Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрөбү? 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынууда. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканын The Washington Post басылмасы өз булактарына таянып 18-июлда жазды.

Басылманын кабарчылары АКШ президенти Жо Байдендин администрациясындагы бир нече жогорку даражалуу расмий адамдар менен сүйлөшкөн. Алар Бишкекке бир нече жолу барган америкалык жана европалык аткаминерлердин “ийгиликсиз” сапарынан кийин Вашингтон кыргызстандык компанияларга ушул жумада экономикалык чара көрүүгө камданып жатканын айтышкан. Кайсы компанияларга кандай санкциялар салынары азырынча белгисиз.

“Вашингтон пост” мисал катары быйыл июнь айында Казакстандын бажысы кыргызстандык компаниянын дрондорун кармаган окуяны келтирген.

Июнь айынын башында казак бажысы кыргызстандык "Импульс-Инвест" компаниясынын Орусияга жөнөткөн DJI Agras T30 деп аталган 14 дронун алып койгону тууралуу кабар чыккан.

Буга компаниянын аны экспорттоо боюнча лицензиясынын жоктугу себеп болгон. Кийин дрондор сатыкка коюлган. Казак бийлиги аларды 193 миң долларга баалаган.

Ак үйдүн расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Украинада согуш башталганы, өзгөчө акыркы айларда Кыргызстанда импорт-экспорт менен алектенген компаниялардын саны өскөнү, алар негизинен Орусия менен иш жүргүзөрү байкалган.

Фирмалар Кытайдын жана Европанын "кара тизмеге" кирген товарларын, тактап айтканда, учкучсуз аппараттардан баштап, учактардын тетиктерине чейин Орусияга сатуудан жакшы пайда көрүп жатканын абал менен жакындан тааныш аткаминер "Вашингтон постко" айтып берген.

Басылма ачык булактардагы документтерге таянып, 2022-жылы Кыргызстандан Орусияга экспорттолгон товарлардын көлөмү мурдагы жылга, согушка чейинки убакытка салыштырмалуу 250% өскөнүн белгилейт.

Кыргызстандын реакциясы

Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги басылмага берген комментарийинде, өлкө жетекчилиги эл аралык нормаларды сактоого жана аткезчилик менен мыйзамсыз соода-сатыкка каршы күрөшкө кызыкдар экенин билдирген.

Ал эми Москва менен соода-сатыктын жогорулашынын себебин чек аралардагы товарлардын өтүүсүнө байкоо салган электрондук системалардын жакшырганы менен байланыштырган.

"Кыргызстан менен Орусия Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү. Жалпысынан эле Орусия биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири. Миллиондон ашуун жарандарыбыз Орусияда эмгектенишет", - деп жазылат билдирүүдө.

Макала жарык көргөндөн кийин, 19-июлда Кыргызстандын Экономика министрилиги буга байланыштуу билдирүү таратты.

"Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок "Инвест Импульс" ишканасы 2022-жылы мындай типтеги товар ташууга уруксат сурап кайрылган эмес. Мекеме учкучсуз аппараттар айыл чарбасында кеңири пайдаланылып жатканын эске алып, товардын экспорттук көзөмөлгө жатарын билбеши мүмкүн. Бул экспорттук көзөмөл эрежелери бузулган жалгыз учур экенин баса белгилейбиз, ишкана толугу менен жоопкерчиликке тартылган", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик тараткан билдирүүдө АКШ, Евробиримдик жана Британия өкүлдөрүнүн Бишкекке жасалган сапарларынан кийин мекеме аскердик жана кош багытта колдонулчу товарлардын экспортуна көзөмөл күчөтүү үчүн бир катар чараларды кабыл алганы жазылат.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга санкция салышы ыктымалдыгы тууралуу маалыматка комментарий берди. Анда кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганы, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан буга барышы ыктымалдыгы айтылат.

"АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга болот. УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалар ишкерлик жүргүзүү жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган товарлардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкүн экенин белгилейт. УКМК мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган иликтөө жана тергөө иштерин баштады", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандык талдоочулардын айрымдары расмий Бишкек бул маселеге келгенде “өтө этият болушу керек эле” деген пикирин ортого салышты. Алардын бири Руслан Акматбек "Азаттыкка" мындай пикири менен бөлүштү:

"Эмнеге Кыргызстанга эле айтып атат? Себеби биз ошол кошуналардан айырмаланып, өзүбүздүн позициябызды так аныктабай койдук. Депутаттардын тили менен айтканда «талтайып», эмне каалап жатканыбызды түшүнө албадык. «Эптеп эле Кремлдин каарына калбасак болду» деген ээрчиме саясаттын артынан ушуга келдик. Макул, Казакстанды же башкасын көзгө илбейли. Жок дегенде кошуна, ири держава деп саналган Кытайдын деле саясатын карасак болот. Бээжин деле санкцияларга кабылып калбаш үчүн Орусияга ачык колдоо көрсөтө албай турат. Биз үчүн бул бир чоң белги болушу керек эле. Баарынан коркконум, санкциялардын жыйынтыгында Кыргызстан дагы обочодо калып калышы толук мүмкүн".

“Вашингтон пост” жазгандай, АКШнын азыркы жана мурдагы расмий адамдары Кыргызстандын геосаясий жана экономикалык кыйынчылыктарын эске салып, ошол эле учурда айрым кошуна мамлекеттер Орусиянын болуп көрбөгөндөй басымына карабастан санкцияларга кабылбоо үчүн чынчылыраак аракет кылып жатышканын белгилешкен.

Дагы бир саясат талдоочу Нурсултан Акылбек тескерисинче, Вашингтондун кадамын адилетсиз деп эсептейт:

"Орусияга жардам берген мамлекеттердин арасынан Кыргызстандын үлүшү аз эле. Көрүнүктүү деле эмес. Анткени биз Орусия менен чектешпейбиз. Бул жерде бир аз акыйкатсыздык бар. Биз билгенден кошуна мамлекеттер, башка ортомчу болобуз деген өлкөлөр деле Орусияга бизге салыштырмалуу чоң эле жардам берип жатышат. Бирок жазында Евробиримдиктин жана Американын расмий адамдары менен жолугушуудан кийин кыргыз өкмөтү жок дегенде чек ара, бажы кызматтарынын жетекчилиги менен жыйындарды өткөрүп, жаңылыктарды чыгарып, мындай мыйзамсыз кадамга барбай турганы тууралуу ниетин билдирип коюшу керек эле. Азыр деле кеч эмес".

Вашингтон Бишкекке санкция салууга даярданып жатканы тууралуу маалымат боюнча Кремль дагы үн катты.

"Кыргызстан биздин жакын өнөктөшүбүз жана өнөктөшүбүз, андан тышкары албетте, бизди абдан өнүккөн интеграциялык процесстерге катышканыбыз да бириктирип турат", - деди орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында, Москва бул кызматташууну өнүктүрүүнүн аракетинде.

DJI Agras T-30 деген кандай дрон?

DJI Agras T-30 деп аталган кытай дронун кыргызстандык фирма Орусияга кайра сатуу үчүн алган.

Бул дрондорду чыгарган DJI компаниясы согуш башталган 2022-жылдын февралынан баштап өз продукциясын Орусия менен Украианга сатууну токтоткон. Ушундан улам орусиялык компания аны “башка жолдор менен алууну көздөгөнбү” деген ой жаралат.

Аскердик эксперттердин пикиринде, бул аппаратты бомба ыргытуу же курал жабдыкты алып өтүү үчүн колдонсо болот. Agras T-30 башка дрондорго салыштырмалуу үнү катуураак чыкканы менен төрт миң метр бийиктикте учуп, ар кандай аба ырайында, күнү-түнү иштей алары компаниянын сайтында жазылган.

Дрон камера, радар жана прожектор сыяктуу ар кандай татаал тетиктер менен жабдылган.

"Азаттыктын" иликтөөсү

"Азаттык" радиосунун июнь айындагы иликтөөсү Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган, бир эле учурда жарандык да, аскердик да өндүрүштө колдонула турган товарлар Кыргызстанда жана Казакстанда түзүлгөн компаниялар аркылуу Орусияга кирип жатканын, алардын көбүнүн артында орус жарандары турарын, алардын айрымдарынын орус армиясына байланышы бар экенин көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз, казак, украин кызматтарынын жана борбордук жаңылыктар бөлүмүнүн журналисттери бул иликтөө үчүн миңдеген соода жана бажы документтерин, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ачык порталдарды изилдеп чыккан.

Жазында Евробиримдиктин, АКШнын жана Британиянын расмий өкүлдөрү биринен сала бири Бишкекке жана Астанага келип кетишти. Алар чөлкөмдөгү өлкөлөрдү жарандык да, аскердик да өндүрүштө колдонуулучу кош багыттагы товарлардын Орусияга агымын көзөмөлдөөгө чакырышкан.

Мындай эскертүүлөр Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын экинчи деңгээлдеги санкцияларына кабылбайбы деген санааркоого да жол ачкан. Экинчи тараптан Кремль да эгер Борбор Азия Батыштын талаптарын аткарса, кесепети оор болорун эскерткен. Кыргызстан менен Казакстан Орусиянын Украинадагы согушуна бейтарап мамиле кыларын билдирип келет.

Жакында Чолпон-Ата шаарында өткөн “Евробиримдик-Борбор Азия” саммитинде кыргыз президенти Садыр Жапаров Европа тараптын кооптонуусуна токтолгон эле.

“Биз санкцияларга дуушар болгон товарлардын белгилүү бир тобуна байланыштуу европалык өнөктөштөрүбүздүн кооптонуусу менен өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз, бул маселе боюнча Евробиримдик менен диалогду улантууга даярбыз”,- деген президент.

Май айында АКШ Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негизде биринчи жолу кыргызстандык “Тро.Я” аттуу компаниясына санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG