Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Эсептик чен азайды. Насыялардын үстөк пайызы арзандайбы?


Кыргызстандын Улуттук банкы.
Кыргызстандын Улуттук банкы.

Улуттук банк эсептик ченди 11% түшүрдү. Эсептик чен буга чейин 13% деңгээлинде кармалып келген. Кыргызстандын башкы банкы өлкөдө инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында 5,2% болгонун билдирүүдө.

Улуттук банк эсептик ченди 2022-жылдын март айынан тарта 8,5 пайыздан 14 пайызга чейин жогорулатып, анын айынан банктардын насыялык пайыздары да кескин өсүп кеткен болчу. Мунун кандай таасири болот? Банктардагы насыялардын пайызы төмөндөйбү?

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет. Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо – түшөт.

Улуттук банк эсептик ченди төмөндөтүү чечимине таасир кылган жагдайларды инфляциялык процесстердин алсырап баратышы, азык-түлүк бааларынын басаңдашы жана экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашы менен негиздеди.

“2022-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты инфляциялык басым көрсөтүүнүн өсүшүн чектөөгө өбөлгө түзүп, өлкөдө баа динамикасынын туруктуулугун камсыз кыла алды, бул учурдагы инфляцияны орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч чегинде калыптандырууга жана экономикалык чарба субъекттеринин инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүүгө алып келди. Мындай шарттарда Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытына туура келет”, - деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Маалымактка ылайык, Кыргызстандын банк сектору туруктуулукту сактап, негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшүн көрсөтүүдө. Жалпысынан коммерциялык банктар өтүмдүү финансылык ресурстардын жетиштүү көлөмүнө ээ. Мындан улам, ички валюта рыногу туруктуу деп эсептелген.

Банктар насыя пайыздарын түшүрө элек

Кыргызстандын банктарындагы насыялардын үстөк пайызы учурда 32 пайызга чейин жетет. Улуттук банктын эсептик чен боюнча чечими азырынча коммерциялык банктардын насыялоо ишине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизе элек. “Азаттык” сурамжылаган банктардын кызматкерлери насыялардын үстөк пайызы мурунку бойдон берилип жатканын билдиришти.

Коммерциялык банктардын биринин Шабдан аттуу кызматкери буларды билдирди:

“Эгер онлайн насыя алам десеңиз 28% менен берилип жатат. Анча-мынча 18% бар. Бизнес-насыялар бар, алар андан да арзаныраак. Анан кийин, жөнөкөй, керектөө насыялары бар, аларды 20% чейин алсаңыздар болот. Эгерде эч кандай күрөө жок ала турган болсоңуздар, 23% менен берилет. Дагы “Агронасыя” деген бар, алар мурдараак 13% менен берилчү, 15-18% менен же 17% менен берилип жатат. Улуттук банк [эсептик ченди] түшүрдү. Мен башка банктар менен өзүбүздүкүн салыштырып көрдүм. Учурда биздики 28% менен, бирок анча-мынча банктардыкы бар экен, 30-31% менен. Бул бардыгында эмес, бирок анча-мынчаларда ушундай көрсөткүчтөр бар, эң жогоркусу 32% чейин бар экен. Биздики болсо жаңы жылдык акцияга байланыштуу бааны 31 пайыздан 28 пайызга түшүргөнбүз. Акция бүткөндөн кийин эч кандай көтөрүп салган жокпуз, ошол боюнча калтырганбыз”.

Улуттук банктын жобосу боюнча, эсептик чендин көлөмү мекеменин коммерциялык банктарга берген кыска мөөнөттүү насыяларынын үстөк пайызына түз таасир этет. Ал өз кезегинде коммерциялык банктардын элге берген насыяларынын үстөк пайызын да төмөндөтүүгө түртөт.

Финансы жана насыя маселелери боюнча эксперт Бактыбек Шамкеев эсептик чендин төмөндөшү насыялардын арзандашына түрткү берерин айтат.

“Эсептик чен көп жагдайды камтыйт. Биринчиден, ресурстардын баасы эске алынат. Инвестициялык климат бир кыйла жагымдуу болуп, көп каражат кире баштайт. Мындан улам, рынокто финансылык ресурстар арзандайт. Улуттук банк дагы өзүнүн эсептик ченин төмөндөтүп, коммерциялык банктарды ошол боюнча насыялайт. Башкача айтканда, насыянын үстөк ченин 2% төмөндөтөт. Коммерциялык банктар дагы калкка берип жаткан насыяларынын үстөк ченин ошончо арзандатат. Мындай жол аркылуу финансылык-насыялык уюмдардын пайыздык чени төмөндөйт”.

Валюта рыногунда абал турукташып калдыбы?

Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу басым кылган. Мындан улам, 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен. 2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө болчу. Эсептик чендин 11% көрсөткүчү соңку эки жылдан берки эң төмөн чек болгону менен, мындан он жыл мурдагы же 2015-жылдагы эң өсүп турган чекке барабар болууда.

Бактыбек Шамкеев коммерциялык банктардын насыясынын үстөк пайызы кандай жол менен түзүлөрүн түшүндүрүп берди:

“Адатта коммерциялык банктар рынокто 4-6% тегерегинде ойной берет. Анын үстүнө депозиттик базаны дагы карайт. Эгерде алар депозиттик базадан 15-16% менен алып, ошол акчаны колдонсо, анда алар ошол 15-16% үстүнө 4-5% кошот. Ошондо коммерциялык банктын үстөк пайызы жок дегенде 20-21% тегерегинде болот. Өкмөттүк банктар болсо үстөк пайызды өкмөттүн саясатына жараша кошот. Коммерциялык банктар рынокко карайт. Эгерде суроо-талап көп болсо, анда жок дегенде 5-6% чейин көбөйтүп коюшу мүмкүн”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 23 коммерциялык банк иш жүргүзөт. Мындан тышкары 600дөн ашуун насыя берүүчү уюмдар бар. 2023-жылы коммерциялык банктар 263 млрд сомдук, башка насыялык уюмдар 63 млрд сомдук насыя берген. Адатта эң көп насыя соода тармагына, керектөөгө жана айыл чарбасына берилет.

Алардын ичинен керектөө насыясынын үстөк пайызы эң жогору болуп эсептелет. Улуттук банктын расмий маалыматына карасак, коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайыздары 12 пайыздан 23 пайызга чейин жетет. Ошол эле маалда, коммерциялык банктардын сунуштаган насыялары иш жүзүндө 31% чейин чыгып кетет. Натыйжалуу пайыздык чени 59-60% чейин жеткен учурлар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG