Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

"Чет элдик жумушчулар кетип, иш токтоп калды". Тигүү цехтери квотаны көбөйтүүнү суранууда


Коллаж
Коллаж

Бишкекте өткөн апта соңунда болгон башаламандыктардан кийин бир нече тигүү цехи чет өлкөлүк жумушчулар кетип калып, иш токтоп калганын айтып чыгышты.

Кыргызстандын тигүү тармагына соңку жылдары Пакистан, Индия жана Бангладештен жумушчулар көп келе баштаган. Кыргызстандын жеңил өнөр жайындагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өткөн жылы 62% өскөн.

"Жумушчуларыбыз кетип, ишибиз жүрбөй калды"

Бир нече жылдан бери тигүү тармагында эмгектенип келе жаткан ишкер, "Чебер" ишканасынын жетекчиси Назгүл Иманакунованын цехинде 18-майдан бери иш токтоп турат. Сезон учурунда беш эмес, бир күн иштин токтоп калуусу жумушка чоң таасир тийгизерин белгилеген ишкер абалдан чыгуунун айласын издеп жатыптыр. Бул жерде иштеген 40тан ашуун жумушчунун 18и - Пакистандын жарандары тополоңдун эртеси мекенине кайткан:

"Ден соолугунан, коопсуздугунан кооптонуп баары бир күндө эле кетип калышты. Мен 300 чарчы метр жерди ижарага алып, 18 кишинин ишин эсепке алып, 6 миңге жакын товарды буюртма алып койгон элем. Алар күтүүсүздөн кетип калышты, эми алган буюртманы кантип чыгарабыз, каяктан жумушчу табабыз, негизи эле эмне кылабыз деген ой менен отурабыз. Бул цехте иштеген жумушчулардын жарымы мыйзамдуу түрдө, атайын Кыргызстан бөлгөн квотанын негизинде бир жылдык келишим менен келишкен. Бир бөлүгү Кыргызстанда жумушу жок жүргөн пакистандыктар болгон. Аларды деле мыйзамдаштыруу боюнча аракет көрүп жатканбыз. Бирок акыркы учурда рейд жүрүп жаткандыктан, квота, легалдаштыруу иши бир аз токтоп турган болчу. Биз дагы ошол убакытт күтүп жатканбыз. Азыр коопсуздуктан улам мыйзамдуу келгендер деле өлкөдөн чыгып кетишти. Алардын айрымдары бул жак кооптуу болуп калганын айтып, "биротоло кеттик" десе, кээ бирлери "3-4 ай байкап туралы, жагдайга жараша көрөбүз" деп кетишти".

"Фейк маалыматтар басымдуулук кылды"

"Чебер" ишканасы аялдардын кийимдерин тигип, товарын негизинен Орусияга жөнөтөт. Ишкер чет өлкөлүк жумушчулардын өлкөдөн чыгып кетишине ошол күндөрү социалдык тармактарда жана өз ара WhatsApp группаларда жалган, фейк маалыматтардын тарашы дагы себеп болгонун айтат.

"Окуя болгондон кийин биздин социалдык тармактарда гана эмес, чет элдиктердин өз ара тайпаларында фейк маалыматтар же башка жактан эле алынган видеолор аябай көп тарады. Булар ошондон чочулады. Кыргызстандын өзүндө окуянын чоо-жайын айтып, "чындыгында окуя мындай болду" деген маалыматтар чыккан менен, тил билбестиктен улам толук түшүнүп, ишене алышкан жок. Булар өздөрүнүн тайпаларындагы маалыматтарга жалган болсо дагы көбүрөөк ишенип жатышты. Ошол учурда англис тилинде дагы маалыматтарды чыгарыш керек беле деп ойлоп калдым", - дейт Иманакунова.


Кыргызстанда тигилген товарлардын сапатын жогорулатуу жана өндүрүштү өстүрүү максатында түзүлгөн "Үлгү жана ийгиликтүү ишкерлер" тобуна учурда 400дөй тигүү цех мүчө. Бул топтун негиздөөчүсү, ишкер Нурзат Алимырзаеванын белгилешинче, соңку окуялардан кийин чет элдик жумушчуларды иштеткен 60тан ашуун тигүү цехи ишин убактылуу токтоткон. Ишкер Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагында жумушчу күчү жетишпегендиктен, чет өлкөлүктөр тартылып жатканын айтып берди:

"Көбүнчө чет өлкөлүк жумушчулар иштеген цехтер убактылуу болсо дагы жабылып калышты. "Үлгү жана ийгиликтүү ишкерлер" деген топко дагы бүт маалыматтарды айтып жатышты. Айрымдары жумушчулары кетип калганын чалып айтышты, анткени көпчүлүккө жарыя кылгылары келбейт. Легалдуу келип иштеп жаткандар деле коркуп, кетебиз деп калышыптыр. Алгач 57 цех, эртеси 17си убактылуу жабылып жатабыз деп айтышты. Сезон учурунда ушундай болгону бул өтө эле олуттуу маселе".

Ишкер жумушчуларга шарт түзүп берүүнү суранууда

Күнүгө бул маалда иши кызыган Асел Алмерекованын цехинде дагы учурда эки-үч киши калыптыр. Мында иштеген 20дан ашуун пакистандык коопсуздугун ойлоп шаардын сыртына чыгып кетишкен. Мындан улам бул ишкананын иши да беш кундөн бери токтоп турат. Алмерекова бийликтегилерге кайрылып, чет элдик жумушчуларга берилген квотанын санын көбөйтүүнү, бул жакта иштеп жаткандардын мыйзамдуу иштешине шарт түзүүнү суранып жатат:

"Мына, цехибиз азыр бош, убактылуу болсо дагы бош. Бул окуя бизге абдан терс таасирин тийгизди. Орусиялык кардардан буюртма түштү эле, дароо баш тарттык. Анткени алар айткан мөөнөткө тигип жетишпейбиз. Азыр рулондорду беребиз. 18инен бери иштебей турат. Менде 20дан ашык пакистандык иштечү, алардын ичинде тигүүчү, үтүкчү, таңгакчысы дагы бар болчу. Азыр экөө кайтып келди. Экөө өлкөсүнө чыгып кетти. Калгандары жок. Мен буларды мыйзамсыз жүрөт деп дагы айткым келбейт, анткени алар өз өлкөсүндөгү эле адамдарга алданып калышкан. Буларды жабырлануучу деп айтар элем. Буларды эки айлык деп алып келип, ишканага каттап, өздөрү жок болуп кетишкен. Бизге жумушчу жетишпегендиктен гана буларга муктаж болуп жатабыз. Буларга деле кыргыз жумушчуларга төлөгөндөй төлөйбүз. Жумасына же он күндө 15-18 миң сом алышат".

Бишкектеги тигүү цехтеринин бири. 23-май, 2024-жыл
Бишкектеги тигүү цехтеринин бири. 23-май, 2024-жыл

Тигүү тармагы жумушчуларга муктаж

Тигүү тармагы – миңдеген жумуш орундары менен камсыз болгон Кыргызстандагы экономиканын маанилүү бөлүгү. Буга чейин тармакка жумушчу күчү керектиги айтылып келген. Акыркы жылдары Пакистан, Индия жана Бангладештен жумушчулар көп келе баштаган.

Өкмөт 2024-жылга чет элдик эмгек мигранттарынын квотасын 25 миңге жеткирди. Быйыл жыл башынан бери 5322 кишиге жумушка уруксат берилген.

Мурдагы жылы мындан 50% аз же 16610 квота берилген болчу.

Расмий маалыматтарга карасак, квотанын 63% өнөр жай, курулуш жана транспорт тармагына берилген. Тоо-кен тармагы менен соода, тейлөө жана ишкердикке 13% жана 14% туура келет.

Иш жүзүндө Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик мигранттардын саны каралган квоталардан жана расмий катталгандардан алда канча көп экени айтылат. Эмгек мигранттарына бөлүнгөн квотадан тышкары миңдеген чет элдиктер студенттик жана ишкердик визалар менен жүрүшөт.

18-майга караган түнкү Бишкекте жана Чүйдөгү зордук-зомбулук менен коштолгон окуяларды күч органдары иликтеп жатат. Милициянын маалыматы боюнча жаалданган топтор Бишкектеги алты жатаканага жана Чүйдөгү бир тигүү цехине кирип барып, чет элдиктерди ур-токмокко алган. Жалпысынан 20 киши кармалып, айып тагылганы белгилүү болду. Алардын төртөө чет өлкөлүк жарандар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG