Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Бишкек: 18-майда көчөгө кимдер чыкты?


18-майда көчөгө чыккан жүздөгөн жаштар, Бишкек шаары
18-майда көчөгө чыккан жүздөгөн жаштар, Бишкек шаары

Чет өлкөлүктөр сабалган Бишкектеги тополоңго байланыштуу жалпы 10 киши кармалды. Бишкек милициясы “массалык башаламандык” жана “расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ал тапта коомчулукта Кыргызстанда пакистандык, индиялык ж.б. чет жактан келгендерге каршы маанайдагы катмар кайдан пайда болуп, анын себеби эмнеде экени тууралуу талкуулар токтой элек. Бул окуядан сабак алып, толеранттуу коомду тарбиялоо зарылдыгы тууралуу пикирлер айтылууда.

Көчөгө чыккан жаштар

18-майга караган түнү Бишкекте жаалданган жаштардын тобу айрым чет өлкөлүктөрдү ур-токмокко алып, алар жашаган жатаканага кирип барып, көчөдө милицияга ээ-жаа бербей жаткан видеолору интернетте дүйнөнүн булуң-бурчуна желдей тарады.

Чет өлкөлүктөргө каршы маанайдагы жаштар кимдер, алардын агрессиялык аракеттерине эмне себеп болду деген сыяктуу суроолор коомчулукта ар кыл пикирлерди пайда кылууда.

Айтылып жаткан түрдүү пикирлердин арасында "билимсиздик", "кара күчкө таянган идеология", "мыйзамдуу механизмдерге ишенбөөчүлүк" деген сыяктуу себептер басымдуу болууда.

Бээжин чет тилдер университетинин профессору Венера Акматова Бишкектеги жаштар катышкан соңку окуяларга мындай баа берди:

Венера Акматова.
Венера Акматова.

“Эгерде мамлекеттеги мыйзамды, анын күчүн сезсе, түндө топтолуп, ушундай мыйзамсыз иштерди жасамак эмес. Экинчиден, ошол топтолгон жаштардын 80% мечитке барат. Азыр эркектердин көбү жума намазга барып калды. Демек, мусулманчылыктагы адептүүлүк, башкаларга зомбулук көрсөтпөш керек деген таалими деле сиңбептир. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Эч нерсе таасир этпеген, эмне болгон катмар деп ойлондум. Отузга чейинки жаштар экен. Арасында студенттер дагы бар”, - деди Акматова.

Чет элдиктерге каршы маанай кайдан жаралды?

Пакистан, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнөн келген студенттер соңку беш жыл ичинде көбөйгөнү белгилүү. Ал эми акыркы бир-эки жыл ичинде бул мамлекеттерден эмгек мигранттары дагы агылып, тигүү, тейлөө тармагында иштей баштады.

Буга чейин соода, жол салуу, курулуш, талаа иштерине айрым коңшу өлкөлөрдүн бирин-экин жарандары келчү. Эгемен Кыргызстандын тарыхында алыскы мамлекеттерден келген эмгек мигранттарынын кескин көбөйгөнү дароо көзгө урунду.

Анткени өлкөнүн өзүндө деле миграция агымы күч, жумушсуздук маселеси курч. Мындан улам сырттан келип иштегендерге ар кандай сын айтылып, мыйзамсыз миграция боюнча талкуулар жүргөнү эч кимге жашыруун деле эмес.

Венера Акматова айрым жаштардын чет өлкөлүктөрдү жек көргөнүнүн тамыры терең экенине токтолду:

“Мен анализдеп, мындай жыйынтыкка келдим. Норвегияда 66 адамды атып салган кишини эч ким чекеге чертпей эле соттоду. Бизде террористти кармагандай кылып ар кандай музыканы коюп тараткан УКМКнын видеолору көп. Булардын баары адамдын аң-сезимине таасир этип, агрессияны пайда кылат. Бара-бара кадыресе көрүнүш болуп калат. Бул балдарга дагы бирөөнү жанчып салган жорук кадыресе эле болуп көрүндү. Себеби биздеги күпүлдөк сөз ушундай болуп жатат. Бизге окшоп көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн улуттун өксүгү да көп болот экен. Президенттин “силер жалкоосуңар, булар жакшы иштейт экен” деген сөзү намыска тийиши мүмкүн. Фейсбуктагы жарма патриоттор “пакистандыктар, индустар каптады” деп жаза баштады. Ушулардын баары топтолду. Макул, биз жашыбызга байланыштуу токтолуп калдык, ойлонуп чечим чыгарабыз. Ал эми жаштардын каны дүргүп турат”, - деди профессор.

Акматова коомчулуктун маанайын күч органдары дайыма анализдеп, алдын алуу иштерин жүргүзүү керек деп кошумчалады.

Чет өлкөлүктөр сабалган тополоңдо жаштар менен кошо көчөгө чыккан жаран (өз атын жашыруун калтырууну суранып) буларды айтып берди:

“Жанагы биздикилерди сабап жаткан видео бешинчи күнү кечинде тарады окшойт. Видеону дос балдар болуп көрүп, ич ара талкуулап койгонбуз. Бирок көчөгө чыгалы деген эмеспиз. Анан Вотсап тайпаларда балдардын чогулганы жөнүндө видео чыкпадыбы. Кээ бир достор менен ошол көчөгө барсак, биздей жөн эле кызыгып же "милиция кыргыздарды кармап атыптыр" деп жинденип баргандар бар экен. Чогулгандар бири-бирин укпай, түшүнбөй эле жөн эле ызы-чуу болуп жатышты. Милиция тарагыла деп жатты. Жатаканага баргандарды, мушташ болгонун интернеттен көрдүм. Алар кимдер экенин билбейм. Ал жактан “булар (чет өлкөлүктөр - ред.) көбөйүп кетти, кыргыздарды көзгө илбей, тоготпой калды” деген сөздөрдү укканым чын”, - деди.

"Миграция заманындагы жаңы муун"

18-майда Бишкекте сүрмө топ болуп чогулган жаштарды айылдык, шаардык, таксист, спортчу же жумушу жок жүргөндөр деп бөлүп кароо туура эмес.

Блогер Азирет Осмонов дегеле жаштар арасында ата-энеси миграцияда жүрүп, кароосуз өсүп, жетишерлик билим албай калган катмар бар экенин айтат:

Азирет Осмонов.
Азирет Осмонов.

“Кечээги чыккан жаштардын баары мыйзамдан кабары жок болуп жатат. Сынчыл ой жүгүртүү жок, агрессивдүү, муштум менен маселе чечкенди патриоттуулук деп түшүнүп алгандар. Мыйзамды ойлогон жок. Чет өлкөлүктөргө мыйзам чегинде чара көрөбүз дебейт, өздөрү дагы мыйзам алдында жооп берерин түшүнбөйт. Кызуу кандуулукка алдырып сабап салышты. Ушундай кылганыбыз туура болот деп эсептешет. Бул айланып келип эле тарбия, билимге тиешелүү. Алардын айрымдарынын ата-энеси миграцияда болгон, толук мээрим көрбөй калган. Болбосо мынчалык агрессия кайдан? Мен билбейм”, - деди блогер.

Айтор, Бишкектеги жаштар катышкан тополоңдун себебин ар кыл талдап, ага түрткү болгон жагдайларды белгилеп жатышат.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жеке адамдын ар кандай жагдайдагы нааразылыгы топтолуп, коомдогу чыңалууга алып келерин Фейсбуктагы баракчасында жазды:

“Мындай кырдаал жаралып калган учурда сыртынан караганда жөнөкөй эле нерсе, жөн-жай абалда элес деле албай койчу майда-барат окуя чоң ташкынды жаратып жибериши толук ыктымал экендигине өзүбүздө да, башка өлкөлөрдө да мисал жетиштүү".


Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон чуулгандуу окуядан кийинки алгачкы кайрылуусунда кырдаалды курчутууга кызыкдар "чагымчыл күчтөр аракет кылган" деп, тополоңго себепкерлер аныкталып, жазасын аларын билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“13-майдагы окуя иликтенип, күнөөлүүлөр кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканда, ал окуя тууралуу видео 18-майда интернетке жүктөлүп, биздин жаштарыбыздын канын кызыткан, ортого чагым салган, куру намысты козгогон интернет посттор менен коштолду. Буга бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын Вотсап группаларды, фейк-аккаунттарды түзүп алышып, чагым салган маалыматтарды таратышканын ачык айтып коёюн”, - деди президент.

Президент чогулган жаштардын мыйзамсыз миграция боюнча талаптары орундуу экенин, укук коргоо органдары ага чейин эле иш жүргүзүп келгенин кошумчалады.

Тополоңдогу шектүүлөр кармала баштады

Бишкекте болгон окуялар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милициясы тогуз кылмыш иши козголгон. Анын ичинен бейбаштык боюнча үч, тоноого байланыштуу бир, каракчылык боюнча бир, массалык башаламандык боюнча үч, расалык, этностук, улут аралык, диний жана региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоого байланыштуу бир кылмыш иши тергелип жатат.

Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу деп табылып, 10 адамга айып тагылган. Алардын ичинен алтоо Кыргызстандын, төртөө чет өлкөнүн жарандары.

"Жаштар - жарылууга даяр күч"

Социолог Самар Сыргабаев соңку тополоңдогу жаштардын жоруктары жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп, анализ даярдоого киришти. Ал белгилегендей, 18-майдагы окуя жаштар менен системалуу иш алып барып, маселелерин ырааттуу чечүүнүн зарылдыгын көрсөттү:

Самар Сыргабаев.
Самар Сыргабаев.

“Жаштар - ар дайым жарылууга даяр күч. Муну өткөн кылымда эле немис социологу Маннгейм айткан экен. Алар – саясий манипуляциянын да объектиси деп кошумчалап койсок болот. Ошондуктан жаштардын энергиясын туура нукка буруу үчүн системалуу саясат жүргүзүлүшү абзел. Көп эле айтылып келет, дагы бир жолу айтсак ашыкча болбойт – жарандардын медисабаттуулугун көтөрүү, интернет желесинен тараган маалыматка ылгап мамиле кылууга үйрөтүү керек”, - деди социалог.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-майда Бишкекте өткөн кеңешмеде сөз сүйлөп, чет өлкөлүк жарандарды сабагандарды сындады.

"Пакистандыктарды сабай турган 18-19 жаштагы балдарды тарбиялайбыз. Алардын баарына оюна келгенди жасаттырбайбыз. Тартип баарыбызга бирдей, мыйзам дегенди сыйлашыбыз керек. Келгендерди кудайдын коногундай тосуп алмайынча бизнести өнүктүрө албайбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Жогорудагы башаламандык Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга каршы жүздөгөн жаштардын көчөгө чыгып, тополоң салган алгачкы учур болуп калды окшойт.

Бирок буга чейин Бишкекте жолдо иштеген кытайлык жумушчулардын санына көзөмөл жүргүзүү талабы менен алар иштеген кен казган ишканаларга жаалданган топтордун кирип, жаңжал чыгарганы катталган.

2019-жылдары "кытай жарандары көбөйүп кетет" деген жүйө менен Ат-Башыда нааразылык акциялары өтүп, ал райондо соода-логистикалык борбордун курулушу башталбай жатып токтогон эле.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG