Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстан Казакстанга жөнөткөн гумжардам төрт облуска бөлүштүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстандан Казакстандагы суу ташкынга байланыштуу жөнөтүлгөн гуманитардык жардам төрт облуска бөлүштүрүлдү.

Бишкектен барган "Жардам кербенин" 9-апрелге караган түнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Жардам кайсыл облустарга бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалымат айтыла элек.

Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчү жана чатырлар өңдүү 300 тонна жүк менен 15 фура 6-апрелде жолго чыккан. Андан тышкары 10 куткаруучу да жөнөтүлгөн.

Акыркы күндөрү Казакстанда суу ташкынынан улам 70 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарында миңдеген турак жай, короолорду суу саптады. Жекшембиде Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги жана Улуттук гвардиянын тик учактары тартылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге телефон чалып, жаратылыш апаатына тынчсызданып турганын айткан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG