Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Санкциялар: Бишкек Орусияга чырмалууда


Кыргызстандын Орусияга реэкспорту жөнүндө коллаж.
Кыргызстандын Орусияга реэкспорту жөнүндө коллаж.

2022-жылы Кыргызстандын тышкы соода алакасында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Импорттук позицияда Кытай алдыга чыкса, Орусияга кеткен экспорт 2,5 эседен ашты. Ал эми Европага багытталган экспорт кескин кыскарып, бирок ал жактан келген импорттун көлөмү 2,5 эсеге чейин өстү. Кыргызстандан товар реэкспорттоо кыйла күчөгөнү байкалды. Буга негизги себеп катары Орусия Украинага согуш ачкандан берки санкциялардын кесепети аталууда.

“Элдик экономика” түрмөгүндө өлкөнүн тышкы соодасындагы бурулуштар жана товарлардын агымынын динамикалары талданды.

Орусияга жана Беларустун айрым компаниялары менен аткаминерлерине салынган санкциялар эл аралык сооданын түзүмүн кыйла өзгөрттү.

Кыргызстан обочодо калган Орусия жана Беларустун эл аралык коомчулук менен соода-сатыгына ортомчу болгон өлкөгө айланды.

2022-жылдын статистикасын карасак, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жалпысынан 40,4% өстү. Импорттун өсүшү 73% жетсе, экспорт, тескерисинче, 22,4% азайып кетти.

Экспорттун мындай төмөндөп кетиши Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) тышкары өлкөлөргө экспорттук жөнөтүүлөрүнүн кескин солгундап кетиши менен түшүндүрүлөт.

Маселен, сентябрь айында ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөргө товар экспорттоо 68,5%, ал эми КМШдан тыш өлкөлөргө 76,5% азайып кеткен. Андан кийин, бул тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. Ошол эле маалда ЕАЭБ менен КМШдан тыш өлкөлөрдөн товар импорттоо 2,3 жана 2,5 эсеге чейин өскөн.

Ал эми Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр менен соода жүгүртүү 4,5 млрд. долларды түзүп, 2021-жылга караганда 32,3% өстү. Уюмдун ичиндеги соода алаканын 71,4% Орусияга жана 26,2% Казакстанга туура келет.

Ишкер Медербек Эсеналиев 11 жылдан бери Кыргызстанга кеңсе кагаздарын импорттоп иштейт. Мурда Түркия, Казакстан жана Орусиядан импорттоп келсе, 2022-жылдан бери Орусия менен гана иштешип калган. Украинадагы согуш эл аралык сооданын түзүмүнө кыйла эле өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтууда.

“2022-жылдын февраль айынан кийин Орусияда кагаз өндүрүшү толук токтоду. КМШда, Орусияда жана Борбор Азияда кагаз каатчылыгы пайда болгон. Кагаздын баасы эки эсеге чейин өскөн. Анан биз май-июнь айларында айла жоктон Кыргызстандан Орусияга кагаз экспорттогонго туура келди. Азыр абал кайра турукташты, орустар кагазды агарта турган химикатты таап, кайра чыгара баштады. Былтыр чек лентасы тартыш болбоду беле. Орусияда анын өндүрүшү толук токтогон. Айла жок Казакстан аркылуу Германиядан тартылып келген. Биз дагы Германия аркылуу Орусияга жеткизүүгө аракет кылганбыз, бирок аябай кымбат болгон үчүн пайда көргөн жокпуз”.

Азыр Кыргызстандын тышкы соода алакасында кандай өзгөрүүлөр болгонун карап көрөбүз. Алгач импорттук көрсөткүчтөрдү алалы.

Айта кетүү керек, биз талдоону Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарына таянып жасадык. Эксперттер баамдагандай, расмий маалыматтар формалдуу алкакта жасалгандыктан, реалдуу көрүнүштү толук ачып бере албашы мүмкүн. Андыктан, көмүскө экономика, анын ичинде товар аткезчилиги расмий маалыматтарды олуттуу өзгөртүп жибериши мүмкүн экенин да унутпашыбыз кажет.

Импортто башкы өнөктөш Кытай болду

Соңку 10 жылдын маалыматтары көрсөткөндөй, Кыргызстандын импорттук алакасында Орусия менен Кытай теңтайлашып келет. Бирде Орусия лидерликке чыкса, бирде Кытай алдыга озот. 2022-жылы Кытайдан эң көп товар импорттолуп, Орусияны кайра басып өттү. Андан кийинки орундарда салттуу түрдө Казакстан, Түркия жана Өзбекстан келет.

Кыргызстан менен Кытайдын жалпы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,7 млрд. доллар болду же 2021-жылга караганда 2,8 эсеге өстү. Экспорт 11,4% азайса, импорт 2,9 эсеге көп болду.

Кытайдан негизинен жеңил өнөр жай товарлары, ар түркүн аксессуарлар, техникалык жабдыктар жана гаджеттер импорттолду. Алардын бир бөлүгү Кыргызстандын ички базарларында калса, дагы бир бөлүгү Орусия, Европа, Бириккен Араб Эмирликтери өңдүү үчүнчү тарапка реэкспорттолгон.

2022-жылы Кытайдан кийин эле Орусиядан көп товар импорттолду. Эки өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсү 3 млрд. долларга чукулдап барса, анын 2 млрд. доллардан ашууну импортко туура келди. Орусиядан келген импорттук товарлардын көлөмүндө мурдагы жылга караганда дээрлик 24% өсүү болду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, дан азыктары, анын ичинде буудай негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келинет. Мурда алардын буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, тагыраагы 55% Орусиядан, 45% Казакстандан келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, буудай импортунда Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болуп калды.

2022-жылы Кыргызстанга жалпысынан 189,2 миң тонна буудай импорттолду. Бул 2021-жылдагы 207 миң тоннадан 9% аз. Орусиянын импорту 2021-жылга караганда 62% өссө, Казакстандыкы 94% азайган.

Орусиядан келген буурчактын (горох) импорту 2021-жылга салыштырмалуу 94%, жумуртка 2,5 эсеге, кайра иштетилген картошка азыктары 74%, мөмө-жемиш кыямынын импорту 60% көп болду.

Өткөн жылы Кыргызстан дары-дармектерди мурунку өнөктөштөрүнүн дээрлик бардыгынан эле адаттан көп импорттоду. Казакстан, Украина, Египет, Улуу Британия, Венргия, Грузия, Франция өңдүү өлкөлөрдөн келген дары-дармек импорту бир кыйла азайган. Ошол эле маалда Орусиядан жасалган импорттун көлөмү мурунку жылга караганда 170 эсеге өскөн.

Автоунаалардын импорту менен реэкспорту да назарды бурат. 2022-жылы жалпысынан 34 миңден ашуун жеңил автоунаа кирген. Алар негизинен Түштүк Корея, Орусия, АКШ, Жапония, Грузия, Литва жана Кытайдан келген. Ошол эле маалда, Кыргызстандан Орусияга сатылган автоунаанын саны мурунку жылга караганда 2,2 эсеге өскөн. Ал эми Беларуска сатылган унаа тетиктеринин көлөмү эки эседен ашкан. Ал жакка негизинен радиаторлор жөнөтүлгөн.

Ишкер Медербек Эсеналиев Орусия менен Беларустун компаниялары санкциялардан качып өндүрүмдөрүн Борбор Азиянын өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу эл аралык базарга чыгарып жатканын айтат. Ошондой эле, Кыргызстанда катталган орус жана беларус компанияларынын чет элдик товарларды өз өлкөлөрүнө реэкспорттогон учурлары аз эмес дейт ал. Мисал катары кыргыз мыйзамдарынын алкагында Бишкекте ачылып, жергиликтүү ишкана катары иштеген орус жана беларус компанияларынын айла-амалдарын келтирди.

“Алар санкциядан качып, негизинен Кыргызстан, Казакстан же Өзбекстан аркылуу ишмердигин аткарып атышат. Ошондой эле Беларус өлкөсү товарларын Кыргызстан аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө, андан ары Европага реэкспорт кылып атат. Орусиянын дагы бир нече компаниялары учурда Бишкек, Казакстан, Ташкентте жайгашкан. Менин билишимче, Беларустун автотетиктерди саткан компаниясы Кыргызстанда жайгашкан, аябай чоң кампа экен. Алар Кыргызстан аркылуу коңшу өлкөлөргө, андан ары Европага реэкспорт кылышат. Кудум эле башка өлкөдөн келип, Беларусь компаниясынын биздеги кампасына кирип, бизде туруп, ошондон ары кетет. Эгерде Беларус же Орусиянын компаниясы бизге келип, биз аркылуу кете турган болсо, бизге санкция кылып калышы мүмкүн. Ошондуктан, алар Кыргызстанга келип, бул жакта компаниясын ачып, ошол эле өздөрүндө чыгарган же башка өлкөлөрдөн алып келген тетиктерди биздин өлкөгө жайгаштырат. Андан ары реэкспорт болот”.

Орусияга экспорт 2,5 эседен ашты

Эми Кыргызстандын экспорттук көрсөткүчтөрүнө келели. Учурда экспорттук позицияда эң алдыга чыккан мамлекет 256%дык өсүш менен Орусия болуп турат. Мунун ичинде жеңил өнөр жай товарларын сатуу 6 эсеге чейин өсүшү негизги көрсөткүч болду.

Кыргызстандын экспортунда Орусия эзелтен эле башкы өнөктөш беле же соңку геосаясий окуялардан улам ушундай жагдай жаралдыбы? Бул үчүн биз жок дегенде соңку 10 жылдагы статистикалык маалыматтарга көз чаптырып көргөнүбүз туура болот.

Эгерде соңку 10 жылды карап көрчү болсок, 2012-жылдан 2017-жылга чейин кыргыз экспортунда эң башкы орунда Швейцария туруп келген. Ал жакка жыл сайын 500 млн доллардан ашуун суммага товар экспорттолчу жана анын 99% алтын болчу. Ал жылдары Швейцария Кыргызстандын жалпы экспорттук соодасында 50% ашуунун ээлеп турган.

2018-2020-жылдары экспорттук өнөктөштөрдүн алдыңкы сабына Улуу Британия чыккан. Бул мезгилде алтын экспорту Швейцариядан Улуу Британияга көчкөн жана анын жалпы кыргыз экспортундагы үлүшү 40% айланасында болгон.

2021-жылы экспорттогу лидерликке Европадагы “белгисиз өлкө” деп аталган аймак чыкты. Ал жылы, эсибизде болсо, Кыргызстан “белгисиз өлкөгө” 19,2 тонна же бир миллиарддан ашуун долларга алтын сатып, окуя бир кыйла чуу жараткан болчу. Бирок, Улуттук статистика комитетинин аналитикалык документинде капысынан экспорттогу лидерликке озунуп чыккан “белгисиз өлкө” тууралуу маалыматтар камтылган эмес. Анын ордуна 4 тонна алтын сатылган Улуу Британия жөнүндө жазууну туура көрүшкөн.

Белгилей кетиш керек, биз талдаган 10 жылдан бери Швейцария, Улуу Британия жана “белгисиз өлкө” алтын экспорту менен рейтингдин сап башында турганына карабай, алардан кийинки орундарда социалдык маанилүү товарлардын олуттуу көлөмү менен Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия туруп келген.

Ал эми 2022-жылы Кыргызстандан Орусияга эң көп экспорт жасалды. Мындай динамикалык өсүшкө орус базарларына сатылган жеңил өнөр жай товарларынын алты эсеге көбөйгөнү түрткү берди. Мындан тышкары, ал жакка технологиялык товарлар, автоунаалар жана алардын тетиктеринин реэкспорту да бир кыйла көп болду.

2022-жылдын март айынан баштап катаал санкциялар кире баштагандыктан, Орусиядагы эл аралык ири компаниялар өндүрүштөрүн кыскартып, өлкөдөн жапырт чыгып кетишкен жана ал жакка өндүрүмдөрүн сатууну токтотушкан.

Мындан улам Орусиянын аймагында эл керектеген маанилүү товарлардын таңкыстыгы башталган. Кремль абалдан чыгуу үчүн “дос өлкөлөр” аркылуу товарлардын “параллелдүү импортун” киргизүүгө уруксат берген. Ошондон тарта дүйнөлүк бренд өндүрүмдөрдү жана социалдык маанилүү товарларды башка өлкөлөр аркылуу Орусияга алып кирүүгө “жарым мыйзамдуу” жол ачылган. Муну менен катар, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн аймагына үчүнчү тараптан кирген товарлар да Орусияга ээн-эркин сатылат.

Өткөн жылдын ноябрь айында өткөн Улуттук салык форумунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов Кыргызстандын Орусияга товар реэкспорту көбөйгөнүн билдирген.

“Бизде Салык кызматында жана Бажыда эки депозит бар. Учурда Эмираттардан, Европадан импорт абдан жакшы келип жатат. Аларга бажыдагы депозитке кошумча нарк салыгы төлөнөт да, андан ары Орусияга чыгарылып кетет. Анан 180 күн ичинде биздин өз ара аракеттенүү тутумубуз аркылуу Орусияда кошумча нарк салыгы төлөнгөнү жөнүндө тастыктама келсе, депозиттеги салык кайра кайтарылат”, - деген Нурлан Умтулов.

Украинанын товарлары Кыргызстан аркылуу Орусияга өтүп жатат

Өткөн жылы Орусияга негизинен даяр кийим-кечек жана ага керектүү аксессуарлар, кездеменин түрлөрү менен фурнитуралар, эмерек фурнитуралары (темир бекиткичтер (крепеж), азык-түлүк таңгактоочу жабдыктар, ноутбук менен планшеттер, сантехникалык жабдыктар, байланыш жабдыктары (уюлдук телефондор, кулакчындар), жеңил автоунаалар жана автоунаа тетиктери (дөңгөлөк, радиатор) жана оюнчуктар түз экспорттолду.

Булардын ичинен басымдуу көпчүлүгү башка өлкөлөрдө өндүрүлүп, Орусияга Кыргызстан аркылуу барган товарлар же реэкспорт болуп эсептелет. Өткөн жылы үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга кирген импорттун, аны менен катар Орусияга кеткен экспорттун көлөмү кескин өсүп кеткени көңүлдү буруп турат.

Ишкер Жыргалбек Жоробай уулу канаттуунун этин Кыргызстанга импорттоп иштейт. Ал 2022-жылы тоок этин үчүнчү өлкөлөрдөн алып келип Беларуска реэкспорттоп иштеген.

“Кыргызстандан негизинен тоок этинин субпродуктылары кетип атты. Көпчүлүк товарлар Өзбекстандан бизге келип, Беларуска жөнөтүлдү. Австриядан, Украина өлкөсүнөн келди, бизге келип, кайра Беларуска чыгып кетип атты, негизинен ошол жакка чыгып атат. Бизден бажылык каттоодон өтүп эле кайра чыгып кетет. Бир эле компания жок дегенде 500-600 тонна чыгарды. Андай субпродуктыдан былтыр мен билгенден 3 миң тоннадай чыкты окшойт. Бизге кирип, кайра чыгып кетти. Ал эми Европага негизинен Беларус өзү чыгарып атты. Европа дагы тандалма санкция берип атат да. Кээ бир өндүрүмдөргө санкцияны өзгөртүп коюп жатат. Биринчи алар бизден чыгарабыз деп жаткан жеринен, Европа санкцияны кайра жокко чыгарып туруп, Беларус өзү Кыргызстансыз эле чыгарып калды. Мисалы, бизге алгач бензин жана башка көп товарлар боюнча кайрылган. Кийин эле өнөктөштөр кайра чыгып “бизди санкциядан алып койду, өзүбүз экспорттой турган болуп калдык, силердин керегиңер жок болуп калды” деп айтышты”.

Адистер ырастагандай, Орусия мурда кийим-кечек менен айыл чарба өндүрүмдөрүн көбүнчө Африкадан, Латын Америкадан, Жакынкы Чыгыштан алчу. Былтыр анын баары токтоп, аргасыз Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан алып жатат.

Асылбек Кочкоров оор жүк ташуучу автоунаа же мындайча айтканда фура менен Кыргызстандан Орусияга, Түркия жана Грузияга жүк ташыйт. Ал жакында Грузиядан Украинанын тоок этин алып келгенин, бул жакта бажыга кириштелгенден кийин алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетерин айтып отурат.

“Бизге жүк негизинен Германиядан келүүдө. Көбүнчө Германия, Литва, Польша деп, анан Украинадан тооктун эти аябай көп келип атат. Мен азыр Грузиядан Украинанын тоок этин алып келдим. Украиналыктар Грузияга түшүрөт, биз аны жүктөп Бишкекке алып келебиз. Кыргызстандын товары катары андан ары кетет. Анткени, алар санкциялык товар болуп атпайбы. Кээ бири Бишкекте калат, көбүрөөк келип калса Орусияга кетирип атышат. Санкциялык товар болгондуктан, биз Грузиядан Орусия аркылуу каттабай, паром менен келебиз. Бакудан паромго отуруп, Казакстанга түшөбүз. Орусияга салдырбайт, ал жак санкцияда болгондуктан, киргизбейт. Ошого окшош товарлар Түркия, Болгария, Румыния аркылуу келип, Кыргызстанда же Казакстанда бажыланып, анан Орусияга биздин жүк катары чыгып кетип атат. Орусиянын товарлары деле ошондой болуп атпайбы – бизге келип же Түркияга барып, анан Европага кирип кетип жатат да”.

Кытайдан келип, кайра реэкспорттолгон товарлар

Кытайдан импорттолгон жеңил өнөр жай товарларынын көпчүлүгү кийим-кечек болуп тигилип, айрым бөлүгү аксессуар же чийки товар бойдон Орусияга реэкспорттолуп жатты.

Муну менен катар Кытайдан келген бут кийим, баштыктар жана оюнчуктардын көпчүлүгү кайра Орусияга сатылды.

Адатта уюлдук телефондордун басымдуу бөлүгү Кытайдан импорттолот. Смартфондор үч-төрт жыл мурда Орусия менен Бириккен Араб Эмирликтеринен да импорттолуп келген, бирок 2020-жылдан бери ал жактан келген агым токтогон. Соңку жылдары Вьетнам, Индия, Түштүк Корея сыяктүү өлкөлөр дагы активдүү кошулду.

Кыргызстанга импорттолгон смартфондор менен аксессуарлардын 1/5 бөлүгү башка өлкөлөргө кайра экспорттолуп кетет.

2018-2021-жылдардын статистикасына көз чаптырсак, Орусиядан келген импорттун көлөмү Кытайдан кийинки орунда турган. Ошол эле маалда 2018-2019-жылдары смартфондор БАЭден да олуттуу көлөмдө келип турган. 2020-жылдан баштап БАЭден келүүчү телефондор дээрлик нөлгө түшкөн. 2021-жылдан баштап Кыргызстан менен БАЭнин смартфон соодасынын түзүлүшү туура 180 градуска бурулуп, тескерисинче Бишкектен Дубайга ири көлөмдө смартфон экспорттолуп калды.

2022-жылы Кыргызстанга 2 млн. 200 миңдей смартфон импорттолгон. Алардын 88% Кытайга, 10% Вьетнам менен Индияга, 2% Түштүк Кореяга туура келет. Анын 15% же 330 миң телефон Бириккен Араб Эмирликтерине сатылган.

Орусияга 15 миңден ашуун уюлдук телефон жана модем, роутер өңдүү жабдыктар экспорттолгон. Муну менен катар, санкциялык товарлардын катарына кирген телефондун кулакчындары мурдагы жылдан 55 эсе көп сатылды.

Кыргызстандын атына жазылган жүктөр

Улуттук банктын эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында жеке жактар чет өлкөлөргө 1 млрд. 82,5 млн. доллар каражат которгон. Анын 80% Орусияга, 17% Түркияга, калган 3% АКШ, Германия, Казакстан өңдүү чет өлкөлөргө которулган. Сыртка чыгып кеткен акчанын көлөмү мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда 215% көбөйгөн.

Финансылык талдоочу Арсланбек Кененбаев которулган акчаны кадимки соода алакасынын көрүнүшү катары эсептейт. Ал товарлар санкцияда калган Орусияга өтүп, эсептешүүлөр Кыргызстан аркылуу жүрүп жатат деп божомолдойт.

“Товарлар Кытайдан келет, акчаны Түркияга, Дубайга, Европага которот. Бул жөн гана товардык транзит. Биз эч нерсе айта албайбыз. Анткени, бул жерде калп операциялар көп болгондуктан, статистика туура эмес. Азыр Кыргызстан аркылуу акча адалдоо көп болуп жатат. Биздин банктар аркылуу көп акча жууп атышат, кир жуугуч машина да. Документте бир маалымат, чыныгы операция башкача. Мисалы, жеке киши 2 млн. доллар которду дейли. Бул которуу эмес, бул жөн эле соода. Болгону эч ким салык төлөбөйт, бирок транзит жасап атат. Кыргызстанга керек болсо товар келбейт. Мисалы, Европадан товар Орусияга баратат, санкциядан улам ал жакка түз барбайт. Ошондуктан, алар товарды Кыргызстанга жөнөтүшөт. Бирок, товар бул жакка келбей, эсеп-чот биздин банк аркылуу кетет”.

Эгерде ушул өңүткө муюй турган болсок, анда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн, өзгөчө Европадан алып келген импортунун көбөйүшү (61%) менен Орусияга жөнөткөн экспортунун кескин өсүшүнүн (2,5 эсеге) таржымалын түшүнө баштайбыз.

Анын үстүнө 2022-жылдын соңунда иликтөөчү журналисттер Беларус жыгачтары кантип Кыргызстандын атынан Европага экспорттолуп жатканын талдап чыгышкан.

Андагы маалыматтарга караганда, Беларустун жыгач иштетүүчү продукциясына санкциялар күчүнө кирери менен аны Казакстандан ташып келүүнүн көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 74 эсе, Кыргызстандан болсо 18 миң эсе өскөн.

Иликтөөдө беларустук "Стандарт качества" деп аталган экспертиза борбору Бишкектеги "Сертификат КейДжи", “Агро Кейджи", "СК Гранд" жана "Адмит" деп аталган төрт компания менен кызматташары айтылат. Алар ушундай жол менен беларус жыгачына Кыргызстандын документтерин алууга жана Евробиримдиктин бажысынан өткөрүүгө жардам берет. Жыгачтын өзү Кыргызстанга алып келинбейт.

Кыргызстан жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев обочодо калган Орусияга Европа товарларын киргизүүдө Кыргызстан дагы ортомчу аянтчанын ишин аткарып жатканын белгиледи.

“Мурда Европадан жүктөр Орусияга деп келчү эле, алар азыр көбүнчө Кыргызстанга, Казакстанга деп келип атат. Бул жакка түшүргөндөн кийин кайра орустар алып кетүүдө. Мен айдоочулар менен сүйлөшкөндө баамдагандай, кээде темир-тезектер менен жабдыктар, кээде жыгач – иши кылып Европа түздөн-түз Орусияга жеткире албай калган товарлар казактарга же кыргыздарга дегендей келип атат. Ага керектөө товарлары эмес, көбүнчө өндүрүштүк товарлар – жабдыктар, компьютерлер кирет. Бизге келип бажыдан өткөргөндөн кийин Бажы биримдигинин товары болуп калат. Биздин экономикалык аймагыбыз бир да. Бир аймак ичинде ары-бери жыла берет. Албетте, өздүк наркы өсөт, бирок орустар ошого кайыл болуп атпайбы. Мисалы, алып келген товарларын Кыргызстанга келди деп, документтештирип, салыгын төлөп туруп, анан кайра алып кетүүдө. Документ түрүндө, мыйзам жолун тазалап атышат. Ошон үчүн бизге экспорт болду деп эсептелип калып жатат. Иш жүзүндө кайра чыгып кеткенин эч ким иликтеген жок”.

“Кыргызстан тобокелдиктердин үстүндө баратат”

Былтыр июль айында АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанды Орусияга санкциялык товарларды өткөрүшү же жалпак сөз менен айтканда эл аралык аткезчиликке аралашышы мүмкүн өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.

Сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Нью-Йоркто Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлерине жолукканда Орусияга салынган санкциялардын аткарылышы боюнча камтамачылыгын билдирип, эрежени карманууга чакырган. Анда аймактын өлкөлөрүн Москванын таасиринен алыстатуу жана экономикалык альтернативдүү багыттар жөнүндө талкуу болгон.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев Кыргызстан мындай күмөндүү иштерге аралашып чоң тобокелдиктерге башын байлап атканын айтат. Ал санкциялык товарларды Орусияга киргизип жатканы далилдене турган болсо, Кыргызстан үчүн кесепети кымбатка турарын эскертти.

“ЕАЭБге Орусия бизди ишендирип киргизген. Бирок ага киргизүүнүн бир амалы же көмүскө максаты ошол Орусиянын товарларын Кыргызстанга сатуу болгон. Себеби, статмаалыматтар ошондой көрүнүп аткан. Биздин Орусияга экспортубуз азайып кеткен, импорт эки-үч эсе көбөйгөн. Тагыраагы, биз Орусиядан шаймандарды, темир-тезекти, мунайзатты, унду, буудай-арпаны, балыктын жемин алып калганбыз. Алар Европаныкы, бирок орусиялык компаниялар бизге жеткирип аткан. Бирок, быйыл кескин өзгөрдү. Украина менен Орусиянын чыр-чатагынын айынан абал өзгөрүп, санкциялар кирбедиби. Орусияга товарлар келбей калгандыктан, алар мажбур түрдө биз, казактар, өзбектер аркылуу алып калышты. Эгерде бул Батышка билинип калса, алар санкцияларды Кыргызстанга карата дагы колдонушу ыктымал. Ошондуктан, бул тобокелдик, кандай болуп кетерин эч ким билбейт. Эгерде мындай маалымат ачыкка чыгып кетсе же далилденсе, анда Кыргызстанга кыйын эле болот”.

2022-жылы февраль айынын аягында Орусия Украинага кол салгандан кийин санкциялардан улам эл аралык соода чынжырчалары бузулган. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынан обочолонуп калган Кремль олуттуу кыйынчылыктарга кабылып, өзүнө көз каранды мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга өткөн. Анын ичинде Кыргызстан да Орусиянын товарларын эл аралык базарга чыгарууга жана ал жактан Орусияга алып кирүүгө ыңгайлуу аянтча болуп берүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG