Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Жол эрежесин бузгандарды кабарлоо телефону ишке кирди


Жол кырсыктарынын биринде тартылган сүрөт. Кыргызстан.
Жол кырсыктарынын биринде тартылган сүрөт. Кыргызстан.

Жол эрежесин бузган автоунааларды кабарлоо үчүн күнү-түнү иштеген 0777 102-102 WhatsApp номуру ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

“Мындан ары автоунаалардын туура эмес жерге токтотуп койгон, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көргөн учурда ушул номурга сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтүп койсо болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы номерге жөнөтүлгөн видео, фото маалыматтарды кызматкерлер карап чыгып, тийиштүү чара көрүп, кайрылуу жөнөткөн жаранга жыйынтыгы жөнүндө кабар берет.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 17-майдагы кеңешмесинде быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4 пайызга өскөнү айтылган. Министр Улан Ниязбеков адам өлүмү менен коштолгон жол-унаа кырсыктары боюнча эл арасында катуу талкуу жаралгандан кийин гана реакция жасоо өнөкөткө айланганын сындап, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG