Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 03:41

Газ келишими: Кыргызстан утулдубу?


Иллюстрациялык сүрөт.

Саясий чөйрөдө Кыргызстан аркылуу түркмөн газын алып өтүү боюнча Кытай менен макулдашуунун шарттарын кайрадан карап чыгуу демилгеси көтөрүлдү.

Мурдагы вице-премьер-министрлер Базарбай Мамбетов менен Абдрахман Маматалиев келишимдеги газ транзити үчүн мамлекетке түшө турган пайданы так аныктап, улуттук коопсуздукка шек келтире турган жагдайларды оңдоону сунуш кылышты.

Алар келишимдин шарттарын кайрадан карап чыгуу үчүн атайын мамлекеттик же депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрүштү. Бул келишимди 2013-жылы парламенттин мурдагы чакырылышы бекиткен.

Аталган чакырылыштын депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков келишим улуттук кызыкчылыкка төп келерин айтып, айрым майда кемчиликтерди кошумча протоколдор менен оңдоп койсо болорун билдирди.

Пайдасы так эмес келишим

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов 2013-жылы сентябрь айында түркмөн газын Кыргызстан аркылуу Кытайга алып өтүүнү караган макулдашуу боюнча маселе көтөрдү.

Келишимдин шарттары менен таанышкан Базарбай Мамбетов анда Чоң-Алай жана Алай райондору аркылуу өтө турган газ транзити үчүн акынын өлчөмү так аныкталып, көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.

Базарбай Мамбетов кыргыз тарап Кытай менен газ транзити боюнча коңшуларга караганда, бир топ ыңгайсыз келишим түзгөнүн мисал келтирди:

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- Казакстан менен Өзбекстан Кытай түркмөн газын сатып алып өтүшү үчүн өздөрү газ куурларын куруп, пайдалана турган компанияларды түзүшкөн. Алар өз аймагы аркылуу өткөн газ түтүктөрүн салып, газ транзитин камсыздап, анын акысын алат. Казакстандын "Казтрансгаз" компаниясы 1000 чакырымдай газ куурунан алынып өткөн газ транзитин жылына 1 миллиард доллардан ашуун акчага баалашыптыр. Биз да өзүбүздүн компанияны түзүп, газ куурун салсак, анда ошол 224 чакырым үчүн Кытай бизге 300 миллион долларга жакын акча төлөп бермек. Бирок биз менен болгон келишимде Кыргызстан үчүн пайдалуу боло турган ошондой шарттар каралбай калган. Биздин бийлик Кара-Мыктан Эркечтамга чейинки жерди пайдалануу укугун берип, ошону менен чектелген.

Кытай түркмөн газынын төртүнчү бутагын Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү көздөгөн. Долбоордо бул газ кууру Тажикстандан Кыргызстанга кирип, Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынан Алайдын Кытай менен чектешкен Эркечтам аймагына чейинки жалпы узундугу 224 чакырымды ичине камтыйт.

Базарбай Мамбетов бул келишимдеги газ куурун коргоо тилкесине байланыштуу шарттарды кооптуу жагдай катары баалады:

- Иш жүзүндө газ кууру өтүп кеткен жердин баарына Кытайдын компаниясы ээлик кылат. Анткени келишимдеги газ кууру өтө турган жердеги туурасы эки жагынан 150 метрди түзө турган коргоо тилкесинин шарттары кооптондурат. Ал жердеги жергиликтүү эл ал аймак аркылуу бир жагынан экинчи жагына өтө албай калат экен. Кытайдын компаниясы ал жерге куралдуу кайтарууну камсыз кылууну өзүнө алат экен. Анда "Куралдуу кайтаруу" деп жазылып турат. Кыргыз тарап болсо, аны пайдаланууга да, кайтарууга да эч кандай кийлигише албай калат экен. Буга чейин коомчулукка анча белгисиз болуп келген келишимдин шарттары ушундай экен. Аны карап жатканда парламент деле үн катпастан бекитип берип коюптур.

Башка бир мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Мамбетовдун көтөргөн маселеси маанилүү экенин айтып, ал келишимдин шарттарында коррупциялык коркунучтар болушу мүмкүн деп шекшийт. Ошондуктан Маматалиев бул үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылды:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Бул маселе бир аз кечирээк көтөрүлүп жатат. Бирок бул маселе аябай туура коюлду. Анткени мында коррупциялык шек жараткан жагдайлар бар. Бул иш жогорку жетекчилер менен сүйлөшүлүп, анан ал жактан буйрук түшүп, келишимге кол койгула деген, анан ошого карата эч нерсесин карабай туруп, колдоп берип, ага кол коюшкан. Азыр тез арада бул маселени кайра карап чыгып туруп, мамлекеттик комиссия же депутаттык комиссия түзүп, келишимдин шарттарынын кесепеттерин иликтеш керек. Себеби келишимде чынында эле газ алып өтүш үчүн транзиттик акынын өлчөмү так аныкталып, көрсөтүлбөй калган. Бул жерде газ транзитинин пайдасы жана коопсуздук маселеси бар. Бул долбоор ишке киришкенге чейин келишимди кайрадан карап чыгып, ошол маселелерди жөнгө салуу зарыл.

"Атамбаевди айыптоо туура эмес"

Кыргызстан аркылуу өтө турган газ кууру боюнча келишимге мурдагы президент Атамбаевдин учурунда, 2013-жылы Шанхай шаарында кол коюлган. Макулдашуу 35 жылга түзүлүп, газ куурун салыш үчүн пайдаланууга бериле турган жердин жалпы аянты 810 гектар деп көрсөтүлгөн.

Анда газ куурунун Кыргызстан аркылуу өтчү бутагынын узундугу 224 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзөрү бекитилген. Ал жылына 30 миллиард чарчы метр жаратылыш газын алып өтүүгө ылайыкташа турганы айтылган эле. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жакында парламенттин Бюджет жана каржы комитетинде бул газ куурунан Кыргызстан жыл сайын 75 миллион доллар пайда табарын билдирген. Бул келишимди бекиткен парламенттин мурдагы чакырылышынын депутаты Исмаил Исаков анын шарттары пайдалуу болгонун айтып, ага мурдагы президентти айыптоо туура эмес экенин белгиледи:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Газ түтүгүн өздөрү куруп, анан ал үчүн мамлекетке акча төлөгөндүн эмнеси жаман? Мында Кытайга жер берүү тууралуу сөз жок. Газ түтүгү кайсы бир мамлекеттин аймагы аркылуу өтүшү биринчиден экономикалык жактан пайдалуу. Анан ошол газды сатууга же алууга көз каранды мамлекеттер менен мамиле түзүүдө да мыкты рычаг болуп берет. Азыр эми "жамандайт" десе эле мурдагы президент Атамбаевге негизсиз жерден айып коюу туура эмес. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, бул маселеде Атамбаев Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн, пайдалуу чечим кабыл алган. Ошондуктан терең талдап туруп, парламент муну колдоп берген. Анан ал келишимде "газ түтүктөрүн кайтарыш үчүн Кытай куралдуу аскерлерин киргизет" деген шарт жок болчу. Андай болушу мүмкүн эмес. "Атамбаев жерди берип салыптыр" деген чындыкка коошпойт. Чынында бул келишим аябай пайдалуу келишим болот.

Комитеттин түшүндүрмөсү жана башы ачыла элек жагдай

Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитети Алайга курула турган кытай газ кууру жөнүндө массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан кабар боюнча түшүндүрмө берди.

Билдирүүдө айтылгандай, “Кыргызстан-Кытай” газ куурун куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашуу 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.

Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар жана ал толугу менен чет элдик инвесторлор тарабынан курулат. Долбоор Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-КЭР газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал куурдун кубаттуулуугу жылына 30 млрд. куб метрди түзөт, түтүктүн диаметри 1219 мм жана жумуштук басымы 12 mPa көрсөткүчкө жетет. Кыргызстандын аймагында куурдун узундугу 215 чакырымды түзөт.

Комитет белгилегендей, буга жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамынын негизинде берилген жана эч качан чет элдик компаниянын менчигине өткөрүлбөйт. Участкалар 35 жылга убактылуу пайдаланууда турат жана куурлар гана долборду ишке киргизген компаниянын менчиги болуп саналат.

Улан Рыскулов.
Улан Рыскулов.

"Газ куурлары жердин асты менен кетет жана Алай, Чоң-Алай райондорунун аймагын экиге бөлбөйт. Курулуш аяктагандан кийин долбоордун ээси анын үстүн кайра айдоого же башка максатта пайдаланууга ыңгайлаштырып берет.

Газ куурун кайтарууну Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары же жеке менчик уюмдары камсыз кылат. Курулушту ишке ашырууда жумушчулардын 80% Кыргызстандан тартылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен бул маселеде айрым жагдайлардын башы ачык бойдон турат. Себеби Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов Кыргызстан жыл сайын 75 миллион доллар пайда табарын айтканы кайсы документке негизделерине кызыкканыбызда бул тууралуу маалымат кийин бериле тургандыгын айтты.

Жалпы маалымат

Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков буга чейин “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт. Газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен аяктайт.

Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-кытай газ куурунун курулушу 2019-жылы башталып, долбоор боюнча үч жылда бүтө турганы көрсөтүлгөн. Курулуш долбоорунун баасы 1,2 миллиард долларга бааланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG