Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:11

Камчыбек Ташиев кримтөбөлдөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн билдирди. Ал мындай топтордун башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

"Кыргызстаныбызда эч кандай уюшкан кылмыш топтору, бандиттер, рэкеттер жана бизнеске кол салуу болбойт. Уюшкан кылмыш топтору толугу менен жоюлат. Менин сөздөрүмдү жөнөкөй эле жарандар эмес, уюшкан кылмыш топтору, бандиттер дагы угуп отурса керек. Урматтуу президентибиздин койгон тапшырмасы - Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбосун. Мындай топтордун жетекчилери, эгер Кыргызстанда тынч жашай албасаңар, анда өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер алар Кыргызстандан кетпеген болсо, жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам", - деди Ташиев.

Өткөн аптада Чаткалда ок атуу менен коштолгон жаңжал катталган да, ага уюшкан кылмыш топторунун тиешеси бар деген маалыматтар чыккан эле.

Быйыл апрель айында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламентте Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерге кысым көрсөтүп каражат талап кылган фактылар 90 %га чейин азайды деп айткан.

ИИМдин маалыматына ылайык, азыркы кезде 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG