Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

УКМК милициянын капитанын акча алган деген шек менен кармады


Милициянын капитаны кармалганы тууралуу УКМК тараткан сүрөт. 19-июль, 2023-жыл
Милициянын капитаны кармалганы тууралуу УКМК тараткан сүрөт. 19-июль, 2023-жыл

Милиция кызматкеринин акча алып кармалышына байланышкан иш боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы УКМКга жеткирилди.

Бул тууралуу атайын кызмат 19-июлда кабарлады. Буга чейин мекеме анын кол алдындагы кызматкерди кармаган.

Мекеме анда А.Ч. инициалындагы милициянын улук тергөөчүсү, капитан акча алып жаткан жеринен кармалганын, ал аты аталбаган адамдардан жума сайын 10-15 миң сомдон алып турганын маалымдаган.

Шектүү тарап жана шаардык милиция УКМКнын маалыматына комментарий бере элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG