Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

"Он жыл чогулткан акчамды бергем". Орусияда кооперативге алданган мигранттар


Элнура Суранова кардары менен кагазага кол коюуда
Элнура Суранова кардары менен кагазага кол коюуда

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар ELMAX керектөөчү кооперативине акча салып, алданып калганын айтууда. Кооператив санкциядан улам элдин акчасы салынган банк эсептери жабылганын айтып, күзгө чейин акчаны кайтарууга убада кылды.

"Кыргызды кыргыз алдабайт деп ишендим эле..."

Москвада 20 жылдан бери иштеп жүргөн Жазгүл Оштогу үйүн сатып, Москвадан жаңы үй алмай болгон. Ал күйөө баласынын досу кооператив аркылуу үй алып берип жатканы тууралуу угуп, алардын кеңсесине барган.

“Кеңсесине барсам, түшүндүрүп берди. Документке келгенде сабатсыз экенибиз көрүнүп калды окшойт. Мурда-кийин документ менен иштебеген үчүн алардын бардыгын карап чыкпадым. 50 миң рубль менен келишим түздүк. Бир айда 8-9 миллион рублдик үй алсам, 1 миллион 1 миң төлөйсүз дешти. Кийин мен 9 миллионго квартира таптым десем, анда айына 1 миллион 200 миң төлөйсүз дешти. Бир айда ушул сумманы төлөй алсам, алты айда кезек жетип, үйлүү болорумду айтышты. Ошентип, январда 50 миң төлөсөм, февралда 1 миллион 200 миңди толук бердим да, 6 ай күтүп калдым. Алар мени бир корпоратив кечеге чакырышып, ал жерден башка улуттагы адамдарды демөөрчү деп көрсөтүштү. Ошолорду көрүп ишенип калдым”.

Жазгүл
Жазгүл

Жазгүл ойлогондой алты айда үй алган эмес. Улам бир шылтоону угуп жүрүп акыры кооператив иштебей калды дегенде эч болбосо салган акчасын кайтарып алууну ойлонот. Ошол учурда өзүнө окшоп акчасын кайтара албай жүргөндөрдү көрөт.

“Ошол кезде Орусиянын Украина менен келишпестиги башталган. Анан кооператив иштебей жатканын уга баштадым. Алар болсо иштеп эле жатабыз, Максаттын картасына 50 миң которуңуз дешти. Ошондон үч күн өткөндөн кийин алар эсептери жабылып, акчаны бербей жатканын айтышты. Мен да салган акчамды кайтарып алайын дедим. Ошондо эле эл ызы-чуу болуп жаткан экен. Кооперативдин жетекчиси Элнурага чалсам, келиңиз деп чакырып, "документтерди кайра түзүп, үй алып беребиз" деп жөнөтүштү. Москвада 10 жылдан бери бир үй-бүлөнүн үйүн жыйнап иштеп келем. Айла кеткенде аларга маселемди айттым. Алар өз адвокаттарына кайрылып, эсептеги акча кооперативдин жетекчиси Элнурага карабай турганын айтышты. Аны укканда мен ооруп калдым. Төрт айдан кийин кайра чалсам, “келиңиз, кеңсе ачып жатабыз” дешти. Барсам, эчтеке жок. Телефон чалсам эле баары сонун, эсеп ачылды дешет. Ушинтип келе жатканыма үч жылдан ашты. 1 миллион 300 миң акча бердим. Бул 10 жыл иштеген акчам эле. Жарымы Сбербанкка, жарымы колуна берилген. Алдык деп ишеним кат да жазып беришкен".

Жазгүлдүн улуу кызы Кытайда окуйт, экинчи кызын Москвага жанына алып келген. Күйөөсү менен 9-класста окуган уулу Кыргызстанда айылда калган. Көп жылдар бою үй-бүлөсүнүн, балдарынын кашында боло албай бөтөн жерде жашап-иштөөгө аргасыз болгон аял оор абалда калганын туугандарына да айта албай кыжаалат болгонун айтууда:

“Үй-бүлөмдү сагынам, аны айта да албайм. 10 жылдан бери жүрүп тапкан акчам. Эки жылды ыйлап өткөрдүм. Ден соолукка доо кетти. Ата-энем көрбөсүн, укпасын дейм. Кооперативдегилер ушунчалык кооз сүйлөшөт, депутаттардай эле мыйзамды айтса ишенесиң да. Алдап жатканын билип туруп эле алданып кала бердим. Өмүрү өкмөттөн акча же кредит алган киши эмесмин. Бирок мен күйөө баламдын досу Максатка ишенгем, ал азыр качып жүрөт. Бир жолу Бишкектен кармадык, бирок ал жактан эч негиз жок деп чыгып кеткен. Орусиянын полициясына да кайрылгам. Алар өзүңөрдүн адамдар аралашып калыптыр, эч натыйжа чыкпайт деди. Аз да болсо жардам болобу деп бийликке кайрылып жатабыз. Бирок үмүт өчүп баратат. Кээ бирөөлөр дос-тууганына, бирөө жарымга кайрылуудан тартынып жатышат. Мен 3 миллион акча берип чырылдагандарды өз көзүм менен көрдүм. Бул жактагы адвокаттар колумдагы документтерди жөн эле кагаз дешти. Биз алар кыргыз болгону үчүн ишендик да".

Elmax кардарлары үчүн уюштурган кече
Elmax кардарлары үчүн уюштурган кече

"Москвага келип эле алдандым, карыз төлөп жүрөм"

Үйдөн тышкары ELMAX керектөөчү кооперативине машине алам деп ачка салгандар да бир топ. Ош облусунун Алай районунун тургуну Самат “кыргыздарга үй, машине алып берип жаткандар” тууралуу Ютубдагы жарнамаларды көрүп алданганын айтты:

“Бизден 15 пайыз баштапкы төлөм сураган. Мен ишенип 300 миң рубль алып барып бергем. Сбербанктан чектерим бар. Мунун башында Элнура деген эже бар. 2021-жылы акчаны алып барып берген соң, 20 күндө мага 1 миллион 700 миңдик машине алып бермек. Андан бери үч жыл өттү. Кээде "машине даяр, келип кет" дешет, барсаң, "карта блокко түшүп калды" деп ар кайсы шылтоону айтып, убакытты созуп келе жатышат. "Мына болоюн деп калды" дей берет, бирок эчтеке жок. Негизи ал акчаны 8 пайыз менен беш жылга чачмак. Айына канчадан төлөөрүмдү эсептеп чыга элек болчу. 150 миң рублдан бир жарым миллионго чейин салгандар бар. Мендей эле 150дөн ашык киши ыйлап жүрөт. Көбү ишенип кредит алып бергендер. Мен да ошенткем. Ал кредитти эми гана жаап бүттүм, ошону менен жашоом артка кетти".

Самат Кыргызстанда үйлөнөрү менен Москвага иштегени келип, алданганын айтты. Ал үч жылдан бери алган карызын жабам деп, айына 40 миң рубль банкка төлөп келген, үй-бүлөсүнө деле акча сала алган эмес. Москвада батирге айына 20 миң рубль, такси унаасынын ижарасына күнүнө дем алышсыз 1800 рублдан берип иштеп жаткан Самат тапканы өзүнөн артпай жатканын жашырган жок.

Cамат
Cамат

“Ал учурда коопертив жетекчиси Максат Абдрахманов деген киши эле. Кийин чалсам, "жөн эле кызматкермин" деп качып калды. Ахунбек Эргешов дегени жок болду, кайда экени белгисиз. Ошол кишинин кыргыздарга жардам бергенин Ютубдан көрүп жүрдүм эле да. Элнура Суранова деген да бар экен. Аны биз акча бергенден кийин көрүп калдык. Азыр Ютубдагы видеолорун өчүрүп салышкан. Арыз жазган жокмун, башкалар жазган, бирок андан пайда деле чыккан жок. Москвадан бизди кыргыз паспорт болгону үчүн карабайт экен. "Жаңы жылга чейин акчаны беребиз, картаңды жөнөт" дешкен. Анан кайра "өтө важныйларга берип жатабыз" дешти, бирок акчасын алган киши жок. Алдап эле бир күнү беребиз дей беришет. 1,5 млн берип коюп, сыздаган үй-бүлөлөр жүрөт. Аларды укканда, мен унчуга да албай калдым".

Elmax уюштурган кезектеги кечелердин биринен тартылган сүрөт
Elmax уюштурган кезектеги кечелердин биринен тартылган сүрөт

Кооперативдин жетекчилери санкцияга кабылганын айтууда

Үй-мүлк алабыз деп акча бергендердин баары эле кооперативдин кеңсесин көрүп дагы алдангандарын айтышат. Эки-үч бөлмөлүү кенен кеңседе жумуш кайнап, компьютерлердин тизилип турганы көпчүлүккө ишеним жараткан экен. Жабырлануучулар өз ара сүйлөшүп, группа түзүп алып, акчасын кайтарып алуу жолдорун талкуулаган менен алардын үнүн уккан киши боло элек. Мындан улам алар кыргыз бийлигине кайрылып, алардын жагдайына көңүл бурууну суранып жатат.

"Азаттык" сөз болуп жаткан ELMAX керектөөчү кооперативинин жетекчиси Элнура Сурановага байланышып, акчасын ала албай жаткан жарандардын маселеси боюнча суроо салды. Ал ушул тапта кооперативдин иши токтоп турганын ырастап, ошол эле учурда айрым жарандардын акчасы кезеги менен кайтарылып жатканын айтты:

“Кооперативдин жумушу азыр токтоп турат. Согуштун айынан апрелде санкцияга түшүп калганбыз. Биздин инвестор афроамериканец болчу. Бизге 60 киши баштапкы төлөмдү салган. Азыр алардын айрымдары азыраактан акчасын алып жатат. Баарына жетише албай жатабыз, анткени азыр биздин эсептер жабылып турат. Арасында “атам өлдү, апам өлдү, иним рак болуп калды, ооруп калдым” дегендерге берип жатабыз. Ошол жерде бунт чыгарган беш киши бар. Алар - көбүрөөк акча салгандар. Мен аларга “күтө тургула, оорукчандарга берип алалы, силерге кезек жетет” десем да, бербей коёт деп ар кайсы жакка чуркап жатышат. 18 киши машина алган. Арасында акчасын төлөбөй койгондор да болду. Биз башта туура эмес кылыптырбыз. Машинелерди элге каттатып койгонбуз. Кээ бирлери Кыргызстанга да кетип калышты. Биз эчтеке кыла албай калдык".

Элнура Суранова алардын үстүнөн жазылган арыздын негизинде прокуратура органдары текшерилгенин да айтууда. Ал азыр элге 5-6 миллион рубль карызы бар экенин, аны төлөө үчүн аракет кылып жатканын билдирди:

“Кайтардык, бирок баарына жетише албай жатабыз. 15-20 миңден тапкан акчаны которуп жатабыз. Чекти да көрсөтө алабыз. Ошого чыдабай элчиликке чейин барышууда. Азыр 5-6 миллион рубль эле калды, ошолорду кайтарып берсек, кутулуп калабыз. Артыбыздан үч жылдан бери куугунтук болду. Ар кимге чакырган сайын акча берип жатабыз. Андан көрө эл унчукпай турса, ошол акчаны элге бермекпиз. Эсеп качан ачыларын азыр билбейбиз. Мен деле тынч уктагым келип жатат. Эл күнөөлүү эмес, мезгил ушундай болду. 3 миллион салган киши жок, эң көбү 1,5 миллион салган. Үйгө 10 чакты, машинеге 50гө жакын киши акча салган. Үч-төрт кишиге ипотека кылып алып бердик, 18 киши машине алды. Мен жалгызмын, инвесторлор Орусияга кире албай азырынча четте турат. Орусиянын мыйзамы боюнча эгер кооператив артка кетсе, эл чогултуп кооперативди көтөрүш керек деген пункттар да бар. Бирок биз элге жүк арткан жокпуз. Санкциядан чыкканча токтоп туралы дедик. Кеңсеге ижара акы 350 миң төлөчүбүз. Акча жоктугунан аны жаптык. Үч жолу чогулуш кылып, баарын түшүндүрдүм. Келишимди бузуп, график түзүп, акчасын кайтарып берейин десем, ишенбей, келбей коюшту. Мен бир жумуш кылып жатам, жөн эле отурган жокмун. Ошол жумушта өзүмдүн пландарым бар. Калгандардын акчасы күзгө чейин толугу менен кайтарылып бүтөт. Кооператив расмий каттоодон өткөн. Элге түзгөн келишимдердин 100 пайыз юридикалык күчү бар".

Буга чейин "Ихсан" кооперативинен жабыркаган мигранттар нааразылык билдирип чыккан. Алар сот "Ихсандан" чыгымды өндүрсө, мигранттар төлөгөн акча да кайтарылабы же жокпу деген тынчсыздануусун билдирип, бийликке жардам сурап кайрылган.

Кыргызстанда башка да турак жай кооперативдерине миллиондогон акча салып, үй же башка мүлктөрдү албай калганын айтып, даттангандар бар.

ИИМ 2023-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда жалпы 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелгенин, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулганын билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG