Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекте ооруканада жаткан жердештеринен кабар алды


Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар.
Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар жолугушуп, Бишкектеги соңку окуяны талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерге жакшы мамиле жасаларын, соңку окуя боюнча күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартыларын айтты. Тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жана эмгек миграциясы боюнча сүйлөштү.

Эдил Байсалов Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигин Х баракчасында ооруканада жаткан пакистандык өлкөсүнө барып дарыланууну каалап жатканын билдиргенин жана ал тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар атайын учакта чогуу кетери кабарланды.

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майда кечинде Бишкекке келген. Ал 18-майдагы тополоңдо жабыркап, ооруканада жаткан пакистандык жарандардан кабар алып, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кеткен.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактаган. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынган. 21-майда дагы бир шектүү кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен да иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалганын, кийин үй камагына чыгарылганын маалымдаган.

Пакистандын башкы дипломатын Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алды. Астанадагы жолугушууда Исхак Дар пакистандык жарандардын, өзгөчө башка мамлекеттерде билим алып жаткан студенттердин коопсуздугу маанилүү экенин белгилеген жана Кулубаевден аларды сабагандарды жоопко тартууну өтүнгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG