Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

"Чет элдик студенттер бюджетке салым кошууда"


 Эл аралык жогорку медициналык окуу жайы. Бишкек
Эл аралык жогорку медициналык окуу жайы. Бишкек

Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент бар. Басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Анын 10 миңдейи ОшМУда. Алар жашаган жатаканаларды азыр милиция кайтарып, кабатырланууга негиз жок экенин билдирди.

Бишкекте университет жетекчилери маалымат жыйын куруп, чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыздоо аракети көрүлөт жана аларга шарт түзүлөт деп убада берди.

"Кооптонууга негиз жок"

Индиядан келип, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуп жаткан Сардар Бишкектеги окуяларды алгач интернет булактарынан көргөн. Ал 5-курста окуйт, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, түшүнгөн үчүн бардык жаңылыктарды окуп турат.

Сардар
Сардар

“Мен ал телефондон көрдүм. Индиядан атам, апам чалып, "Индияга келе бер" дешти. Менин Ошто, Бишкекте досторум бар, алар чалып, "коркпой эле кой, бир нерсе болсо бизге чал" дешти. Окуу жайдагы мугалимдер да түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал окуя Бишкекте бир-эки күн болуп, анан токтогонун апамдарга айттым. Атам менен апам коркуп жатышты. Мен досторум менен дүкөнгө, алар жашаган батирлерге барып жүрдүм, Ош шаары тынч. Бирок башында корктум. Эжекелер менен сүйлөшкөндөн кийин баары жакшы болгонун билдим”.

ОшМУнун дагы бир студенти Делиф да Индиядан келген. Ал Ошто тынч экенин айтып берди:

Делиф
Делиф

“Ошто анчалык көйгөй жок. Кооптонуга эч кандай негиз жок. Бирок бизде буга чейин ар кандай маалыматтарды угуп чочулагандар көп болду”.

Окуу жайдын коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Нурлаким Арзиев чет элдик студенттерге миграция мыйзамдары, жергиликтүү менталитет жана башка боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келгенин айтып жатат.

“Бул окуя болгонго чейин эле студенттерди чакырып, милиция кызматкерлери тиешелүү кызматтар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз”.

Оштогу чет элдик студенттер
Оштогу чет элдик студенттер

Бишкектеги тополоңдон кийин дароо эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгы коопсуздукту алдын алуу үчүн чет элдик студенттер жашаган жатаканаларды, окуу жайларды тыкыр кайтарууга алганын шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсатар Табакалов билдирди:

"Ошол окуядан кийин чет элдик студенттер жашаган аймактарда тескөөчүлөр, атайын кызматкерлер карап, шаардагы бардык чет элдик студенттердин коопсуздугу көзөмөлдө турат. Ош шаардык милициясына буга чейин эч кандай арыз-даттануу түшкөн жок".

Ош мамлекеттик универстетинин ректору Кудайберди Кожобеков чет элдие студенттер бир эле окуу жайга эмес, шаардын экономикасына дагы, жергиликтүү элдин өзүнө деле чоң пайда берип жатканын айтты:

Кудайберди Кожобеков
Кудайберди Кожобеков

“Буларды бир эле ОшМУнун казынасы үчүн пайда алып келип жатат деп айтууга болбойт. Булар Ош шаарынын экономикалык, социалдык абалын чыңдап жатышат. Булар жашаган аймактардын айланасындагы дүкөн иштеткендер, тамак жасап саткан жайлар, такси кызматы, андан сырткары туризм тармагына да салым кошуп жатат. Мына, күн ысып калды, шаардын айланасындагы кооз жерлерге барып эс алышат. Ошондуктан булар шаарга да пайдалуу кишилер".

Ош мамлекеттик медициналык окуу жайы
Ош мамлекеттик медициналык окуу жайы

Бишкекте ректорлор маалымат жыйын курду

18-майга караган түнү Бишкекте чет өлкөлүк студенттер жашаган жатаканага кол салуу болгондон үч күн өткөн соң Билим берүү министрлиги жана университеттердин жетекчилиги маалымат жыйын курду. Алар соңку окуяны айыптап, анын кесепетинен окуу жараяны үзгүлтүккө учураганын билдиришти. Кыргызстан эл аралык университетинен бул тополоңдон кийин 1,2 миң студент мекенине кайтканын айтышты.

Аталган окуу жайда сырттан келген 3 миңдей студент окуйт. Алардын дээрлик 90% пакистандыктар экенин окуу жайдын президенти Асылбек Айдаралиев айтты:

“Биздин студенттердин көңүлү чөгүп турат. Эми алар окуй алышпайт. Биз баарын аралыктан билим окууга өткөрдүк. Окуунун бүтөөрүнө 20-25 күн калды. Андан ары сынактар башталат. Алар "биз кете берели" деп жатышат. Эми алар кайра кайтып келишет деген ниеттебиз. Бүтүрүүчү курстардын студенттери калышты. Алар окуусун улантышат. Көбүнесе кенже курстагылар кетип жатышат. Биз тоскоолдук дагы кылган жокпуз. Күч менен калтыра албайсың. Бизге өтө чоң сокку болду. Быйыл абитуриенттерди топтош үчүн Пакистанга атайын делегация жөнөтүш керек болот окшойт”.

Кыргызстандагы окуу жай жетекчилери пакистандык студенттердин коопсуз шартта билим алышы үчүн аракеттерди көрүүнү убада кылышты.

Азыр атайын чара иштелип жатканын, анда студенттердин онлайн окуусуна шарт түзүү, коопсуздугун камсыздоо жана кыргыз коомуна интеграциялоо сыяктуу маселелер бар экенин билдиришти. Бул жаатта кыргыз өкмөтүндө атайын жыйын болуп, Бишкектеги тополоңдо жабыркаган чет өлкөлүк студенттерге кенемте төлөп берүү каралып жатканы белгилүү болду.

Жыйында Бишкекте болгон тополоңдо зыян тарткан чет өлкөлүк студенттер жашаган жатакананы калыбына келтирүү жана алардын билим алуусу, жергиликтүү жогорку окуу жайларга чет элдиктерди тартуу маселеси талкууланган. Бул каражат кандай төлөнөт жана качан болот, азырынча жарыялана элек.

Эл аралык жогорку медициналык окуу жайы. Бишкек
Эл аралык жогорку медициналык окуу жайы. Бишкек

"Медакадемиянын бюджетинин 80% чет элдик студенттердин эсебинен толот"

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбеков чет элдик студенттердин ишенимин кайтаруу - башкы маселе экенине токтолду:

“Биринчи, экинчи, үчүнчү курстардын студенттерге эгер кете турган болсо, алардын сынактарын жылдыруу маселеси турат. Ата-энелери абдан кооптонуп жатышат. Алардын ордуна өзүбүздү коюшубуз зарыл. Биз бүгүн коомдук абал турукташканын айтып атабыз. Бүгүн да акырындап алар көчөгө чыгып баштады. Ага биздин өзүбүздүн студенттерибиз, мугалимдерибиз, баары жардам берип атышат. Күзүндө келеби же келбейби, баары бизден көз каранды. Бул 20-30 жылдан бери жасалып аткан жумуш. Ошонун жыйынтыгында кыргыз өлкөсүнүн образы ушул өлкөлөрдө билим хабы сыяктуу, ошол жерде сырттан келген студенттерге мамилеси абдан жакшы деп ушундай түзүп келгенбиз да. Ушул беделди биз жоготуп албашыбыз керек”.

Медицина багытында билим алууга келген студенттер Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында да арбын. Жалпы саны 3 миңге чамалайт. Эң көбү Пакистан, Индия, Бангладештен келгендер. Белгилүү болгондой, чет элдик студенттердин жылдык окуу акысы 3 миң доллардан кем эмес.

Индира Кудайбердиева
Индира Кудайбердиева

“Бул жакта жашап, медицина жаатында билим алган чет элдик студенттер көптөгөн дивиденддерди алып келишет. Алсак, медициналык академия бюджетинин 20% гана мамлекеттен алат, калган 80% чет элдик студенттердин каражатынан түптөлөт. Бизде болуп жаткан курулуштар, биздин жергиликтүү студенттер сапаттуу билим алыш үчүн колдоно турчу жабдыктарды дал ошол акчага сатып алабыз. Мындан улам Пакистандан, Индиядан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер биздин өлкө жакшы, меймандос, аларга каршы эч нерсебиз жок экенине ишенишпесе, анда кетип калышат. Албетте, биз аны каалабайбыз”, - деди Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова.

Бишкек. 20-май, 2024-жыл
Бишкек. 20-май, 2024-жыл

"Коопсуздугу каралышы керек"

Чет элдик студенттерге шарт түзүү, алардын коопсуздугун камсыздоо маселеси 20-майда парламентте да көтөрүлдү. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков:

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлар чет өлкөдөн келген студенттердин эсебинен байып, бир топ иштерин жасап алды. Мисалы, Ош мамлекеттик университети инфраструктурасын жакшыртып алды. Анткени чет элдик студенттердин көбү – 15 миң 654 чет элдик студент ушул жакта окуйт экен. Алардын көбү Индия, Пакистандан келгендер. Эми аларга ушундай мамиле кыла берсек Казакстан менен Өзбекстанга кетип калышы мүмкүн. Окуу жайлар студенттердин акчасын алып байыганды билет. Бирок эмнеге алардын коопсуздугун карабайт? ИИМ менен же коопсуздукту караган компаниялар менен келишим түзүп иштеш керек болчу”, - деп айтты.

Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент бар. Басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алууга Индия жана Пакистандан келгендер.

Маселен, Кыргызстандагы эң ири окуу жайлардын бири болгон Ош мамлекеттик университети эл аралык медицина факультетин ачып, ага Индия жана Пакистандан студенттер көп келе баштаган. Университет ошонун эсебинен инфраструктурасын бир топ жакшыртып алган.

18-майга караган түнү болгон башаламандыктан кийин бул сыяктуу окуу жайлар чет жерлик студенттердин келишине жол бөгөлүп калбайбы деп кооптонуп турат.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG