Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүүнү көздөгөн долбоордун мөөнөтү боюнча протоколго өзгөртүү киргизилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөткө караштуу Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди. Жаңы протоколго ылайык, Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт.

- Протоколго долбоорду куруу жана ишке ашыруу мөөнөтү боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мурунку келишимде каралган мөөнөт объективдүү себептерден улам кечигип жатат. Ал биздин өлкөдөн көз каранды эмес. Мисалы, Түркмөнстанда газды өндүрүүдө маселе пайда болду. Ошондой эле куур бизге Тажикстан аркылуу келет. Тажикстандагы линия бүтпөй калды. Анткени абдан оор аймактарда курулуш жүрүп жатат. Ошондуктан биздин өлкөнүн аймагындагы курулуш иштери да жылдырылып жатат, - деди Алымбек Орозбеков.

Орозбеков кошумчалагандай, протоколго киргизилген өзгөртүүлөр президент Сооронбай Жээнбеков кийинки айда Кытайга барганда талкууланат.

Кыргызстандын аймагы аркылуу газ куурун салуу боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган. Анда курулуш иштери ошол эле жылы башталып, 2016-жылы аяктай тургандыгы каралган эле. Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар. Долбоор Түркмөнстандын газын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга сатууну максат кылат. Газ куурунун Кыргызстандагы узундугу 215 чакырымды түзөт. Кыргыз-кытай газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен бүтөт.

Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүүнү көздөгөн долбоор 8-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинде талкууланды. Анда өкмөт Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы протоколго өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган. (КE/BkA)

XS
SM
MD
LG