Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Айтматовго таасирленген чет элдик студенттер


Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенти маданий иш-чаралардын биринде. Архивдик сүрөт.
Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенти маданий иш-чаралардын биринде. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын басымдуусу медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Алардын 5 миңге жакыны Бишкектеги Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинде окуйт. Учурда окуу жай коопсуздуктан улам онлайн окутууга өттү.

Медицина мектеби чет элдик студенттердин коопсуздугуна жана алардын адаптация болушуна кандай көңүл бурат, ушул жаатта кеп кылабыз.

"Коопсуздугубуз каралса"

Пакистандык Мухаммад Бишкектеги 5 миңге чукул чет элдик студент билим алып жаткан Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенти. Ал Кыргызстанга келген үч жыл ичинде кыргызча ырларды жаттап, ырдап жүрөт.

Мухаммад.
Мухаммад.

"Мен кыргыз ырларынан Мирбек Атабековдун "Мурас" аттуу ырын эле эмес башка да бир канча ырларды билем. Менин мугалимим да бир ирет окуу жайда сураганда кыргызча жана орусча жаттаган ырларымды жакшылап ырдап бергем. Мурда эки айга каникулга өз өлкөмө барып келгенде да бир кыргызча ырды жаттай келгем".

Мухаммад соңку чуулгандуу окуя мындан кийин кайталанбаса деп турат. Ал үчүн коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтууда. Студент пакистандыктар менен кыргызстандыктарга жакындаткан жалпылыктар алдыда ынтымакка себеп болсо деген ойдо:

"Мен Кыргызстандын көп жерин кыдырдым. Кыргызстандын элинин мүнөзү да жакшы, абдан сыйлайм. Пакистандыктар беш маал намаз окушса бул жерде да мусулмандар басымдуу. Анан эле кечээ көчөдө болгон соңку мушташка түшүнбөй турам. Албетте жакшы-жаман адамдар Кыргызстанда да, Пакистанда да бар. Биздин өлкөдөн келгендер бул жерде жашап, окуп жатат. Бирок алар өлкө экономикасына пайда эле алып келет. Анткени алардын жашаганы, күнүмдүк баскан-турганы баары эле акча да. Азыр эми чуулгандуу окуядан кийин бизге милиция кызматкерлери жакшы жардам берип жатат. Эми Пакистан жана Индияга кетип жаткан студенттер кайра бир-эки айдан кийин келиши мүмкүн. Бирок ошол учурда да азыркыдай коопсуздугубузду карап жардам беришсе деген ойдомун".

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби 2003-жылы жеке жактардын аракети менен түзүлгөн. Мекеменин Бишкек шаарындагы башкы корпусунан сырткары Чолпон-Ата шаарында да окутуучу филиалы, мындан сырткары борбордо клиникалары бар.

Бул жерде Индия, Пакистан, Ооганстан, Непал жана башка өлкөлөрдүн жарандары дарылоо адистиги боюнча беш жыл билим алат. Ошондой эле ординатура, докторантура боюнча да программалар жүргүзүлөт. Студенттердин басымдуу бөлүгүн индиялык жана пакиcтандыктар түзөт.

Бишкектеги студенттер.
Бишкектеги студенттер.

Мугалимдердин айтымында окуу жайга жаңы кабыл алынган студенттердин алгач адаптациясына көңүл бурулат. Мында окугандар медициналык билим алуудан сырткары Гуманитардык сабактар кафедрасынан кыргыз элинин тарыхы, тили, маданияты, салты боюнча да маалымат алат.

"Түшүнбөстүктү гана сөз кылбашыбыз керек"

3-курста окуп жаткан пакистандык Нармин окуу жайдагы "Түндүк" студенттик коомунун мүчөсү. Ал өлкөдөгү медициналык окуу жайлар арасында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышып турат.

Нармин.
Нармин.

"Биз окуу жайда сабак окуудан сырткары маданий иш-чараларга да катышып турабыз. Маселен, кыргыз тили күнү башатаган белгилүү майрамдарга Кыргызстандагы башка медициналык окуу жайларынын студенттери менен бирге катышып турабыз. Жергиликтүү досторубуз меймандос, биз да аларга жакшы мамилебизди көрсөтөбүз. Жакын арада болуп өткөн окуя боюнча айтсам, биз бул жерде жаралган түшүнбөстүк жөнүндө гана сөз кылбашыбыз керек. Мен бул жагдайда Кыргызстандагы жакшы адамдарды, билим берген мугалимдерибызди эске алгым келет. Бизге коңшуларыбыз да буга чейин жардам берип келген, азыр да жардам берип жатат. Азыр укук коргоо органдары тарабынан кырдаал көзөмөлгө алынып, баштапкы абал калыпка түшүп келе жатат. Ошондуктан эми студенттер тынчсызданбашы керек деп ойлойм".

Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери.
Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери.

Окуу жайда акыркы жылдары "Ырдайлы кыргыз ырларын" аталышындагы фестиваль өткөрүлүп келет.

Буга чейин бул окуу жайдын айрым студенттери өлкөгө кеңири тараган "Манас таануу" интеллектуалдык сынагына да катышкан.

Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери.
Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери.

"Манасты" жаттап, Айтматовдун чыгармаларын окушат

Окуу жайдагы мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова чет элдик студенттердин кыргыз маданиятына, тарыхына кызыгуусу күч дейт.

Рима Зайыркулова.
Рима Зайыркулова.

"Медицинаны үйрөнүп жатып дагы "Манасты" жаттап, үйрөнүшкөн. Андагы каармандарды таанып, эпостун идеясынан да сабак алышты. Мындан сырткары жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган долбоордо калемгердин чыгармаларын кыргыз тилинде окуп, айрым чыгармаларын сахналаштырышты. Бул сынакта да өлкөдөгү медициналык бир канча окуу жай катышкан. Анан акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы боюнча да саамалыктар өтүп, акындын ырларын жатташкан. Бир студент кызыбыз байгелүү орунга илинген. Ошондой эле кыргыз тарыхын билүү максатында студенттерди "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине зыяратка алып барып, гүлчамбар коюп, куран окуйбуз. Репрессия курмандыгы болгон кыргыз агартуучулары менен тааныштырабыз. Бул иш-чаралар да жыл сайын өтүп, салтка айланып калган".

Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери "Ата-Бейитте".
Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери "Ата-Бейитте".

"Биздин окуу жайдан студенттер кете элек"

Анткени менен чет жерден келген студенттердин көбү дале коопсуздугунан санаркап турушат. Окуу жайдын Дарылоо иши факультетинин деканы Айнура Сатаркулова студенттердин коопсуздугу тууралуу буларды айтты:

Айнура Сатаркулова.
Айнура Сатаркулова.

"Биздин окуу жайда окуп жаткандан кийин биз мындагы студенттердин коопсуздугуна жооп беребиз. Бул жаатта декандын орун басары Анаркул Шигаев 24 саат бою иштейт. Студенттердин коопсуздугуна кандайдыр бир коркунуч жаралса ал дайым байланышта болот. Азыркы учурда биздин балдардын эч кимиси жараат алган жок. Жогорудагы окуялардан кийин азырынча жатаканаларда болуп турат. Бирок азыр студенттер сыртка чыгып, иштерин, сабактарын бүтүрүп жүрөт. Албетте балдардын коопсуздугунан алыстагы ата-энелери кооптонуп, чакырып жаткандары да бар. Бирок азырынча биздин окуу жайдан студенттер кете элек. Алдыда алар менен иштеше беребиз. Биздин өлкөдөгү бардык чет элдик студенттер билим экспорту да".

Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери.
Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинин студенттери.

18-майдагы Бишкектеги окуядан кийин чет элдиктер окуган окуу жайлар онлайн окутууга өткөн. Медициналык окуу жайдын кызматкерлери жатаканадагы студенттерине колдон келишинче көмөк кылып жатканын айтышууда.

20-майда Бишкекте университет жетекчилери маалымат жыйын куруп, чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыздоо аракети көрүлөт жана аларга шарт түзүлөт деп убада берген.

Анын эртеси Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар жолугуп, Бишкектеги чет өлкөлүк жарандар жабыркаган окуяны талкуулады. Исламабаддын өкүлү пакистандык студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну өтүндү.

Бул окуяны коомчулуктун калың катмары да, өлкө бийлиги да 18-айыптап, мамлекет жетекчилери күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланарын билдирген.

Учурда милиция Бишкектеги соңку башаламандыкта чет элдик жарандарга кол көтөргөн шектүүлөрдү кармай баштады. 13-майда Египеттин жарандары менен мушташкан үч кыргызстандык, 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу сегиз киши кармалды.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып пакистандык студенттер сабалган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин билдирген. Чүй менен 7-апрель көчөсүнө топтолгондор таңга жуук тарап кеткен.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Учурда 13-майда Египеттин жарандары менен мушташкан үч кыргызстандык, 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу сегиз киши кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен козголгон иш боюнча Египеттин төрт жаранын кармап, алар кийин үй камагына чыкты.

"Кыргыз досторум абалымды сурап турат". Оштогу индиялык студенттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG