Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

"Вагнерге" жакын булак Украинада 22 миң жалданма жоочу өлгөнүн билдирди


Украинанын Бахмут калаасынын жанында табылган сөөктөрдү эксгумациялоо.
Украинанын Бахмут калаасынын жанында табылган сөөктөрдү эксгумациялоо.

Орусия Украинага согуш ачып, 2023-жылдын май айына чейин "Вагнер" менчик аскер уюмунун 22 миң жалданма жоочусу каза болду. 40 миңдейи жараат алды. Мындай маалыматты "Разгрузка Вагнера" Телеграм каналы 19-июлда жарыялады. "Свобода" радиосу бул каналдын аталган уюмга байланышы бар экенин жазды.

Аталган канал жалданма жоочулардын штабын башкарган кишиге шилтеме жасап кабарлагандай, "Вагнер" согушка жалпысынан 78 миң адамды жалдаган, алардын 49 миңи абакта отургандар болгон.

Жакында "Медуза" жана "Медиазона" басылмалары иликтөө жүргүзгөнүн жарыялап, Украинадагы согушта 47 миңдей орус жоокери каза тапкан деп жазышты.

"Медиазона" басылмасы, Би-Би-Си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар өлгөн орус аскерлеринин 26 801инин тек-жайын аныкташкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык жазбайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарга да түшүндүрмө бербей келет. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG