Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Аймактык реформа: Түптө 13 айыл аймагы бешке чейин азайды


Түп району.
Түп району.

Аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы 13 айыл аймагы бешке чейин кыскарды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Илияз Иманбетов 20-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Жаңы түзүлгөн айыл аймактары Юстиция башкармалыгынын каттоосунан өтүп, күбөлүктөрү алынды. Штаттык санына жараша кызмат орундарын бөлүштүрүү үчүн жыйындар уюштурулду жана 201 штаттык бирдиктин 25и кыскарды. Бириктирилген айыл аймактарынын Жайыт жана суу комитеттеринин буюм-тайымдарын, документтерин өткөрүп берүү иштери толугу менен аяктады. Тийиштүү айылдык кеңештер төрагаларын шайлашты",- деди Иманбетов.

2022-жылы ноябрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түп районунан башталарын билдирген.

Быйыл апрель айында Жапаров аймактык реформаны Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары административдик-аймактык реформа парламенттин макулдугусуз жүргүзүлүп жатканын сынга алышкан.

Былтыр сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматынан өз эрки менен кеткен. Ошондо ал "жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзүм жетти, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечтим" деген эле.

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун дооматына жооп берип, "Аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес" деп айткан.

Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына” былтыр октябрда кол койгон жана Министрлер кабинетинин бул багыттагы жыл башында жүргүзө турган иш планын бекиткен. Анда аймактык реформа жүргүзүү маселеси да каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG