Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

"Тоок алып, топчу тиктим". 100 миң сомго бизнес баштаган ишкерлер


Айжан Кудайбердиева.
Айжан Кудайбердиева.

Кыргызстандын бийлиги "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында бир жолку берилчү колдоонун жалпы көлөмүн кескин көбөйттү. Соңку эки-үч жылдан бери каалоочулар жөлөк пулдун ордуна өкмөттөн 100 миң сом алып, ишкерчилик баштап жатышкан.

Мурдагы жылы 3 миңдей, былтыр 10 миңдей жаран колдоо алса, быйыл 20 миңден ашуун адамга көмөк берилгени турат. Кыргыз өкмөтү бул өнөктүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө түзөт деп ишенүүдө. Муну колдоого алгандар арбын, ошол эле маалда масштабды кеңейтүүнү сунуштагандар да жок эмес.

100 миң сомго чарба ачкандар

Бишкектин тургуну Айжан Кудайбердиева ушу тапта чакан чарбага ээ. Ал бул жайды жарым жылча мурдараак өкмөт берген 100 миң сомдун жардамы менен ачкан. Бул суммага болгону эки жабдуу келген. Бирок Айжан кыска убакытта аны ондон ашык кишини жумуш менен камсыздаган тигүү цехине айлантты. Учурда жети жабдуу өзүнүкү, ижарадагы калгандарын да жакында сатып алганы турат.

“100 миң сомго эки машинке алдым. Ошону менен иштеп жатып, дагы эки машинкени ошондон түшкөн пайдага сатып алдым. Андан кийин кошумча “Балдарды коргоо” деген окууга окуп чыгып, долбоорумду өткөрүп, дагы эки машинаны утуп алдым. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунда окуп, “Эмгекчил үй-бүлө” деген сертификат алдым жана андан топчунун изин тикчү жабдуу алдым”.

Каарманыбыз беш баласынын төртөөнө 5 миң сомдой жөлөк пул алчу экен. Ал кезде ымыркайлары менен үйдө отурган эне турмушта жолдошу менен айрылыш жолго түшүп, соңунда ушундай чечимге келген.

“Мен катар-катар балдарым менен буга чейин чейин үйдө эле отурчумун. Азыр эртең мененден кечке чейин иш, дем алышсыз. Кыйынчылыктар болду. Мындай бизнести ачып иштетүү өтө татаал экен, башында өтө эле кыйналдым. 100 миң сомго деле ыраазыбыз, бирок баары бир мындай ишти баштоодо кошумча акчаң болушу керек экен. Кошумча акчаң болбосо кыйыныраак болот экен”, – деди Айжан Кудайбердиева.

Жөлөк пулдун ордуна өкмөттөн бир жолку көмөк алгандардын дагы бири – Алай районунун тургуну Айжамал Калмырзаева. Ал айылда тоок ферма ачкан. Алар жылына 350гө чейин жумуртка бере турган тоокторду тандап алышкан. Учурда бул үй-бүлөдө 500дөй тоок бар. Эми алар чарбасын кеңейтип, жандыктардын санын миңге жеткирүүнү пландашууда.

Айжамал Калмырзаева "Азаттыкка" тоок багып, иш баштоону чечкен:

Айжамал Калмырзаева
Айжамал Калмырзаева

“Жолдошум экөөбүз кеңешип, ошол акчага жумуртка берүүчү тоок багууну пландадык. Планыбыз ишке ашып, Хайлан деген тоокторду багып жатабыз. Бир жыл ичинде биз эмнелерге жетиштик? Тоок өндүрүү боюнча онлайн курстарды ачтык. Бишкектеги тоок ферма менен келишим түзүп, түштүк регионго каалоочулар үчүн тоок жеткирүүгө жетиштик. Мына ушул жетишкендиктерибиз менен биз, жолдошум экөөбүз өзүбүздөн сырткары дагы эки кишини жумуш менен камсыз кыла алдык. Онлайн курс окуткан кызды жана жеткирүү менен алектенген жигитке иш берип жатабыз”.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөгөн "Социалдык келишим" долбоору үч жылча алдын башталган. Анын шарты жөнөкөй – жөлөкпул алып жаткан жаран андан үч жылга баш тартып, өз алдынча иш баштаса, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолу берилчү жардам алат. Муну үчүн арыз берген жарандар бизнес планын жана долбооун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек.

Жакырчылыктан чыгуунун бир жолу

Мына ушундай жол менен 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң адам мамлекеттен көмөк алды. 2024-жылы өкмөт бул максат үчүн 2 млрд сом бөлдү, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы менен дагы 3 миң үй-бүлө, ошондо жалпы 23 киши быйыл бизнеси үчүн 100 миң сомдон стартка ээ болмокчу.

Бул өнөктүктүн алкагында каражат алып, иш жүргүзүп жаткандар 22-майда Бишкекте чогулуп, кеңешме өткөрүштү. Ага президент Садыр Жапаров да катышып, бул долбоор Кыргызстанда жакырчылыкты азайтууга салым кошорун белгиледи.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Социалдык контракт” программасы үч жыл мурун Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Нарын облусунун Жумгал районунан 100 гана адам катышкан пилоттук долбоордон башталган. Ойдогудай жыйынтык берээр бекен деп байкоо салып, чыдамсыздык менен күтүп жүрдүк. Пилоттук долбоор жакырчылыкта жашаган жана балдарына жөлөк пул алган үй чарбаларына багытталган. Мындай жарандарды өз бизнесин ачууга жана өз алдынча үй-бүлө кирешесин түзүүгө үндөө - так ушул “Социалдык контракт” долбоорунун милдети болгон. Бул эксперименттин натыйжасында 100 үй-бүлөнүн баары киреше ала баштаганда, долбоордун натыйжалуулугу белгилүү болуп, биз кийинки кадамга – долбоорду бүткүл республикага жайылтууга белсендик. Ошентип, бүгүнкү күндө дээрлик 13 миң адам “Социалдык контракттын” аркасы менен бизнес-идеяларын ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө реалдуу салымын кошо баштады”.

Жакырчылык дегенде Улуттук статистика комитети анын деңгээлин эсептөө үчүн күнүмдүк керектөөнүн наркы менен калктын кирешесин чагып эсептейт. Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгарып салганда калктын жан башына алгандагы колдо бар акчалай кирешелери айына 7 948,4 сом деңгээлинен аз чыкса, ал үй-бүлө жакыр деп эсептелет.

Статкомитетинин эсебинде, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2019-жылы 20% чейин түшкөн. 2020-жылы пандемиялык шарттан улам бул көрсөткүч 25% чыгып, 2021-2022-жылдары 33% чейин жогорулап кеткен. Бул деген өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгү кедейчиликте жашайт дегенди түшүндүрөт.

100 миң сом менен бутка турса болобу?

“Социалдык келишим” долборунун алкагында жардам алгандардын 95,8% айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Иш баштагандардын дээрлик 71% айыл чарба тармагына мүнөздүү экен. Анын ичинде мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, бал аарычылык, күнөскана, канаттуулар чарбасын ачкандар көп.

Албетте, анын ичинде ийгиликсиз болуп калгандар же киреше таба албай калгандар жок эмес. Ошол эле маалда тиешелүү мамлекеттик адистер акча башка багытка иштетилип кетпешин улам-улам текшерип турат. Ал тургай былтыр президент өзү да Чүйдүн айылдарын кыдырып, жөлөк пулдун ордуна бизнеске жардам алгандардын үйлөрүн кыдырып чыккан.

Башка маселе, кеп болуп жаткан сумма – 100 миң сом кандайдыр бир бизнес ачканга жетеби?

“Албетте, бул таптакыр аз. Бирок баары бир кайсы бир суммадан башташ керек да. Көрпөңө карап, аяк узатасың да. Колунан келгендер ошол сумманы алып, бирдеме баштап алса, анан андан ары ириленип кетишер. Бул биринчиден. Экинчиден, бул эксперимент. Мындай жол менен иш баштоого биздин жарандар канчалык даяр экенин көрүш керек. Бирок жалпы жонунан 2 млрд сом аздык кылат. Ошол эле мен айтып жаткан “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору менен былтыры 26 млрд сом берилгенин уккам. Мына ошол каражаттарды муктаж үй-бүлөлөргө таратсын, ошол чоң жардам берет”, – деди экономист жана ишкер Манас Саматов.

Адис бул багыттагы аракеттер системалуу мүнөздө болушу керектигин белгилейт.

Манас Саматов
Манас Саматов

“Жакырчылыктан чыгуунун жалпы дүйнөлүк формулалары бар. Алар сыноодон өткөн, кеңири колдонулуп жүргөн формулалар. Социалдык адилеттүүлүк жагынан карай турган болсок, элге минтип аз-аздан болсо да жардам берүү илгертеден элдик салт. Ар бир айылда жетим-жесир, жөндөмдүүлүгү аз үй-бүлөлөргө жардам берип, өз алдынча оокат кылып кете тургандай даражага жеткирип, көмөктөшүп келишкен. Ушундай көз караштан караганда мындай аракеттер жакшы. Ортодо каталар, адашуулар, мүдүрүлгөндөр болушу мүмкүн, бирок бул колдоого алаарлык нерсе. Бирок мунун экинчи жагы да бар. Эгер жакырчылыкты жоюунун масшабын кеңейтебиз десек, анда мамлекеттен бөлүнүп жаткан сумма көбөйтүлүшү кажет. Айталы, “Айыл чарбасын каржылоо” деген программа бар. Анда аябай көп акча бөлүнөт. Менин пикирим боюнча социалдык адилеттүүлүк принциби менен иш тутабыз десек, анда так ушул багыттагы каражаттардын бүт баарын айылдагы үй-бүлөлүк фермердик чарбаларга беришибиз керек. Ошолордун эң кыйналган катмарына, эң аз пайыздар менен бериш керек”.

Өлкөдө жакырчылык менен үй-бүлөлүк кирешенин азайышы жарандарды насыя алууга түрткөн факторлордун бири катары аталып келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда 2023-жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алды.

2022-жылга салыштырмалуу насыя алгандар былтыр 10%, ал эми берилген насыянын суммасы 29,5% көбөйгөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG