Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

Санкциялар: Кыргызстан чоң державалардын ортосунда


Лондон кыргыз өкмөтүнө санкцияларды эскертти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

26-27-апрель күндөрү Бишкекке АКШ менен Улуу Британиянын санкциялар боюнча жооптуу өкүлдөрү келип, кыргыз бийлиги менен жолугушууларды өткөрдү. Алар санкциялык товарлар Орусияга Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өтүшү Батышты камтама кылып жатканын билдиришти.

Садыр Жапаров бул арада орус президентинин чакыруусу менен Москвадагы парадга катышуу үчүн барат.

Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид 27-апрель күнү Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн жана жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукту. Анда негизги сөз Орусияга салынган санкциялардын эрежелерин сактоо маселеси болду.

Батыш өлкөлөрүнүн статистикасы көрсөткөндөй, Украинадагы согуш майданында колдонулуп жаткан жогорку технологиялык товарлардын Орусияга агымы соңку мезгилде кескин көбөйгөн. Дэвид Рид Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен сүйлөшүп, Орусияга болгон экспортко жакшылап көзөмөл кылууга чакырып жатканын билдирди.

“Конкреттүү товарлардын түрлөрү камтама жаратууда. Ал – майдандагы абалды өзгөртүүгө кудуреттүү жогорку технологиялык товарлар. Биз согуштун тезирээк аякташын каалайбыз. Анын бир жолу – Орусияны андай товарлар менен камсыздоону чектөө. Көптөгөн өлкөлөрдөн ошол товарлардын Орусияга агымынын кескин көбөйүшүн көрүүдөбүз. Биз ошол мамлекеттер менен сүйлөшүп, Орусияга болгон экспортко жакшылап көзөмөл кылууга чакыруудабыз. Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүдө канткенде санкцияларды кыйгап өтүү ыктымалдыгын азайтабыз, өзгөчө жогорку технологиялык, аскердик максаттарда да колдонулушу мүмкүн болгон товарларды чектейбиз деген маселени талкууладык. Британия бул маселеде өнөктөштөргө таянат. Биз региондогу өлкөлөр менен санкцияларды кыйгап өтүү тобокелдиктерин азайтууда биргелешип иштөөнү көздөйбүз. Бүгүн кыргыз өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан санкцияларды айланып өтүүнүн хабы болбойт деп ишендиришти. Алдыдагы жумаларда, айларда диалогубузду улантабыз. Бул санкциялар кыргыз элине, орус элине каршы багытталган эмес. Бул чаралар согуштун аякташын көздөйт”.

Ушул эле күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын Финансы министринин финансылык кылмыштар боюнча жардамчысы Элизабет Розенберг менен Соода министрлигинин Өндүрүш жана коопсуздук бюросунун жетекчисинин экспорттук көзөмөл боюнча орун басары Мэтью Аксельрод дагы Бишкекте Министрлер кабинети, Тышкы иштер министрлиги, Экономика министрлиги, Бажы кызматы жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен санкция маселелерин талкуулады.

Сапардын соңунда АКШнын өкүлдөрү "Акипресс" маалымат агенттигине маек куруп, санкциялар жана алардын Кыргызстанга таасири, кесепети тууралуу суроолорго жооп беришти.

Мэтью Аксельрод согуш башталгандан бери Кыргызстандын Орусияга экспорту эки эседен ашык көбөйгөнүн, анын басымдуу бөлүгү өлкө экономикасы үчүн пайдалуу, мыйзамдуу соода экенин айткан. Ошол эле маалда экспортко чыгарылган товарлар арасында санкцияга илингендери да бар болушу мүмкүндүгүн билдирген.

"Биз экспорттун кайсы бир бөлүгүндө биздин мыйзамдар менен тыюу салынган буюм-тайымдар бар болсо керек деген ойдобуз. Ушул себептен улам, кыргыз өкмөтү, финансылык институттар жана башкалар менен соода-сатык тууралуу соңку маалыматтар эмнени көрсөтөрүн кеңешүү үчүн бул жерге келдик. Украинадагы согуш талааларынан табылган орусиялык ракеталардан жана дрондордон санкцияга илинген белгилүү бир компоненттердин чыгып жатышы чындап кабатырга салууда. Биз Орусия биздин мыйзамдарды жана көзөмөлдү кыйгап өтүү үчүн Кыргызстандагы, Казакстандагы жана башка жерлердеги компанияларды колдонууга аракет жасабайт деп ишенгибиз келет. Биз бул жакка Кыргызстандан Орусияга жөнөтүлгөн компоненттер чындап өсүп жаткандыгы боюнча өзүбүздүн байкоолорубуз менен бөлүшүү үчүн келдик. Бизди мындай жагдай кабатыр кылууда жана бул тенденция акыры токтойт деп ишенгибиз келет”.

Чабармандар билдиргендей, кыргыз өкмөтүнүн жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнө электрондук компоненттер, өткөргүчтөр жана башка итегралдык схемалар өңдүү аскердик багытта колдонууга жарай турган санкциялык товарлардын тизмесин беришкен.

Америка Кошмо Штаттарынын Финансы министринин финансылык кылмыштар боюнча жардамчысы Элизабет Розенберг кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жыйынтык берерине үмүт кыларын билдирген.

“Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү мүнөздө жүрдү. Алар жарык маанайда тосуп алышты, биз бөлүшкөн бөтөнчө маалыматты түшүнүүгө кызыкдарлыгын көрсөтүштү. Санкциялар жана экспорттук көзөмөл боюнча абдан орундуу суроолорду беришти. Санкциялардын шартында кантип багыт табуу боюнча татаал суроолор да болду. Мен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан канааттанып турам”.

Кыргыз өкмөтү Батыш өлкөлөрүнүн санкциялар боюнча чабармандары менен болгон жолгушуулар тууралуу азырынча расмий маалымат жарыялай элек.

Эл аралык ишкердик кеңешинин президенти Аскар Сыдыков Кыргызстанда ишкерлер арасында санкциялык товарларды экспорттоонун эрежелери тууралуу маалымат чектелүү экендигин айтат. Ал мындай кырдаалда ишкерлер жалпы өлкөнү тобокелдикке салуудан абайлашы зарыл деп эсептейт.

“Мурун айтылып келген 700 ашуун, азыркы айтылган 9 товардык топтор боюнча бизде кененирээк маалымат чектелүү, көп деле маалымат жок. Ал товардык топторго эмнелер кирерин жалпылап эмес, деталдаштырып жана мисалдап айтсаңар жакшы болот эле дедик. Себеби ишкерлер кээ бир учурда билбей калып, туура эмес түшүнүшү мүмкүн деп суроолорду бердик. Керек болсо инфографика же видеотасмалар менен түшүндүрүлсө, балким, жеткиликтүү болор эле деген ойду билдирдик. Биз болсо ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин улантабыз. Ишкерлер санкция киргизген өлкөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, инструкцияларын талдап, эске алышы керек. Себеби бул өлкө үчүн тобокелчилик, ошондуктан, башка ишкерлерибизди, өлкөнү тобокелдикке салбаш үчүн ишкерлер бардык эрежелерди сакташы керек”.

Март айынын соңунда Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан да Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300% чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшпөшү керектигин басма сөз жыйынында айткан.

Бул арада кыргыз президенти Садыр Жапаров 9-майдагы парадга катышуу үчүн Москвага сапар алып турат.

Кыргызстанда санкцияларга байланыштуу маселелер курчуп бараткан маалда Садыр Жапаровдун Кремлге өтө ынакташып баратканы коомдун талкуусунда турат. Украинанын президентинин мурунку кеңешчиси Алексей Арестович Казакстан Москва менен соода-сатыгын чектөөгө өтүп жаткан маалда анын мындай иш-аракети жөнсүз экенин эскертип, кыргыз президентин бир жактуу болууга чакырган.

“Мен ага Кыргызстан Евробиримдиктен активдүү жардам алган өлкө экенин эсине салып койгум келет. Ошол эле маалда, ал жаш балдарды уурдаганы үчүн камакка алууга эл аралык ордер чыгарылган адамга баратат. Мында ары-бери ойной бербей, кайсы орундукка отурууну бир жактуу аныктап алышы керек. Санкция салган тараптарга жакындыгы бар адамдар Кыргызстан аркылуу Орусияга кош милдетти аткарган өтө көп товар өтүп жатканын айтып атышат. Бул абдан кооптуу иш. Мага эмне үчүндүр Кыргызстандын учурдагы бийлигине олуттуу чаралар көрүлө тургандай сезилип жатат. Мен болсо урматтуу кыргыз элине көйгөй жаралышын каалабайт элем”.

Ал эми Москва Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларын чыңдоо ниетин билдирип чыкты. Орусиянын “РИА Новости” агенттиги жазгандай, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-апрелде Индияда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун министрлеринин жыйынында АКШ терроризм менен күрөшүүгө жардам берүү шылтоосу менен Борбор Азиядагы таасирин калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алынып жатканын айтты.

Буга байланыштуу расмий Бишкек азырынча комментарий бере элек.

Эл аралык саясат боюнча эксперт Эмил Жороев Кыргызстан эгемен жана эрктүү саясатын карманбаса, чоң державалардын ортосунда жабыр тартып калышы мүмкүн болуп турат деп эсептейт.

“Тилекке каршы, кырдаалдын багыты көрсөткөндөй, чоң державалардын жарышуусу биздин үстүбүздөн болуп калчудай болуп калды. Акыркы кезде ачыктан-ачык эле Орусия мамлекети менен согушту алып бараткан кырдаалда ага каршылаш тараптардын Кыргызстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттердин ичинде биздин үстүбүздөн ат салышуусу эч кандай дипломатиялык сөзгө деле оролбой, өтө ачыкка да чыгып жатат. Экинчи жагынан, биз үчүн өтө опурталдуу, кооптуу кырдаалга алып келүүдө. Мындай жерде кыргыз бийлиги, тышкы саясатты алып барып жаткан мекемелерибиз Кыргызстандын эгемендигин, өзүбуздүн ар кандай сырткы күчтөр, тараптар менен байланышта өз алдынча чечүүгө укуктуу экендигибизди, кимдер менен кандай мамиледе болорубузду өзүбүз чечүүгө укуктуу да экендигибизди, чече тургандыгыбызды да бекем айтуубуз зарыл. Эгер унчукпай же бардык келген тараптарга макул деген позицияны карманчу болсок, тилекке каршы, жакынкы арада Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жагымсыз болгон кырдаал ойноп кетүүсү ыктымал болуп турат”.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда, 2022-жылы Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнөн импорту мурунку жылга караганда үч эсеге жакын көбөйгөн.

Ал эми Европа өлкөлөрүнүн статистикасы Кыргызстанга кеткен экспорттун көлөмү 2022-жылы 10 эседен, 50 эсеге чейин өскөнүн көрсөтөт.

Ошол эле маалда, кыргыз статистикасы менен Евростатистика мекемесинин маалыматтарынын ортосунда 5 эсеге чейин айырма бар.

Өткөн жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген.

Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG