Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Ташиев аскердик тармакка 2,5 жылда 120 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында Кыргызстанда соңку жылдары аскердик тармакка каражат бөлүү бир канча эсе көбөйгөнүн билдирди. Мындан улам мамлекеттин акчасына техникалар сатып алынып жатканын айтты.

"Биз аскердик техниканы жана курал-жарактарды масштабдуу түрдө жаңыладык. 2020-жылы бул багытка 3,5 миллиард сом гана жумшалса, 2021-жылы 32 миллиард , 2022-жылы 53 миллиард сом сарпталган. Быйыл алты айда 40 миллиарддан ашык сом бөлүндү. Ошентип, соңку 2,5 жылда 120 миллиарддан ашык сом берилди. Мындан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү сатып ала элек "Байрактар", "Аксунгур" жана "Акынжы" деген учкучсуз аппараттарды, абадан коргоочу жабдууларды, Ми-8, Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактарды сатып алдык", - деди Ташиев.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өткөн айда Орусиянын "Рособоронэкспорт" мамлекеттик ишканасынан Ми-17 тик учагын сатып алган.

Президент Садыр Жапаров Коргоо кеңешинин 13-июндагы жыйынында Коргоо министрлигинин беш тик учагы бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өткөнүн, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатып алынганын, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учак алуу планда бар экенин билдирген.

Кыргыз бийлиги коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG