Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кызды издөө уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кызды издөө уланып жатканын кабарлады. Ага ылайык, жалпысынан 20-июлда 21 куткаруучу чыкты.

"Чүй облусунда Аламүдүн капчыгайындагы сууга 18-июлда бир жашар К. С. кызы аттуу наристе түшүп кеткен. Кызын куткарам деп 1996-жылы туулган А.Э. аттуу аял дагы сууга агып кеткен. Ошол эле күнү келиндин сөөгү табылган",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашуун адам сууга чөгүп каза болду жана кырсык бул былтыркы жылдын ушул маалына карата 25 %га өстү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG