазган...

Шыгыр ырдоо салты эзелтен эле грузин ортодокс чиркөөсүндө да бар. Бул көөнө саамалык тууралуу Прагадагы грузин ортодокс чиркөөсүнүн башчысы- отец Иосиф мындай деди:

- Ыр өзү грузин чиркөөсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Биздин грузин православ чиркөөсүндө бардык ибадат - литургиялар башынан аягына чейин ырдын коштоосу менен өтөт. Үч үндүү грузин өлөңү - өтө байыркы ыр. Ал үч үн менен ырдалганы үчүн литургияны башка ортодокс, атүгүл католик диндерден бизди өзгөчө кылып турат. Биздин диний ырларыбыз үч үндүү болгону үчүн полифонияга жакындап кетет десек болот. Биздин ырларыбызды карт замандарда олуя аталар жазган.

Грузиндердин чиркөөдө үн созуп ырдоосу - хоралл улуттук музыканын көөнөрбөс дөөлөтү болуп саналат. Адистердин айтымында, грузин хораллынын каймактап уюган кези X–XI кылымдарга туура келет жана IX кылымда эле грузин чиркөөсүндө “ырдаганды үйрөтүү илими” же теориялык усулу болгон.

Керубини, Моцарт, Вердинин классикалык канондогу реквиемдеринин баарында хор латын тилинде ырдайт. Ал ырдын тексти менен таанышсаңыз, христиан болобу, мусулман болобу, жөөт болобу, индус болобу, бутпарас болобу, баары тең жаратканга жалбарып, күнөөсүн кыямат кайым күнү кечирип, жазанын жеңилин берүүнү сураганын, ар бир пенде чексиз кудуреттүү Жараткандын алдында алсыз экенин моюнуна алганын көрөсүз.

Грузин диниятчысы, отец Иосифтин айтымында, динзарлар чиркөөдө созолонтуп ырдап Кудай менен байланышат:

- Литургия башталган учурда динзарлар, диниятчылар жана ырчылар Жараткан менен ыр, үн аркылуу байланышат. Бул жан дүйнөнүн керемет кубулушу. Ыйык аталар айткандай, ыр - Ыйык рухтан (дух) же Кудайдан башат алып келет. Ыйык аталардын сөзүнө караганда, ыр деги Ыйык рух аян берип, Ыйык рух айтып жазылат. Киши ырдын коштоосунда ойлонот, ибадаттарды жеңил аткарат. Кандайдыр бир мистика болуп, киши жерден өйдө көтөрүлөт. Ою, дити, дили менен бийик көккө көтөрүлөт.

Мусулмандардагы зикир чалуу, суфий ырларын музыканын коштоосунда аткаруу салты-кавва́ли христинадардын грузиялык диниятчы айткан жөрөлгөсүнө үндөшүп кетет.

Аттанази: Музыкада чек ара жок

Италиялык дирижёр Вольтер Аттанази руханий музыканы атактуу композитор Иоганн Себастьян Бах да жазганын, диний музыка менен дүниябий же кадыресе музыка ортосунда эч айырма жоктугун айтты:

- Диний музыка кадыресе музыка сыяктуу эле. Деги эле музыканын аткарылышы: “Эмне кыласың?”, “Аны качан кыласың?” дегенге окшош. Жузеппе Вердинин “Реквиеми” универсалдуу чыгарма. Ар бир католик динзары “Реквиемден” өз маанайына ылайыктуу полифонияны табат жана ар бир адам бул музыканы угат. Музыканы билген, сезген адамдар, кээ учурда бүгүнкүдөй концертке биринчи жолу келгендер жандуу музыканын жыштыгын, ыргагын, ритмин сезет. Мен СD табагына жазылган эмес, оркестр жана хор аткарган жандуу музыка жөнүндө айтып жатам. Ушундай жол менен адамдар биригет. Биз ошол маалда кишинин денесинде кандайдыр бир физиологиялык өзгөрүү болуп жатканын билбейбиз. Бирок да уккан ырдын тексти жана музыка эргүү берип, кээ бир ыргактар, ритмдер, ой жорумдар жаралат. Ушинтип музыка кишинин ички дүйнөсүн жаңы абалга, жаңы деңгээлге коёт. Диний жана дүниябий музыка ортосунда дубалга окшош чек ара жок. Чек араны биз өзүбүз коёбуз. Себеби кимдир бирөө кайсы бир чыгарманы чиркөө үчүн ойноп бергенди сурайт. Бирок сен музыканы каалаган жериңде ойной бересиң да. Мен да Ватиканда Рим католик Папасы үчүн дирижерлук кылгам. Музыкада чек ара жок. Чек ара композитор өз чыгармасы аркылуу адамдарга кандай ачкыч бергенине ылайык.

Дүйнөнүн мыкты симфониялык оркестрлери менен иштеп жүргөн Вольтер Аттанази музыка адамдарды динине карап бөлбөсүн, музыканы кабылдоо кишинин өскөн чөйрөсүнө, маданиятына байланыштуу болорун кошумчалай кетти:

- Бүгүнкү концертте Ислам деген араб досум да болду. Ал концерттен аябай ыракат алыптыр. Музыканы кабыл алуу ар бир кишинин өзүнө, кандай чөйрөдө өскөнүнө, маданиятына, дүйнөгө болгон ачыктыгына байланыштуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG