Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга санкция салышы ыктымалдыгы тууралуу маалыматка комментарий берди. Анда кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганы, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан буга барышы ыктымалдыгы айтылат.

"АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга болот. УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалар ишкерлик жүргүзүү жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган товарлардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катышып калган болушу мүмкүн экенин белгилейт. УКМК мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган иликтөө жана тергөө иштерин баштады", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында The Washington Post басылмасы АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын өз булактарын таянып жазган. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы белгиленген.

Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген эле.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берген. Министрлик "Инвест Импульс" ишканасынын DJI Agras T30 14 даана учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирген.

Экономика жана коммерция министрлиги быйыл АКШ, Евробиримдик жана Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткен соң, мындай товарларга экспорттук көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалап, бир катар чаралар көрүлгөнүн маалымдады.

Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги буга комментарий берип, өлкөнүн бийлиги эл аралык эрежелерди сактай турганын, аткезчиликти жана мыйзамсыз сооданы токтотууга дилгир экенин билдирген.

The Washington Post басылмасынын макаласында Кыргызстандын Орусияга экспортунун жалпы көлөмү Москва Украинага кол салгандан кийин 250% өскөнү көрсөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG