Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 09:03

Кыргыз-кытай газ кууру: кыжалат кылган келишим


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт «Кыргызстан-Кытай» газ куурун сала турган кытайлык компания менен курулуш иштерин такташа баштады. Долбоордун курулушу 2019-жылы старт алат деп белгиленген.

Бирок адистер мурдагы келишим өзгөртүлбөй жатканын, анда Кыргызстандын пайдасы так жазылбай калганын эскертишүүдө.

Түтүк түшө турган Чоң-Алайдын тургундары кытай тарап убада берген социалдык пакеттен качып жатканын билдирүүдө.

Даярдыктын башталышы

«Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай» магистралдык газ куурунун бир бөлүгү болуп саналган «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүн куруучу «SINO-Pipeline International Company Limited» компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү кабыл алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев менен Мэн Фанчунь.
Мухаммедкалый Абылгазиев менен Мэн Фанчунь.

Жолугушууда алар долбоордун курулушуна тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан тараптардын кездешүүсү боюнча видеодо Абылгазиевдин жана Фанчундун сөздөрү берилген эмес.

Алар эмнени сүйлөшкөнүн аталган бөлүмдүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов кыскача айтып берди.

“Мэн Фанчунь долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, айыл чарба жана токой чарба өндүрүш жерлерин пайдалануудан жана андан келип түшкөн пайданы жабуу үчүн компенсацияларды төлөп берүү менен газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жатканы тууралуу айтып берди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин жана биргелешкен күч-аракетте анын ишке ашырылышы өз мөөнөтүндө, бардык экологиялык, техникалык ченемдердин жана эл аралык стандарттардын так сакталышы менен сапаттуу камсыздаларына ишеним билдирди”, - деди Эсенгулов.

​“Кыргызстан-Кытай" газ куурун куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтүнүн ортосундагы келишимге 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюлган. Алгач курулуш иштерин баштоо 2016-жылга пландаштырылган.

Куурдун Тажикстандагы линиясын бүткөрүү кечеңдегенден улам, кытай тарап Кыргызстандагы жумушун да артка жылдырган. 2017-жылдын аягында гана “Кыргызстан-Кытай” линиясынын курулушу 2019-жылы башталары дайын болгон. Долбоордун мөөнөтү үч жылдык экенин эске алсак, курулуш иштери 2022-жылы бүтүшү керек.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин энергетика бөлүмүнүн башчысы Марат Жээнбеков буларга токтолду.

“Кытайлар өздөрү иштеп чыккан базалык долбоор бизге келип түшкөн. Ал Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинде экспертизадан өтүп жатат. Экспертиза аяктаса, башка кагаздары толук бүтсө, керектүү документтерин алышса, курулуш иштери быйыл жайда же күз айларында башталышы мүмкүн”.

Алты жыл мурдагы келишимде долбоордун жалпы наркы бир жарым миллиард доллар деп көрсөтүлгөн. Азыр анын суммасы 1,2 миллиард деп белгиленген. Каржыны толугу менен Кытай чыгарат.

Кыргызстандын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымга созулат, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Түтүктүн диаметри 1219 мм. жана жумуштук басымы 12 mPa көрсөткүчкө жетет.

Куурдун маршруту Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондоруна туура келет. Тагыраагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен аяктайт.

Киреше жана убада

Бирок адистер түтүктү курууда Кыргызстандын кирешеси так көрсөтүлбөй калган келишимдер менен иш башталып жатканын, аны өзгөртүү зарылдыгын эскертишти.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов былтыр да ушул маселени көтөрүп, өкмөттү кескин сынга алган. Саясатчы алтургай газ кууру түшө турган жерлер Кытайга сатылып кеткенин, аны кийин Кытайдын аскерлери кайтарарын да билдирип чыккан.

Бул пикирлерин Мамбетов “Азаттыкка” дагы кайталады.

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

“Мурда да айткам, дагы деле айтам, эгерде биз кытайларга уруксат берсек, Алай өрөөнүн өзүбүз колдоно албай калабыз. Анткени бул газ түтүгү өткөн, 50-100 диаметрдей жерди Кытайдын куралдуу күчтөрү коргоого алат экен. Алай өрөөнү экиге бөлүнүп, бир жактан экинчи жакка адамдарды өткөрбөйт экен. Биздин бийликтегилер, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюп жаткан учурда эч ким менен кеңешпей, макулдук берип коюптур. Жогорку Кеңеш ыкчам түрдө ратификация кылып салган. Келишимде биз ала турган пайда да жазылган эмес. 2018-жылы биз чатак салып, чуу көтөргөндө бийлик “Кыргызстан жылына 30 млн. доллар алат” деди. Кийин кыйкырык дагы күчөгөндө “жылына 75 миллион алабыз” деп айтышкан. Бирок ошол сумма келишимдин бир дагы пунктунда жазылган эмес. Андан да жаманы келишимдин 7-пунктунда “эгер кытайларга керек болсо, биз курулуш жолу менен түтүктү кеңейтүүгө уруксат беребиз” деп жазылган. Кытайлар куруп баштаганда эле “мындан башка нерселерди да курушубуз керек” деп чыгаары бештен белгилүү да. Албетте бул келишимди кайра караш керек. Анүчүн ратификацияны жокко чыгарыш керек. Бирок азыркы парламент бийликтен, мурдагы президент Атамбаевден көз каранды экенин эске алганда ишеним жок.

Мамбетов Кытай газ өткөрүп жаткан ошол эле Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда жергиликтүү компания түзүлүп, куурларды өздөрү курушканын айтууда. Мындан улам аталган өлкөлөр миллиарддаган кирешелерди көргөнүн кошумчалайт.

Энергетика комитетинин жана кытайлык компаниянын жетекчилеринин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 19-апрель, 2019-жыл.
Энергетика комитетинин жана кытайлык компаниянын жетекчилеринин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 19-апрель, 2019-жыл.

​Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитетинин өкүлү Марат Жээнбеков бул жүйөгө мындайча жооп берди.

“Ооба, коңшу өлкөлөрдө газ өткөрүү боюнча биргелешкен компаниялар түзүлгөн. Бирок курулушка ал өлкө өзүнүн акчасы менен кирет. Маселен долбоор 1 млрд. болсо, өлкө 500 млн. доллар, теңме-тең салым кылышы керек. Бизде деле ушундай ниет болгон. Тилекке каршы биз келишим түзгөн убакта, азыр деле бюджетибизде дефицит болуп турса, биз кайсы акчабызды салабыз? Кытай тарап, акчаңар жетишпесе насыя берели дешкен. Насыя алсак, кайра эле анын пайызын төлөп жатмакпыз. Ошондуктан бул боюнча түзүлгөн атайын комиссия жөн гана жерди убактылуу пайдаланууга берип, ижара акы алуу чечимине келишкен. Бул жерде Кыргызстан жерге өзү эле ээлик кылат, 35 жыл убактылуу пайдаланууга гана берип жатат. Жер аларга менчикке берилбейт, Кытай тарап газ түтүкчөлөрүнө гана ээ болот. Транзит үчүн жана башка төлөмдөр үчүн өзүнчө салык эсеби ачылат да, алар бизге акы төлөй баштайт. Анын суммасы жылына өзгөрүп турат. Биринчи жылы азыраак болот, экинчи жылы андан көбүрөөк, кыскасы ташылган газдын көлөмүнө карап чечилет. Үч жылды курулушка чыгарсак, 32 жыл үчүн каражат беришет. Ошонун орточо эсебин эске алсак жылына 50-60 миллион доллардай каражат түшүп турат”, - деди ал.

Жээнбеков ошондой эле аз куурун кайтарууну Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары же жеке менчик уюмдары камсыз кыларын, курулушту ишке ашырууда жумушчулардын 80% Кыргызстандан тартыларын кошумчалады.

Ал мындан сырткары газ куурлары жердин асты менен гана өтөрүн жана Алай, Чоң-Алай райондорунун аймагын экиге бөлбөй турганын билдирди. Анын айтымында, курулуш аяктагандан кийин долбоордун ээси анын үстүн кайра айдоого же башка максатта пайдаланууга ыңгайлаштырып берет.

Газ куурдун Кыргызстандын аймагынан өтчү маршруту. Болжолдуу линия.
Газ куурдун Кыргызстандын аймагынан өтчү маршруту. Болжолдуу линия.

Жолду бойлой курулган түтүк жайыттарды жана айдоо аянттарын басып өтөт. Кытайлык компания үлүштөрүнө курулуш түшүп жаткан адамдарга буга чейинки үч жылдык мөөнөт үчүн (2016-2018) жана келерки алты жыл үчүн (2019-2024) компенсация төлөп берген.

Бирок жергиликтүү тургундар кытай тарап башында убада кылган социалдык пакеттер боюнча айткандарын аткарбай жатканына нааразы болушту.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну Арапбай Тагаев мындай деди:

Чоң-Алай районунун тургундары.
Чоң-Алай районунун тургундары.

“Мага маселен, 37 сотых жерим үчүн алгачкы үч жылга 122 миң сом, келерки алты жылга 316 миң сом төлөп беришти. Кыртышына карап, башкалар менен башкача эсептешти. Элдин үлүш жерлерине компенсация төлөп бергени боюнча маселе жок. Бирок башка үч көйгөй бар. Биринчиден, биз сугат башталган учурда казылган жерлерден экинчи тарапка сууну кантип алып өтөбүз, муну жакшылап караш керек. Экинчиден, кайра калыбына келтирүү иштери жүргөндө маселелер чыкпаса эле болду. Дегеним жердин алды таш да, аны казгандан кийин кайра топурак-ташын аралаштырып туруп толтуруп салышса бизге кыйын болот. Үчүнчүдөн, булар алгачкы жыйналыштарда социалдык пакеттин эсебинен, маселен Жарбашы айылына таза суу, Дароот-Коргон айылына бала бакча, бир айылга ФАП, бирине дагы бирдемелерди куруп беребиз дешкен. Азыр эми аны айтпай, качып жатышат. Биздин районго канча төлөйт аны да уккан жокпуз. Мына ушул маселелерди бийлик эске алышы керек”.

Кытайлык «SINO-Pipeline International Company Limited» компаниясы газ куурларын куруу жана аны ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда "Trans-Kyrgyz Gas Pipeline International Company Limited» ишканасын түзгөн. Жумуштар ушул компания аркылуу жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG