Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Абылгазиев Мэн Фанчунь менен «Кыргыз-Кытай» газ түтүгүнүн курулушун талкуулады


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Мэн Фанчунь.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Мэн Фанчунь.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «SINO-Pipeline International Company Limited» компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунь менен «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулушун талкуулады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул долбоор «Борбор Азия-Кытай» магистралдык газ түтүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстандын аймагы менен өтчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 километрди, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Газ түтүгү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG