Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:37

"Үй сатсаң комиссия төлө". Өкмөт банктарды ортомчу кылууну сунуштады


Накталай төлөм менен соодалашуу (иллюстрациялык сүрөт).
Накталай төлөм менен соодалашуу (иллюстрациялык сүрөт).

Кыргыз өкмөтү накталай эмес төлөм операциялары боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизип, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү соодалоодо банктар аркылуу эсептешүүгө дем берүүнү сунуштады.

Ага ылайык мамлекеттик алымдардын өлчөмдөрү накталай төлөмдөр үчүн 10 эсеге чейин жогорулатылат. Бул өзгөртүү жарандарга кандай таасир этет?

Министрлер кабинетинин “Накталай эмес төлөм операциялары боюнча айрым чечимдери жөнүндө” деп аталган токтому марттын ортосунда коомдук талкууга чыккан. 12-апрелде талкуу бүтүп, 19-апрелге чейин парламенттин кароосуна чыгарылат.

Өкмөттүн баамында, токтом долбоору мүлктөрдү соодалоодо накталай эмес эсептешүүгө дем берүүнү көздөйт.

Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Индира Мурсабекова мүлктөр боюнча бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүүнүн ставкалары өзгөрүп, “эскроу-эсеп” деп аталган үч тараптуу банктык эсеп аркылуу соодалашуу тажрыйбасы ишке кирерин билдирди:

“Мүлктөрдү соодалоодогу коопсуздукту камсыздоо үчүн банк тармагында атайын эсептер боюнча иштер каралган. Буга эскроу-эсеп кирет, ал сатуучунун, сатып алуучунун жана банктын катышуусундагы үч тараптуу келишимдин негизинде ачылат. Сатып алуучу соодаланган мүлктүн акчасын банктагы эсепке которот жана сатуу-сатып алуу келишими катталгандан кийин сатуучу банктык эсептеги акчасын ала алат. Калктын мүлктөрдү соодалоодогу накталай эмес эсептешүүсүнө дем берүү үчүн мамлекеттик банктарга эскроу-эсептерди тейлөө үчүн соодаланган мүлктүн баасынан 0,02% ашпаган көлөмдөгү комиссия алуу сунушталат. Коммерциялык банктарга дагы ушундай эле сунуштар берилет. Ошондой эле мүлктөрдү соодалоону күбөлөндүрүү боюнча нотариалдык кеңселердин мамлекеттик алымдарынын да учурдагы ставкалары жогорулатылат. Долбоордо накталай эмес төлөнгөн болсо, мамлекеттик алымдардын учурдагы ставкаларын сактоо каралган. Накталай төлөнгөн учурда долбоор мамлекеттик алымдардын ставкаларын 10 эсеге көтөрүүнү сунуштайт”.

Кыймылсыз мүлктү соодалоо бүтүмүн нотариалдык күбөлөндүрүүдө накталай эмес эсептешүү болсо, жакын туугандар ортосунда 1000 сом, башка тараптар ортосунда 2 миң сом, ал эми юридикалык жактардын катышуусунда 5 миң сом мамлекеттик алым төлөнөт.

Накталай эсептешүү менен болсо, жакын туугандар үчүн 10 миң сом, башка тараптар үчүн 20 миң сом жана юридикалык жактар үчүн 50 миң сом мамлекеттик алым төлөнөт.

Сунушталган долбоор боюнча, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатууда мамлекеттик алымдын ставкасы – эгерде накталай эмес төлөм менен болсо сатылган баасынын 10 пайызынан 40 пайызына чейин, накталай төлөм болсо 30% пайызынан 60 пайызына чейин чегерилет.

Экономика жана коммерция министрлиги кызыкдар мекемелер мындай сунушка каршы болгондуктан, токтом долбоорунан алып салынышы мүмкүндүгүн билдирди.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик токтомдогу кызыкдар тараптардын бири болуп саналат.

Мекеменин башкы адиси Аманбек Кебеков токтом долбооруна эмне үчүн каршы пикир беришкенин мындайча түшүндүрдү:

“Биз долбоорго каршы пикир жазып бергенбиз. Себеби, ал жерде жарандарга кичине оорчулук болот да. Мисалы, бүгүнкү күндө бүтүм жүргүзгөндө, Мамкаттоо барып мүлкүн каттаганда каттоонун акысын төлөйт. Андан тышкары, биринчиден, мамлекеттик алым пайда болду. Экинчиден, накталай эмес эсептешүү болгондо элдин жагдайын да эске алабыз да. Мисалы, айылдарда накталай эмес төлөм жүргүзүү бир аз кыйыныраак болуп калат. Накталай эмес эсептешүүдө төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүшү керек. Айылдагы жарандар банк аркылуу эсептешүүнү кандай кылат? Кыйынчылыктар болуп калат деген пикирлерди жазганбыз”.

"Банктардын ортомчулугунун эмне кереги бар?"

Эскроу-эсеп - бул кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу/сатуу келишимин каттоодон кийин сатуучуга улуттук валютада акча каражаттарын которуу үчүн мүлктү сатуучу, сатып алуучу жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган атайын эсеп.

Эксперттик чөйрөдө мындай чечимдер кыймылсыз мүлк рыногундага сатуу-сатып алуу операцияларынын активдүүлүгүн бир кыйла солгундатат деп кооптонуп турушат. Ошондой эле жер тилкелери инвестиция жана киреше булагы сыпатынан ажырап, ал өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна таасир этиши мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров өкмөттүн чечиминде мүлктү алып-сатууга ортомчу болгон тоскоолдук жаралып жатканын айтат:

“Бул эми кошумча бир тоскоолдук да. Бир нерсе алам-сатам десең, сен банкка барып эсеп ачасың, акча которосуң, анан банк комиссия алат. Мен негизи эле башкалардын эсебинен пайда алууга жол ачкан мындай мыйзамдарга каршымын. Биз элди банктарга акча төлөтүп коюп атабыз. Мындайча айтканда, кошумча салык сыяктуу болуп калып жатат. Эгер алып-саткандар бири-бирине ишенбесе, анда алар ансыз деле кепилин (гарантын) өздөрү таап алышат. Бизде Мамкаттоого барат дагы бири кол коёт, бири акча берет, ошону менен иш бүттү. Анан ортодон банкты аралаштырып, ага акча төлөтүп... Эми, кимге андай зарылдык болсо, ансыз деле өздөрү барат банкка. Милдеттүү түрдө баарын банкка киргизгенге мен каршымын”.

Кыргызстанда курулуш соңку кездери компаниялар менен турак жай кооперативдерине алдангандардын саны көбөйүп кеткендиктен, өкмөт сатуу-сатып алуу бүтүмүнө банк кепилдигин киргизүү зарылдыгын демилгелеп келет. Муну менен катар, Улуттук банк 2023-жылы 29-декабрда “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча” Мамлекеттик программасын бекиткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG