Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

Ибраев энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Эгер мындай чара көрүлбөсө, энергетика тармагындагы таңкыстык оорлошот деп эскертти.

"Өзгөчө кырдаал режимин президенттин жарлыгы менен жарыялоону сунуштайм. Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Мисалы, 2023-жылы 17 миллиард 200 миң кВт/саат болсо, 2026-жылы 19 миллиард кВт/саатка чейин жетет. Дефицит 5-6 милилард кВт/саатка барып калышы мүмкүн", - деди Ибраев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул сунушту колдоп, президенттин жарлыгынын долбоорун чукул даярдоого тапшырма берди.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG