Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

29-апрель: Бейшеналиевдин иши, Атазовдун билдирүүсү, АКШдагы студенттердин акциясы


Экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана министр Алымкадыр Бейшеналиев
Экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана министр Алымкадыр Бейшеналиев

29-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бейшеналиевдин иши: комиссия 25тей кат жиберди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия буга чейин эки жолу жыйынга чогулду. Комиссиянын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, анда мамлекеттик мекемелерге 25тей кат жөнөтүлдү. 3-апрелде парламенттин ошол кездеги депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен комиссия түзүлгөн. Ал Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген. Министр коюлган дооматтарды четке каккан.

Атазов парламентке басым күчөгөнүн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов “парламентке басым-кысым күчөгөнүн” билдирди. Ал Жогорку Кеңеште 13-марттагы акыркы кайрылуусунан кийин эле алты депутат мандатынан ажыратылганын, бул мыйзам чыгаруу бийлигинин ишине терс таасирин тийгизе турганын кошумчалады. Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Атазов Жогорку сотко кассациялык арыз берди. Ал коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал.

Украинадагы согушка катышкан Кубанычбек уулу Орусиядан саясий башпаанек алары айтылды

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти “Украинадагы согушка катышкан” деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу боюнча соттун токтомун алган эмес. Ал 26-апрелде орусиялык журналисттерге интервью бергенде соттун өкүмүнөн кийин Кыргызстандан Казакстан аркылуу чыгып кеткенин жана Орусияда жашап, орус жарандыгын ала турганын билдирген. 27-апрелде Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Кубанычбек уулу Орусиядан саясий башпаанек алаарын өзүнүн Телеграм-каналына жазды. Быйыл 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон.

Адвокаттык лицензия алуу үчүн сынактан 109 адам кулады

22-26-апрель күндөрү Юстиция министрлигине караштуу Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүү үчүн лицензия алууга талапкерлерди экзаменден өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, сынакка 126 талапкер катышып, компьютерлик тесттин жыйынтыгында 17 гана адам өттү. Адвокат болуп иштөө үчүн лицензия алууну каалагандар 110 суроого жооп берет. 70 же андан көп пайыз суроого туура жооп бергендер экзаменден өтөт.

Украина төрт облусу Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди

Соңку суткада Орусиянын артиллериялык жана минометтук чабуулдарынан Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарында кеминде жети киши жараат алганын Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Сумы облусу да аткыланганы, жалпысынан бул облуста кечээтен бери 127 жарылуу болгону кабарланды. Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, фронтто соңку суткада 131 жерде кагылышуу болду. Бир күн мурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, Орусия бардык тилкелерде чабуулдарын активдештиргенин, айрым багыттарда алар тактикалык ийгиликке жетишип жатканын билдирген.

АКШ университеттеринде палестиндерди колдогон акцияларда 900дөй киши кармалды

18-апрелде башталган студенттердин нааразылык толкуну Нью-Йорктогу Колумбия университетинин кампусунда нааразылык акциясын уюштурган жүздөн ашуун кишини кармап кеткенден кийин башталган. Төрт күн өткөн соң кампустун аймагында демонстранттар өзүнчө лагерь ачып, полиция барганда суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. The Washington Post 120 киши кармалганын жазган. Бостон шаарындагы Эмерсон коллежинде да студенттер менен полиция ортосунда кагылышуу болуп, төрт күч кызматкери жараат алган, 108 демонстрант кармалган. Жоржия штатында университеттердин бириндеги лагерди таркатуу учурунда химиялык каражат жана электрошокер колдонулганын полиция маалымдаган. Сент-Луис шаарындагы Вашингтон университетинде палестиндерге тилектештик билдирген акцияда жүздөн ашуун киши кармалды. Түштүк Калифорниядагы университетте он киши кармалды.

Грузин парламентинин комитетинде «чет элдик агент» мыйзамы экинчи окууда каралып жатат, бийлик антимитинг уюштурууда

«Азаттыктын» грузин кызматы билдиргендей, дүйшөмбүгө караган түнү борбор калаа Тбилисиде бир нече миң киши аянтта чогулуп, бул мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын билдирип, өлкөгө евроинтеграция зарыл экенин айтып турушту. AFP маалымат агенттиги 20 миңдей киши чогулганын билдирди. Ал эми мыйзамды сунуштап жаткан орусиячыл «Грузин кыялы» партиясы аянтта бүгүн кечинде антимитинг уюштуруп, 100 миң кишини чогултарын билдирди. Грузияда бийлик сунуш кылган Орусиянын «чет элдик агент» мыйзамын кабыл алууга каршы акция 15-апрелде башталган, жалпысынан үч күн ичинде 27 демонстрант кармалган. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуу болуп, митингчилерге күч колдонулган.

Казакстан: Эвакуация болгондордун 38,5 миңи үйүнө кайтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, эвакуациялык пункттарда дагы 7 миңге чукул адам бар. 23-апрелде казак өкмөтү суу каптаган аймактардан жалпысынан 120 миң киши башка жактарга чыгарылганын, алардын 44 миңи балдар экенин кабарлаган. 26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар - жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 120 миңдей киши эвакуацияланган, 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG