Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:41

Moody's Кыргызстандын насыя рейтингин өзгөрттү. Бул эмнени билдирет?


Moody's рейтинг агенттиги.
Moody's рейтинг агенттиги.

Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан быйыл "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге келди деп бааланды.

Агенттик Украинадагы кырдаалдан улам жаралган оош-кыйыштарга жана орус экономикасына тыгыз байланышта экендигине карабай Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун көрсөтүп жатканын белгилейт.

Кумтөр кенин улутташтыргандан кийин деле тоо-кен тармагына чет жерлик инвестиция солгундап кетпегенин, туруктуулук сакталганын көрсөткөн. Бул рейтинг эмнеден кабар берет жана Кыргызстандын алдыдагы экономикалык көрсөткүчтөрү кандай болот?

Эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингде Кыргызстан быйыл дагы “В3” категориясында калды. Бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн эми “туруктуу” деген деңгээлге өттү.

Уюмдун жарыялаган маалыматына ылайык, рейтинг комитети 14-майдагы жыйынында Кыргызстанга таандык бир катар суроолорду көтөргөн. Анда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү кыйла өскөн, башкаруу институттары менен системасы көп өзгөргөн эмес, финансылык абалы жана аны менен кошо карызынын түзүмү бир топ өскөн, системдүү тобокелдиктер анча өзгөргөн эмес, ошондой эле кырдаалдык тобокелдиктерге таасири да жакшырган эмес деп табылган.

Moody’s агенттигинин рейтингинде мамлекеттин финансылык, экономикалык абалы, улуттук валютасынын кубаттуулугу, бюджетинин түзүмү, карызынын таасири сыяктуу бир катар көрсөткүчтөр талданат. Бул рейтинг инвесторлор үчүн баалуу маалымат болуп эсептелет.

“Кыргызстандын рейтингдеги В3 деңгээли өлкөнүн чакан экономикасынын кирешеси аз экендигин жана орус экономикасына көз карандылыгын, анын көбүнчө сырттан акча которууларга тыгыз байланышта экендигин билдирет. Тышкы карыздын көлөмү азайып, ички каржылоонун үлүшү өскөнүнө карабай, мамлекеттик карыздын жүгү улуттук валютаны алсыратып турат. Эл аралык финансы институттарынын жеңилдетилген каржылоолору карызды тейлөөнүн чыгымын азайтып, ошонусу менен Кыргызстандын рейтингдеги азыркы ордуна келүүсүнө олуттуу түрткү болгон. Ал эми саясий тобокелдиктер менен тышкы чөйрөдөгү аярлуулугу мурдагыдай эле утурумдук оош-кыйыштарды жаратып турат”, - деп жазылган агенттиктин маалыматында.

Рейтингде Кыргызстандын улуттук валютасынын көлөмү В2, ал эми чет элдик валютасынын чеги В3 деңгээлинде деп бааланган. Эки валютанын ортосундагы мындай ажырым өкмөттүн экономикага бир кыйла өктөм таасирин, өкмөттүк айрым чечимдердин күтүүсүз өзгөрмөлүгүн жана экономиканын узак мезгилге өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган ички саясий жагдайынын туруксуздугун чагылдырып турат. Ошондой эле валюталардын ортосундагы бир тепкич айырмачылык саясаттын алсыз таасири, тышкы карыздын оордугу өңдүү жагдайларды камтыйт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-май күнү Бишкекте өткөн эл аралык финансылык форумда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүү багытына чыкканын, жаңы ишканалар эле эмес, бүтүндөй тармактар менен багыттар дагы ачылып жатканын, тышкы сооданын көлөмү өсүп баратканын билдирди. Жапаров өз пикирин бекемдөө үчүн Moody’s агенттигинин рейтингин мисал келтирди.

“Жакында Moody’s рейтинг агенттигинин баалоосу жаңыланды. Анда Кыргызстандын өкмөтүнүн насыялык рейтинги боюнча “терс” деген божомолун “туруктуу” дегенге өзгөрттү. Эми "В2" баасына жетишүүбүз керек. Бирок, бул үчүн баарыбыз өлкөбүздүн таанымалдыгын жана рыноктун жагымдуулугун арттыруунун үстүнөн тыгыз иштешибиз керек. Биздин өлкө адамдык капиталга да, табигый ресурстарга да бай. Биз азыр акылдуу жана тайманбас болушубуз керек. Мамлекет экономикадагы башкы ролду колуна алды”.

Жапаров Министрлер кабинети жергиликтүү ири финансылык корпорацияларды эл аралык биржаларга чыгарууга кызуу даярданып жатканын кошумчалады.

Ал Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Кыргызстан төмөн кирешелүү өлкөлөрдүн категориясынан чыкканын белгиледи. Айтымында, өлкөнүн 2023-жылдагы ички дүң продуктусу (ИДП) 2019-жылга караганда эки эсе өсүп, 1 трлн 228 млрд сомго жетти. ИДПнын өсүү деңгээли орточо 7% түзүүдө. Банктардын капитализациясы 2019-жылдагы 42 млрд сомдон 104 млрд сомго чейин көбөйгөн.

Экономика турукташып жатат деген тыянак талаштуу

Финансист Кубан Чороев кыргыз өкмөтү салык топтоо, салык базасын көбөйтүү жаатында көп иштерди жүзөгө ашырганын жана бюджеттин экономикадагы көлөмү өскөнүн белгиледи:

“Финансылык жактан караганда, акыркы жылдарда Кыргызстандын бюджетинин структуралык жактан дагы, көлөм жактан дагы өзгөрүүлөрү байкалып жатат. Мурун Кыргызстандын бюджети инвестициялык жана социалдык деп эки бөлүктөн турчу. Инфраструктуралык жана башка чоң долбоорлор тышкы карыздардын эсебинен ишке ашырылчу. Азыркы убакта ички ресурстар инфраструктуралык долбоорлорду колдоого пайдаланылып жатат. Көбүнчөсү эл аралык финансылык институттардан карыздарды алууда акыркы жылдарда тышкы карыздар менен ички ресурстарды пайдалануунун структурасы дагы өзгөрүп жатат. Инфраструктуралык долбоорлорду ички ресурстардын эсебинен ишке ашыруу көбөйүп жатат деп айтсак болот. Фискалдык өзгөрүүлөр кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин бюджетинин экономикадагы үлүшүн чоңойтуп жатат. Мына ушулардын алкагынан караганда, структуралык өзгөрүүлөр болуп, рейтингге таасирин тийгизди деп айтсак болот”.

Moody’s агенттиги Украинадагы кырдаалдан улам жаралган оош-кыйыштарга жана орус экономикасына тыгыз байланышта экендигине карабай Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун көрсөтүп жатканын белгилейт.

Кумтөр кенин улутташтыргандан кийин чет элдик инвестициянын келиши жана алтын өндүрүү тармагынын натыйжалуулугу азаят деген кооптонуулар басаңдап, экономиканын өсүш деңгээли 4% тегерегинде болорун болжойт.

Экономика боюнча эксперт Сапар Орозбаков эл аралык рейтингдеги “экономикалык абал турукташып баратат” деген маалыматка ишенбей турганын айтууда. Ал мамлекеттин сырттан жана ички ресурстардан тарткан каражаты кайтарымдуу долбоорлорго салынбай келатканын жана товарга кошумча нарк кошкон кайра иштетүү өндүрүштөрү өнүкпөй жатканын белгиледи:

“Ички дүң өндүрүмдүн өсүшү төрт айдын жыйынтыгы боюнча 7% кичине көбүрөөк деп атышат. Бирок айыл чарба менен өнөр жайын карап көрсөң – 2% эле, үчкө жетпейт. Экономиканын негизин ушул өнөр жай менен айыл чарбасы түзөт да. Өсүш эмненин негизинде болуп жатат? Негизинен соода-сатык, башкача айтканда, Орусия менен соода-сатык көбөйүп жатат – ошонун эсебинен. Курулуш, тейлөөнүн да көп түрлөрү бар. Алар качан өнүгөт? Өлкө бай болсо, ошол тармактар өнүгөт. Бизде суроо-талап эң эле төмөн да. Тейлөөнүн эки түрү бар да. Кээ бирлери сыртка экспорт жасаса өнүгөт. Ал боюнча биз экспорт жасаган жокпуз да. Бир гана туризм, билим берүү анча-мынча өнүгүп жатат. Бирок алар бүтүн экономиканы алдыга тартып кете албайт да”.

Насыя рейтинги эмнени билдирет?

Moody’s уюму өлкөлөрдүн насыяны кайтаруу жөндөмү боюнча рейтингинде 152 өлкө талданган. Кыргызстанды 2014-жылдан бери кошуп келет. Рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан менен Тажикстан “В3”, Казакстан “Ваа2” жана Өзбекстан “Ва3” деңгээлинде турат. Кыргызстан 2015-жылдан 2020-жылга чейин “В2” категориясында, тагыраагы, азыркыдан бир тепкичке жогору туруп келген.

Изилдөөнүн ыкмасы боюнча, өлкөлөрдүн насыя рейтингинин деңгээли “Ааа” категориясынан тарта “С” категориясына чейин өлчөнөт. “Ааа”, “Аа” жана “А” категориясындагы топторго насыя рейтинги эң жогору өлкөлөр кирет. “С”, “Са” жана “Саа” категорияларындагы өлкөлөр насыя рейтинги өтө төмөн, дефолттук абалга жакын жана насыяны кайтаруу мүмкүнчүлүгү көп эмес деп таанылат. “В” рейтингинде насыя милдеттенмелеринин тобокелдиги жогору деп эсептелет. “Ваа” категориясында милдеттенмелер орто деңгээлде, ал эми “Ва” категориясында олуттуу насыялык тобокелдик бар деп бааланат. Ар бир категорияда бирден үчкө чейинки кошумча модификатор колдонулат.

Рейтингдеги категорияларга бирден үчкө чейинки кошумча модификатордук сандар да колдонулат. Бир саны рейтингдеги тепкичте өйдөрөөк турса, үч категориялык топтогу эң төмөнкү тепкич болуп саналат.

Рейтингге карасак, “В3” категориясында Кыргызстан менен катар Ангола, Барбадос, Босния жана Герцеговина, Конго, Кения, Молдова, Монголия, Тажикстан, Того, Уганда өңдүү өлкөлөр бар.

Насыя рейтинги эң жогору же “Ааа” категориясына кирген өлкөлөр – Австралия, Канада, Дания, Германия, Люксембург, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Норвегия, Сингапур, Швеция жана Швейцария.

Ал эми эң төмөнкү рейтингдеги “С” жана "Са" категориясында Беларус, Ливия, Венесуэла, Замбия, Украина, Шри Ланка, Гана жана Аргентина турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG