Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Улуттук банк эсептик ченди 11% түшүрдү


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 11% түшүрүү чечимин кабыл алып, ал 30-апрелде күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Банк эсептик ченди буга чейин 13% деңгээлинде кармап келаткан.

Өлкөнүн негизги банкы Кыргызстанда инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында 2023-жылдын декабрь айындагыдан 7,3% төмөндөп, 5,2% болгонун кошумчалады.

Быйыл январь – март айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө ички дүң өнүм (ИДӨ) 8,8% өскөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салымды кызмат көрсөтүү, курулуш жана кайра иштетүү сектору кошту.

Эсептик чен - инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа, инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG