Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Мектеп курууга жумушчу жетпей жатканын айткан жетекчи акимдерден жардам сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушу тапта 100 мектеп салынып, аларды курууга жумушчу жетпей жатканын бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди. Өкмөттүн быйылкы жылдын алгачкы жарымындагы ишин жыйынтыктап талдаган чогулушта сүйлөп жатып, министр 100 мектептин курулушу быйыл аякташы керектигин, бул иш президенттин жеке көзөмөлүндө турганын айтты да, мындай курулуш буга чейин болбогонун белгиледи:

“Чүй менен Ысык-Көлдө 12ден, Нарында жана Таласта сегизден, Жалал-Абадда 20, Ошто 30, Баткенде 10 мектеп курулууда. Урматтуу акимдер, мына, көрүп жатасыздар, 40 райондо абдан чоң курулуш болуп жатат, мындай чоң иш буга чейин болгон эмес. Бизге жумушчу жетишпей жатат. Сиздерден сураныч, алдыда 5-6 ай эле калды, бизге жардам берип коюңуздар. Муну эл билиши керек”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган мектептерди куруу иши солгун жүрүп жатканын айтып, "30 мектеп сентябрга бүтчүдөй, 70и эптеп-септеп жаңы башталып келе жатат. 1-январга чейин тапшырбасаңыз сиз мындан ары бир дагы мамлекеттик кызматка алынбайсыз", - деди.

Бүгүнкү жыйындын жыйынтыгында ар бир министрлик-мекеменин ишине баа берилип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин ишмердүүлүгү "канааттандырарлык эмес" деп бааланды.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 246 мектеп авариялык абалда турганын быйыл 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып, өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирген.

Айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу көптөн бери айтылып келет. Былтыр 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Ошол эле жылы 21-ноябрда президент Садыр Жапаров авариялык абалдагы 80 гана мектеп калганын, алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган имараттар экенин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG