Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Пакистанда талибдер полициянын эки кызматкерин атып өлтүрдү


Пакистан полициясынын автоунаасы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Пакистан полициясынын автоунаасы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Пакистандын Пешавар аймагында талибдер полициянын эки кызматкерин атып өлтүрдү, дагы экөө жараат алып, бери дегенде 10 киши жараат алды. Окуя 20-июлга караган түнү Ооганстан көзөмөл өткөрүү бекетинде болду.

Полициянын башчысы Аршад Хандын айтымында, жардыргыч зат менен кол салгандар качып кеткен, аларга издөө жарыяланды. Чабуулга жоопкерчиликти ишмердигине тыюу салынган “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобу алды.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу максатын айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.

XS
SM
MD
LG