Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

О’Салливан: Орусияга салынган санкция узакка созулат


О’Салливан: Орусияга салынган санкция узакка созулат
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:52 0:00

О’Салливан: Орусияга салынган санкция узакка созулат

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ал Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга салынган экономикалык санкциялар жана аны кыйгап өтүүнүн айла-амалдары боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: О’Салливан мырза, сиз Кыргызстанга келгенге чейин Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Пакистанда болгунуңузду, эми Казакстан, Өзбекстан, Грузия жана Арменияга барарыңызды айттыңыз. Сиздин бул сапардын максаты эмне?

Дэвид О’Салливан: Өзүңүздөр билгендей, Орусия Украинага басып киргенине бир жылдан ашты. Ал жакта ырайымсыз согуш жүрүп жатат. Орусиянын агрессиясына каршылык иретинде Европа Биримдиги Москвага буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды салган. Биз эми бул санкциялардын аткарылышына көңүл буруп жатабыз. Бул иштин басымдуу бөлүгү Евробиримдиктин өзүндө жасалышы керек.

Ошондой эле бул иштин алкагында үчүнчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жана диалог жүргүзүлүп жатат. Биз байкаганыбыздай, Европа Биримдигинен бул өлкөлөргө биз Орусияга жөнөтпөй калган товарлар көп ташылып жатат. Менин сапарымдын максаты – ал мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү, соода агымынын табиятын аныктоо, санкциялардан кыйгап өтүү аракети бар же жок экенин көрүү жана эгер мындай аракет болсо аны кантип алдын алсак болорун талкуулоо.

“Азаттык”: Сиз басма сөз жыйынында Евробиримдиктен товар ташуу 300% чейин көйбөйгөнүн айттыңыз. Бул жерде сөз сиз айтып жаткан бир нече өлкөлөр тууралуу болуп жатабы же ЕБден Кыргызстан экспорттолгон товардын көлөмү ушунча өстүбү?

Дэвид О’Салливан: Сөз болуп жаткан 300% сооданын көрсөткүчү бул Евробиримдиктен Кыргызстанга экспорттолгон товарларга тиешелүү. Мындан тышкары Европа Биримдигинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга, Грузияга, Сербияга экспорт көбөйдү. Евробиримдик мурда Орусияга экспорт кылып келген, бирок санкциялардан кийин токтотуп койгон товарларды көп сатып алып жаткан бардык өлкөлөрдү карап жатат.

“Азаттык”: Сөз конкреттүү кайсы товарлар тууралуу болуп жатат эл керектөөчү товарларбы же согушта колдонула турган жабдууларбы?

Дэвид О’Салливан: Соодасы 300% көбөйгөн товарлардын баары санкциялык тизмеге киргизилген товарлар. Биз мунун ичинен согуштук аракеттерге колдонулчу товарлардын, жаңы технологиялардын көбүрөөк ташылып жатканына өзгөчө кабатыр болуудабыз. Мындай жабдыктардын Кыргызстанга экспорту 700% өскөн.

“Азаттык”: Орусияга салынган экономикалык санкцияларды колдобогон өлкөлөр товар жеткирүүдө Орусияга курал болуп калбашы керектигин да айттыңыз. Эгерде мындай фактылар аныкталса Евробиримдик кандай чара көрүшү мүмкүн?

Дэвид О’Салливан: Биринчиден, биз фактыларды аныктап алышыбыз керек. Европа Биримдигинен Кыргызстанга келип жаткан санкциялык тизмедеги товарлар өлкөнүн өзүндө пайдаланылып жатабы, же санкцияларга кошулбаган региондогу башка өлкөлөргө экспорттолуп жатабы, же чынында Орусияга жөнөтүлүп жатабы? Биз ушуну тактап алышыбыз шарт. Товарлар Кыргызстандын өзүндө колдонулса, маселе эмес.

Эгерде Орусияга реэкспорт болгону аныкталса, биз биринчиден тигил же бул өлкөгө муну алдын алуу тууралуу өтүнүч жиберебиз. Анткени Кыргызстан жана жогоруда сөз болгон башка мамлекеттер Украинадагы согушта нейтралдуу позицияны карманарын, Европанын санкцияларынан буйтап өтүүгө платформа болуп бергиси келбей турганын так айтышкан. Андыктан биз эгер кайсы бир маселени аныктасак, аны алдын алуу үчүн кыргыз бийлиги биз менен кызматташат деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Орусияга салынган экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүдөгү айла-амалдар тууралуу Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшө алдыңызбы?

Дэвид О’Салливан: Ооба, кечээ Кыргызстандын экономика министри, Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын өкүлдөрү жана сооданы көзөмөлдөөгө тиешеси бар расмий адамдар менен жолуктум. Жакшы сүйлөшүү болду. Биз маселенин масштабын жана ыктымал санкцияларды кыйгап өтүү аракетин алдын алуу үчүн кандай чаралар керектигин бирге аныктоо максатында техникалык жумушту улантууну макулдаштык.

“Азаттык”: Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга компьютерлер, машина, кир жуугуч машинанын жабдыктары экспорт болуп жатканын билдирген. Сизде да так кайсы товарлар ташылып жатканы боюнча маалымат барбы?

Дэвид О’Салливан: Бизде Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнө кайсы товарларды экспорт кылганы боюнча так маалыматтар бар. Бирок азырынча Борбор Азиядан Орусияга реэкспорт болуп жаткан товарлардын тизмеси боюнча маалыматыбыз так эмес. Дал ушул маселени мен барган өлкөлөрдүн жетекчилери менен такташкыбыз келет. Ошондой деталдуу маалыматтын негизинде санкцияларды буйтап өтүү аракети бар же жогун жана кандай чаралар керек экенин так түшүнөбүз.

Мындан тышкары Европа Биримдигинен Орусия аркылуу транзит менен Борбор Азияга жөнөтүлгөн товарлар тууралуу да сөз кыла кетишим керек. Бул товарлар көп учурда Борбор Азияга жетпей Орусияда калып жатат деген тынчсыздануу бар. Евробиримдик Орусия аркылуу Борбор Азияга жөнөтүлгөн товарлар Орусияда калбастан дарегине жетип жатканын көзөмөлдөй турган системаны ишке киргизүү маселесин бийлик өкүлдөрү менен талкуулагысы келет.

“Азаттык”: Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдиктин товарларын Орусияга же Беларуска реэкспорт кылып жатканы аныкталып калса, кандай чара көрүлөт жана кесепети кандай болот?

Дэвид О’Салливан: Эгерде Кыргызстанга жөнөтүлгөн санкциялык тизмедеги көп көлөмдөгү товар Орусияга кирип жатканын аныктасак, биз кыргыз бийлигинен бул товарлардын реэкспортун токтотууну өтүнөбүз. Биз Евробиримдиктин Орусияга салган санкциялары боюнча Кыргызстандын позициясын сыйлайбыз. Биз силер да санкция салгыла деп айтпайбыз.

Бирок биз Кыргызстандын Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүчү платформа болуп бербейбиз деген билдирүүлөрүнө олуттуу көз караштабыз. Өзгөчө Орусия Украинадагы ырайымсыз согушуна пайдалана турган товарлардын ташылышына да көңүл бурабыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык”: Кыргызстан да санкцияларга илинип калуу коркунучу жокпу?

Дэвид О’Салливан: Евробиримдиктин бул согушка катышпаган өлкөлөргө санкция салуу ыктымалдуулугу өтө аз. Орток чечимдерди таба албасак, биз аскердик максатта колдонулуп кетиши мүмкүн деген товарлардын экспортуна чектөө коюп, санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшкөн үчүнчү өлкөлөрдөгү айрым ишканаларга санкция салышыбыз мүмкүн.

Бирок биз сөз болуп жаткан бардык өлкөлөр менен конструктивдүү диалог жүргүзүп, эки тарапка ыңгайлуу чечимдерди тапкыбыз келерин баса белгилейм. Бул өлкөлөрдүн баарынын, анын ичинде Кыргызстандын санкцияларды аткаргысы келбесе да, аларды кыйгап өтүүчү курал болгусу келбей турганын билдиргенин эске алабыз. Эгер маселе бар экени аныкталса да, сүйлөшүүнүн негизинде чечим табабыз деп ишенем.

“Азаттык”: Украинада согуш уланууда. Евробиримдиктин Орусияга каршы экономикалык санкциялык саясаты мындан ары кандай жүргүзүлөт?

Дэвид О’Салливан: Орусияга каршы мурда болуп көрбөгөн, өтө катаал санкциялар салынган. Бул санкциялар биздин Орусия менен соодабыздын көп бөлүгүн камтыйт. Жакынкы убакта ал санкциялардын натыйжалуу сакталышын көзөмөлдөө уланат. Орусияга согушка колдоно турган жабдыктарды жеткирбөө, андан тышкары согушту каржылоону токтотуш үчүн экономикасын алсыратуу боюнча максаттар канчалык аткарылып жатканын карайбыз. Мен алдыда Орусияга кошумча дагы санкциялар киргизилиши мүмкүндүгүн четке какпайм. Себеби, башта айткандай, бул чектөөлөр көпкө чейин созулат. Биз жана дагы башка өлкөлөр, өзгөчө өнөктөштөр бул реалдуулукту кабыл алып, экономикалык саясатын ошого жараша жүргүзүшү зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG