Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай бузулууда


Мамкурулуш агенттиги тараткан сүрөт.
Мамкурулуш агенттиги тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай буздурулду.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда шаардын Власов №59 дарегинде жайгашкан объект 2016-жылы тийиштүү уруксат кагаздары жок эле курула баштаганы, мындан улам Мамлекеттик курулуш агенттиги Биринчи май райондук сотуна кайрылганы айтылат. Райондук сот 2022-жылы 28-январдагы чечими менен курулуш объектисин бузуу өтүнүчүн канааттандырган.

Буздуруу ишине агенттиктин директору Нурдан Орунтаев катышып, ал курулуш компаниялары ишмердигин мыйзамга ылайык жүргүзүшү керектигин, агенттик бул жаатта жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 объект уруксатсыз курулганын, эми мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан кийин мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компанияларынын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул жайлардан турак жай сатып албай турууга чакырган.

Быйыл март айында Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө да маселе жаралган. Мэрия имарат салынган жер бизнес борбор куруу үчүн ижарага берилгенин белгилеп, ал жерде жашаган тургундардан 1-мартка чейин имаратты бошотууну талап кылган. Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан. 1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулган.

Бишкек мэриясы ал жерден батир алып алданып калган жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компаниясы аркылуу турак жай алууга жардам бериле турганын билдирген.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG