Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Министр чет элдик студенттердин коопсуздугу камсыз кылынарын айтты


Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 20-майда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министр кыргыз өкмөтү чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын айткан.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык студенттердин айрымдары мекенине кайтып жатат.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Чет элдиктерди тоногон деген шек менен Кыргызстандын үч жараны кармалды.

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG