Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Дүйнөлүк базарда буудайдын баасы кымбаттады


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк чийки зат базарында буудайдын баасы кымбаттады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып, баанын өсүшү Орусиянын Коргоо министрлигинин "20-июлдан тарта Кара деңизде Украинанын портторуна бараткан бардык кемелер аскердик жүк ташуучулар катары каралат" деген билдирүүсүнүн фонунда болгонун белгиледи. Мурдараак кымбаттоо тууралуу CNN каналы да кабарлаган.

Кремль Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотконун 17-июлда жарыялап, Москванын талаптары аткарылса гана аны улантууга даярдыгын билдирген.

Москва койгон шарттардын бири - "Россельхозбанкты" SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра кошуу. Орусия ошондой эле Украина аркылуу Европага тоскоолдуксуз аммиак жеткирүүнү талап кылууда. Киев дан келишимин Орусиясыз эле уланта берүүнү сунуштаган.

Акыркы күндөрү орус армиясы Украинанын порт аймактарына чабуулун күчөттү. 19-июлга караган түнү Орусия Одесса портун аткылап, Кытайга жөнөтүлгөнү жаткан 60 миң тонна эгин жок кылганын Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылдын февралында Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан кийин орус флоту Украинанын Кара деңиздеги портторун бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.

2022-жылдын 22-июлунда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия БУУнун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ушундай эле келишимди Орусия Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, кемелердин коопсуздугун камсыздоо милдеттемесин алган.

Кара деңиздеги данды экспорттоочу коридорго Украина, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү кирген Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбор мониторинг кылат.

БУУ маалыматына караганда, Украина жетишилген келишимден кийин миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жөнөттү. Дан келишими үч жолу узартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG