Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

"Москва Борбор Азиянын баркын сезе баштады"


Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн бейформал саммитинен тартылган сүрөт, 26-декабрь, 2022-жыл.
Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн бейформал саммитинен тартылган сүрөт, 26-декабрь, 2022-жыл.

Орусия Борбор Азиянын тышкы саясатын, өзгөчө аскердик-стратегиялык тармакта ким менен достошуу керектигин тескегиси келет. Эл аралык изоляцияда калган Москва санкцияларды кыйгап өтүү үчүн чөлкөмдү транзит катары пайдалууну көздөйт. 2022-жылы Орусия менен аймактын мамилеси кандай өнүктү?

Жыл жыйынтыгын саясий аналитик, Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов менен чыгардык.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

- Орусия Украинага кол салгандан бери Москва менен Борбор Азиянын мамилелери өзгөрдүбү?

- Ооба, мамилелер өзгөрдү, бирок азырынча радикалдуу өзгөрүүлөр болду деп айта албайбыз. Түрдүү багытта алга жылуулар байкалууда. Орусиянын согуш майданынын айрым тилкелеринде утулуп жатканы армиясынын чабалдыгын, геосаясий, аскердик-стратегиялык алсыроосун, технологиялар жактан Батыштан, НАТОдон артта калганын даана көргөзүүдө.

Москва урушка чоң каражат жумшап жатат, запастары түгөнүүдө. Мунун бардыгы Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусиядан бир аз оолактоого, тышкы байланыштарда өз алдынча саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Путин жетектеген Москва мурдагы советтик өлкөлөрдүн, өзгөчө Борбор Азия менен кайсы бир деңгээлде Кавказдын үстүнөн болгон өз көзөмөлүн калыбына келтирүүнү максат кылат. Негизинен алардын тышкы саясатын, өзгөчө аскердик-стратегиялык тармакта ким менен достошуу керектигин тескегиси келет.

Ушу тушта аймактык жана дүйнөлүк башка оюнчулар менен алака-катнаштын жанданганына, альтернативдүү логистикалык-транспорттук маршруттарды орнотуу аракеттерине күбө болуудабыз.

Саясий өз алдынчалыкты кеп кылганда биринчи кезекте сырткы коркунучка туруштук берүү дараметин эстен чыгарбоо зарыл. Украинаны, буга чейин Молдова жана Грузияда болгон окуяларды эске алганда азыр Орусия коркунучтун булагына айланган.

Бул жаатта кандайдыр бир алга жылуу жоктой. Казакстан менен Өзбекстан жакында кол койгон келишимде үчүнчү тарап кол салганда биргелешип коргонуу тууралуу пункт сакталып калганбы же жокпу белгисиз. Дал ошол жери Москванын терс реакциясын жараткан эле.

Путин ага чейин үч өлкөнүн өнөктөштүгүн түзүүнү сунуш кылган да. Келишим жарыяланганда байкап көрөлү. Ошол пункт камтылган болсо, анда суверенитеттин, суверендүү интеграциянын кепилдиги болгон жамааттык коргонуу тууралуу аймактагы алгачкы макулдашууга күбө болобуз.

- Башкача айтканда, өз алдынча саясат жүргүзүү аракети болуп жатат?

- Айрым бир аракеттер көрүлүүдө. Мисалы, ушу тапта актуалдуу болуп турган Батыштын санкцияларын сактоо маселесин алсак. Бир нече күн мурун эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу өкүлү (Александр Стерник) Борбор Азия өлкөлөрүн опузалаганга чейин барды. Чөлкөм мамлекеттеринин санкциялык режимге баш ийүүсү Москва үчүн кабыл алынгыс деп айтты. Анын сөздөрү нааразылык жаратты. Ага чейин Евразия экономикалык биримдигинин Бишкектеги саммитинде да бул маселе козголгон. Токаев "биз Батыштын санкцияларына каршыбыз, бирок аларды буза албайбыз" деп билдирген.

Орусия Борбор Азияны санкцияларды кыйгап өтүүчү транзиттик зона катары колдонгусу бар. Кайсы бир деңгээлде ал планы ишке ашууда. Сыягы чөлкөмдөгү өлкөлөр санкциялык режимди сактоону эскерткен АКШнын, Батыштын басымына туш болууда. Өзбекстандык бир компания аны бузгандыгы үчүн жазалоочу чарага кабылганын билем. Эми борбор азиялыктар эмне кылыш керектигин билбей ара жолдо калгандай. Орусия азырынча экономикалык чара көрөбүз деп коркутууда.

- Орусияда таасир этүүнүн кандай инструменттери калууда? Биз Украинадагы согуш башталган кезде ушул теманы талкуулаганда сиз мигранттарды, экономиканы атаган элеңиз.

- Ал чаралар өлкөгө жараша айырмаланат десек болот. Казакстанды алсак, эмгек миграциясы жагынан Орусияга анча көз каранды эмес. Бирок мунайын Новороссийск менен өткөн куурлар аркылуу экспорттойт. Токаев “ЛЭР” менен “ДЭРди” тааныбайбыз деген билдирүү жасагандан кийин эле түтүктү тосмолоо аракети көрүлдү. Албетте, Москва техникалык, башка жүйөлөрүн айтканы менен бардыгы чыныгы себепти жакшы түшүнгөн. Азырынча Орусия Казакстандын түндүк аймактарында жикчил картаны колдоно элек. Андай опузалоолорду да угуп келбедикпи. Москва ал картаны оюнга салышы ыктымал.

- Токаевди сөз кылып калдыңыз, казак президенти бир туруп Орусияны сындаган таризде сүйлөп, бир туруп кечээгидей келе жаткан жылды "орус тилинин жылы" деп жарыялайт. Мындай кош саясатты кандай түшүнсө болот?

- Биз мындай жүрүштүргө Ислам Каримовдун саясатында да күбө болуп келгенбиз. Өзбекстандын мурдагы президенти башкаларга караганда Орусиядан алыстоого көбүрөөк аракет көрүп келгени менен, Москвага, Кремлге жагалдануу кадамдарын да жасаганын билебиз. Токаев мунай куурун бөгөттөөдөн, казак жерлерине байланышкан коркутуулардан кийин ушундай кош саясатты жүргүзүүнү чечсе керек.

Москвага жагуу, БУУдагы соңку добуш берүүдө Орусияны колдоп, лоялдуулугун көргөзүүгө аракет көрүү менен бирге санкциялык режимди сактоо, Батыш менен чырлашууга барбоо өңдүү өз позициясын коргогону байкалат.

Токаев ушундай жол менен тышкы саясатын тең салмактагысы келет. Батыш инвесторлорунун Казкстандагы салмагы чоң экенин билебиз. Астана ошол алака-катнаштардан, инвестициялардан, европалык рынокко чыгуу жолдорунан, кызматташуудан, башка артыкчылыктардан кол жууп калууну каалабайт. Борбор Азия өлкөлөрү Москва үчүн Батыш менен байланыштарын садага чапкысы келбейт. Андыктан эки аспект ортосунда тең салмактуулукту кармап турууга аркеттенүүдө.

- 2022-жылы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болуп көрбөгөндөй санга жетиптир. Путин бардык беш жумуриятка барып кетти. Мисалы, Токаев беш-алты жолу Орусияда болду. Ошол сапарлар канчалык жемиштүү жана ириде ким үчүн пайдалуу болууда?

- Эл аралык изоляция кеңейип жаткан шартта Орусия кандайдыр бир пайда таап жаткандай. Алар буфердик зонаны, кайсы бир ыкма менен көзөмөлдөп турган кошуналарын колдон чыгарбоону көздөйт. Москванын Борбор Азия менен Кавказдагы мурдагы советтик жумурияттарды өз чеңгелинде кармап калуу аракетин түшүнсө болот. Биринчиден, өзүн өнөктөштөрсүз калды деп көргөзгүсү келбейт. Санаалаш лагерибиз бар дегиси келет. Экинчиден, регионду транзит катары пайдалануу максаты турат. Аскердик-стратегиялык жактан Борбор Азия Орусия жана Кытайдын ортосунда орун алган. Ал жерде татаал оюн жүрүүдө. Москва Борбор Азия жана Кытай менен бир лагерь түзүүнү, экинчи жагынан Бээжинге аймактагы лидерлик позициясын алдырып жиберүүдөн чочулайт. Ушундай бир беткей эмес саясат байкалууда.

- Москва Борбор Азия өлкөлөрүн баалай баштады десек болобу?

- Андай кылууга аргасыз деп айтат элем. Муну экономикалык кызматташтыкты күч алдырып жатканынан баамдаса болот. Алсак, Өзбекстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү бир жылда кескин өсүп кетти. Бул көрүнүштү орус рыногунда пайда болгон боштук менен түшүндүрсө болот. Орусия тоскоолдуктарды жоюп, рыногубузга келгиле деп чакырууда. Муну кайра эле ошол боштукту толтуруу менен чечмелсе болот. Бирок менимче, Москва үчүн Батыштын санкцияларын кыйгап өтүү максатында чөлкөмдү транзиттик зона катары пайдалануу максаты биринчи орунда турат.

Биргелешкен ишканалар көбөйүүдө. Мисалы, Өзбекстан менен электроника же машина куруу тармагында биргелешкен долбоорлорду түзгөнү өтө кызыктуу. Ташкент бул эки чөйрөдө технологиялардын маанилүү экспортеру эмес экенин билебиз. Негизинен башка өлкөлөр менен биргелешип бир нерселерди чыгарат. Москва Өзбекстан же башка борбор азиялык өлкөлөрдүн юрисдикциясында структураларды түзүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып келатат. Орусия 20 миллиард долларга продукцияны импорттогону өзү бөлүшкөн статисткада айтылат.

Санкцияларга илинген жогорку технологияларды, жабдыктарды саткан экен. Алар ошол продукцияны буга чейин өндүрүүчүлөрдөн сатып алган өлкөлөрдөн импортоо тактикасын киргизген. Керектөө талабын канчалык жапканын билбейбиз, азырынча ушундай жалпы сандарды көргөзүп келатат. Сыягы Борбор Азия дагы ошол параллелдүү импортто өз ролун ойносо керек.

- Биздин өлкөлөр андан пайда таап жатабы? Мисалы, соода жүгүртүүнүн өскөнүн айттыңыз.

- Өзбекстан жана калган өлкөлөр үчүн өз продукциясын, өзгөчө айыл чарба продукциясын, текстилди орус рыногуна алып чыгуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгону табигый көрүнүш. Ошол эле маалда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз продукциясын орус рыногуна чыгарууда азыркыга чейин соода тоскоолдуктары кала бергенине арызданды. Адашпасам жайында да, Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында да ошентип айтканы бар. Бул эмнеден кабар берет? Бир жагынан биримдик мүчөлөрү ортосундагы тарифсиз соода жүргүзүү режими орногону менен санитардык жана башка чектөөлөр сакталууда. Бул саясий максатта атайлап түзүлгөн тоскоолдук деген олуттуу шек саноолор жок эмес. Муну менен Кыргызстандын толук кандуу катышуусуна мүмкүнчүлүк бербөөнү көздөшөт. Балким, өзүнүн Кытай менен байланыштарына Кыргызстандын тыгыз интеграциясын каалабайт. Башкача айтканда, сыягы тымызын атаандаштыкка күбө болуудабыз.

- Биз азыр мамлекеттик саясат, саясий элитаны сөз кылып жатабыз. Орусияга, согушка келгенде коомдук пикир кандай дейсиз?

- Кыргызстандагы, Өзбекстандагы маалыматтарга караганда, Орусияга жан тарткан, орусиячыл адамдардын катары калың эле. Алар жалаң эле орус тилдүү адамдар эмес экенин белгилөө зарыл. Мен бул көрүнүштү эки фактор менен байланыштырат элем. Биринчиден, биздин өлкөлөрдүн маалымат рыногунда ачыктан ачык пропаганданы жайылткан каналдар иштеп жатат. Пропагандага сугаруу жагынан Орусия ийгиликтерге жетти. Ошол зомби жашиктерди тиктеп отурган биздин көрүүчүлөр пропаганданын дозасын алып, анын таасири тийип жатат өңдөнөт.

Андан тышкары мигранттар салган акчага көз карандылыкты атоо зарыл. Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы жашоо стандарттарынын айырмасы чоң болгондуктан көп киши ал жактын паспортун алууга умтулат. 2021-2022-жылдардагы статистиканы карасак, орус жарандыгына өткөндөр кескин көбөйдү.

Орусияда ресурстар көбүрөөк, санкцияларга карабай мунай менен газдан чоң киреше табууда, ал өлкөдө жан багуу мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк, эмгек рыногунда боштук бар, маяна жогорураак. Мунун бардыгы аймактагы жумушчу күч үчүн жагымдуу фактор. Так статистика жок, бирок менимче, билимдүү адамдарга орус пропагандасына азыраак таасирин тийгизет, алар Украинадагы согушту көбүрөөк сындашат. Билими төмөнүрөөк катмар телевизорду тиктеп отурат, Орусияда иштеген туугандарынын акчасына көбүрөөк көз каранды. Коомдук пикирди жалпылап айтканда ушундай факторлор бар.

- Батыштын Борбор Азияга мамилеси, чөлкөм менен кызматташуусун кандай баалайсыз.

- Бул багыттагы чаралар акыркы маалда активдешкендей. Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Боррелл чөлкөмгө келип кеткенде Европа рынокторуна альтернативдүү маршруттарды орнотууда жардам сунуш кылган. АКШнын расмий адамдары да аймакка каттап, суверенитетти сактап калуу жаатында көмөктөшүү ишараттары жасалууда. Февралда Орусия Украинага басып киргенде негизги көңүл Евразиянын ошол тарабына бөлүнүп келсе керек. Борбор Азия менен анча алектенген киши болгон жок.

Эми фронтто кырдаал стабилдешкенде биздин аймакка көбүрөөк ресурстарды да, көңүлдү да жумшоо мүмкүн болуп калганы байкалууда. Бирок баары бир артыкчылык Украинага, Европага, согуштун айланасындагы окуяларга берилүүдө. Чөлкөм өлкөлөрүнө ошол артыкчылыктарга жараша көңүл бурулуп турмакчы.

- Региондун өлкөлөрү дагы канчага чейин ушундай позицияда кала алат? Согуш аяктагандан кийин кырдаал кай жагына өзгөрөт? Орусия жеңилсе, биз кандай болобуз деп ойлонгондор барбы? Ошондой анализ дегеле керекпи?

- Бул теманын айланасында ой жүгүртүүлөр жүрүп жатат. Бирок ачык талкууга чыга элек. Жетекчилер, саясий элитанын оозунан андайды уга элекпиз. Бирок тема козголгон жок деп айта албайбыз. Ооба, Орусия жеңилүүгө учураса эмне болот деген көптөгөн прогноздор айтылып келет. Орусия ыдырайт деген божомолдор да бар. Албетте, эмне болорун алдын ала айтуу кыйын.

Балким жөн гана режим, элита, конкреттүү адамдар алмашат, бирок бүтүндөй орус аймагын мурдагыдай көзөмөлдөй берет. Же Орусия федерациясы ыдырайт деген сценарий ишке ашабы? Кандай болбосун, Борбор Азия мамлекеттери окуялардын ушундай өнүгүшүнө даяр болуп, стратегия иштеп чыгууга тийиш. Мына план А, бул план Б, биздин кызыкчылыктарыбыз кантип сакталат деп белгилеш керек. Азырынча андай иш жасалууда дегенди эксперттер чөйрөсүндө да уккан эмесмин.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG