Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

ЕАЭБ: Москванын кызыкчылыгы, Борбор Азиянын суверендүү интеграциясы


Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин лидерлеринин саммити башталууда. Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов "Азаттык" менен болгон маегинде аймактык экономикалык биримдиктин трансформациясына, Борбор Азиядагы суверендүү интеграциянын маанисине токтолду.

- Москва үстөмдүк кылган аймактык уюмдардын ичинде кандайдыр бир ажырым көрүнө баштагандай. Маселен, Еревандагы ЖККУнун саммитинде буга күбө болдук. Бишкек саммитинде эмне күтүлөт деп ойлойсуз?

- Мен үч нерсени боолгоп турам. Биринчиден, Орусиянын президенти Путин жарыялаган газ боюнча үчилтик союз тууралуу жаңылык аймактагы негизги оюнчуларды, анын ичинде президент Касым-Жомарт Токаевдин өзүн таң калтырып, желдей тарады.

Маселе президент Мирзиёев менен макулдашылбаганы көрүнүп калды. Аймактагы башка өлкөлөр болсо Евразия экономикалык бирикмесин жаңы газ үчилтиги менен салыштырып, эми эмне болот дегендей эки анжы болуп калды. Бул жагдайды татаалдаштырып, кандайдыр бир туңгуюк пайда кылып, аймактык уюмдун келечеги эмне болот деген суроону кабыргасынан коёт.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

Экинчиден, ЕАЭБдин май айындагы саммитинде Кыргызстандын Министрлер кабиненетинин төрагасы бирикме экономикалык мүнөздөн саясий союзга трансформация болууга потенциалы бардыгын айткан. Бул эмнени түшүндүрөт? ЕАЭБдин эволюциясы менен трансформациясы акыры аны саясий бирикмеге айлантабы? Андай болсо анын идеясы ЖККУнун миссиясы менен айкалышабы?

Үчүнчүдөн, экономика тууралуу сөз кылсак, дагы эле Кыргызстандын өкмөт башчысы бирикменин ичиндеги тариф саясатындагы айрыкча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы ар кандай тоскоолдуктарды айтып арызданган.

Ар кандай тарифтик тоскоолдуктар жоюлганы менен Орусия башка формадагы чектөөлөрдү, маселен санитардык эрежелерди киргизип алып, аны кайсы бир максатка колдонуп жатат деген шектенүү бар. Бул кандайдыр бир кыймыл-аракети менен Москвага жакпай калган өлкөлөрдүн бийлигине каршы колдонууну көздөгөн саясат барын ишарат кылат.

Ошол эле Кыргызстандын өкмөтүнүн кайсы бир саясаты Москвага жакпай калса, анда ар кандай жүйө менен ошол механизмдерди манипуляция үчүн колдоно баштайт.

Орусия Украинага басып кирип, Батыштын санкциялары жарыялангандан кийин Москванын Борбор Азияга экономикалык кызыгуусу мурдагыдан күчөдү. Бир караган кишиге Москва регион менен кызматташтыгын күчөтүп жаткандай, бул мыйзам ченемдүү нерседей эле көрүнөт.

Чындыгында Москва Борбор Азиянын аймагында биздин өлкөлөрдүн юрисдикциясы алдында кандайыр бир структураларды түзүп, алардын атынан чет өлкөлүк рынокко ээн-эркин чыгып, Орусияга киргизүүгө тыюу салынган товар менен өзүн камсыздаса, экинчи жагынан “кара тизмедеги” өз продукциясын реализация кылгысы келет. Мына ушул процесс жүрүп жатат.

Ошол эле маалда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусиянын рыногуна кызыгуусу артууда, анткени ал жактан дүйнөлүк, европалык ишканалар, бизнес чыгып кетип, базар бошоп калды. Аймактын өлкөлөрү дагы ээн калган рынокко кирип, акча жасайбыз деген жеңил ойго жетелениши мүмкүн. Орусия өзү дагы буга түртүп, шарттарды жеңилдетип, силердин инвестициянын биздин экономикага келишине жол ачабыз деп азгырууда.

Азырынча иш жүзүндө мунун аягы кайда барат, эмне болот, белгисиз. Ошол эле маалда Батыштын инвестициясы жана Орусия менен экономикалык кызматташуунун номенклатурасында өтө чоң айырма бар да. Биздин аймак Орусияга негизинен айыл чарба, текстил продукцияларын жеткирсе, Батыштан ар кандай замабап кызмат көрсөтүү, технология келет эмеспи. Анан кантип Орусиянын рыногунда биздин өлкөлөр Батышты алмаштыра алмак эле. Бул жерде реалдуу артыкчылык кимде экени көрүнүп эле турбайбы.

Москванын кызыкчылыгы

- Аймактык интеграцияга кайрылсак, соңку маалда Ташкент менен Астана алакаcын бекемдеп, алтургай союздук келишимди жаңыртууну көздөп жатканы тууралуу кабар тарады. Быйыл жайында эле Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жакын коңшулук жөнүндө келишимге кол койгонун эске алганда жаңы түзүмдүн канчалык зарылдыгы бар?

- 27-ноябрда жарыяланган Казакстан менен Өзбекстандын союздук келишими тууралуу кабарды эшиткенден кийин региондун эки чоң экономикасы аймактык өнүгүүгө чеп болуп береби деген оптимисттик көз караш менде да пайда болуп, жаңылыкты толкундануу менен кабыл алдым. Бирок эртеси эле Москванын жаңылыгы ал сезимге суу сепкендей кылды. Президент Путин дал ушул макулдашуунун долбооруна көңүл бургандай. Мына ошол себептен аймакта суверендүү интеграцияга жол бербей процессти үзгүлтүккө учуратуу үчүн “газ үчилтиги” тууралуу келишим түзүлөрүн жарыялады. Москва мурдагыдай эле эки өлкөнү колтугуна кысып, кайра эле үстөмдүк ролун сактап калгысы келет. Казакстандын президенти дароо эле сөзгө сөз улап, “идея мыкты” экен деп, Кремл менен ойной баштаганы Токаевге кандайдыр бир ишенбөөчүлүк жаратат.

Эми Токаев кимдин кызыкчылыгына ыктайт, аймактык интеграцияны алдыга коёбу же Москванын дарбазасына ойноп, Кремлдин таасир талашынын агенти болуп береби. Бул үчүн Токаев өз пайдасына Москвадан эмне алат? Казакстан Орусия менен чек арасынын узундугун, өлкөнүн эгемендигине туулган коркунучтарды, казак кара майын экспорттодогу тоскоолдуктарды эске алганда кайсы бир деңгээлде Москва менен кырдаалды жөндөшү зарыл экени айтпаса да түшүнүктүү. Астана Москва менен ушинтип ойноп жатып, өз маселелерин чечеби же аймактагы суверендүү интеграцияны садага чаап береби? Маселен, Өзбекстан үчүн мындай үчилтик союз, саясий жагын айпай эле газ боюнча кызматташууну эле алганда дагы Ташкенттин стратегиялык кызыкчылыктарына төп келбейт.

Азыр Өзбекстанга Орусияны кыйгап өткөн, альтернативалык жолдорду табуу зарыл. Ташкент ошол чыйыр жолду салуунун үстүндө изденип жатат. Эгер Өзбекстан бул союзга кирсе, колу-буту байланып, баарын Москва менен координациялап, макулдашып калат. Бул тууралуу Путин дагы ишарат кылбадыбы. Андай болгон күндө Өзбекстандын колу байланып, башка өлкөлөр, башка оюнчулар сырткы өнөктөштөр менен өз алдынча иштешип, альтернативалуу жол табуу аракети ишке ашпай калат. ​

- Mосква үчүн Астана менен Ташкенттин эки тараптуу макулдашуусу кандайдыр бир чочулоо жараткандай сезилбейби? "Үчүнчү өлкөнүн кол салуусунан коргонуу" деген пункту өзгөчө сесткенткен жокпу?

- Албетте, жалпы эле макулдашуу өзү эмес, долбоордо камтылган коргонуу багытында эки коңшу бири-бирине көмөктөшөт деген берене Москванын ушундай кескин реакциясын пайда кылды. Анткени чөлкөмдүн бир дагы өлкөсү ошол эле Орусиянын кандайдыр бир агрессиясы менен андан келген коркунучка туруштук бере албайт.

Өлкөнүн суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгү жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу маселе - региондук кызматташуунун алкагында жатат. Мына ушул жагынан алып караганда, Москва мындай демилгелерге чочулоо менен карап, бут тосо баштайт. Непадам региондун өлкөлөрү өз ара биригип кетсе, Кремл таасир этүү рычагын колунан чыгарат.

Азыркы жагдайда чөлкөмдүн өлкөлөрү эгемен кызыкчылыгынын алкагында өз оюнун баштап, Москванын басымына баш ийбей коюушу мүмкүн. Андыктан Кремлдин көздөгөнү чөлкөмдөгү коңшулардын башын коштурбай, “бөлүп алып башкара бер” деген принцип менен ар кимисин өз чеңгелинде кармагысы келет.

- Москванын Астана жана Ташкент менен газ үчилтигин түзүү сунушуна Бишкек менен Дүйшөмбүнүн реакциясы кандай болмокчу? Экономикасы чакан эки өлкө өздөрүн обочодо калгандай сезишпейби?

- Арийне ошондой туюлат. Аймактык кызматташунун жалпы платформасында өзүнчө бир клуб түзүлүп калгандай түшүнүксүз жагдай жаратат. Орусия, Өзбекстан жана Казакстан тандалмалардын клубун түзүп кетсе, биз эмне үчүнчү ролдо, бирөөнүн жылуулугу тийеби же жокпу деп карап отуралыбы дешет. Анткени Кыргызстан менен Казакстан жогорудагы үч өлкөгө газ, кара май жагынан көз каранды эмеспи.

Чек ара, суверендүү интеграция, 2023-жыл

- Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жөнүндө келишимди ратификациялады. Президент Шавкат Мирзиёев ушул айда Бишкекке келгени турат. Эки коңшунун кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып, бири-биринин өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп айтсак эртелик кылбайбы?

- Интеграция тууралуу сөз кылуудан мурда оболу чыр-чатактарды, талаштуу нерселерди жөнгө салуу зарыл. Алардын бири - советтик доордон калган, курч мүнөзгө ээ чек ара маселелери болчу. Жалпы эле Фергана өрөөнүндө Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек ара, суу ресурстарына байланышкан чыр-чатак, көйгөйлөрү көп экени белгилүү. Андыктан региондо экономикалык, социалдык, маданий, айрыкча коргонуу тармагында кызматташууну илгерилетсе болот. Алга кадам жасалды. Дагы бир баса белгилечү нерсе – чөлкөмдөгү мамлекеттердин эгемендигине коркунуч жаралган маалда аскерддик коргонууга көңүл бурушу керек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы чечилгенден кийин эми кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө мунаса табылып, макулдашууга келсе жалпы эле чөлкөм алдыга умтулуп, өнүгүүгө багыт алмак. Украинада уруш башталгандан бери Орусия өзүнүн империялык жаңы доктринасын ишке ашырууга киришип, кайсы бир деңгээлде мурдагы Советтер Союзун жандантып, аймакта өзгөчө бир макамга ээ болууну эңсейт. Андай жарым империялык түзүмдө Москва Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн тышкы саясатын көзөмөлдөө мүдөөсүнө жеткиси келет.

- Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын чечти. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда дагы тактала элек чек ара сызыгы бар. Эң талаштуу Фарход суу сактагычы менен Канибадам токой массиви турат. Ташкент менен Дүйшөмбү бул маселелерди кандай принципте чечет деп ойлойсуз?

- Ал маселелер дагы жалпы бир компромисстин чегинде, эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келген, учурдун талабына жооп бергендей жер алмашуу менен чечилет деп ойлойм. Маселен, Кемпир-Абад суу сактагычы (өзбекче Анжиян) советтик заманда Өзбекстан куруп, иш жүзүндө өзбек экономикасынын бөлүгү саналып, ошондон бери эле Ташкент пайдаланып, көзөмөлдөп келген. Мына эми азыр ошол маселени Кыргызстандын да кызыкчылыгын эске алуу менен чечип, эки тарап кайсы бери жерин берип, кайсы бир жерин алып, өз ара келишимге келди. Өзбекстан Тажикстан менен деле ошол эле принципте, компромисс таап, бул маселени чечет деген ойдомун.

- Ташкент маселени Кыргызстан менен ийгиликтүү чечкенден кийин, эми кыргыз-тажик чек арасын тактоого көмөктөшүүгө канчалык кызыкдар? Албетте, Фергана өрөөнүндөгү эң талылуу маселенин бири ушул эмеспи.

- Биздин чөлкөмдөгү өтө кооптуу, тийсе эле жарылып кетчүдөй болгон кырдаалды эске алганда кыргыз-тажик чек арасын эки өлкө өз алдынча чечет деп ишенүү кыйын. Андыктан тиги же бул жакка тартпаган, кара кылды как жарган калыс болуп, өз ара пайдалуу чечимге жетелеген конструктивдүү модератордун ролун аткарган үчүнчү бирөө керек. Мындай модератордун ролуна Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмун туура көрөм, анткени европалык бул уюмдун эл аралык аброю, тарыхы, адистик экспертизасы күчтүү.

- Бирок Дүйшөмбүдө бул уюмдун кеңсеси кичирейип, таасири солгун экенин эстен чыгарбайлы.

- ЕККУнун ролун күчөтүп, анын кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө көмөктөшкөн миссиясына өзбекстандык адистерди да аралаштырса болот. Эгер Өзбекстан эки жактын эч кимисине тартпай, калыс болуп, ЕККУ менен кызматташып, Бишкек менен Дүйшөмбүгө атайын аянтчасын сунуш кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө эмнеге болбосун? Ташкент анда эки өлкөнүн ортосундагы талылуу маселени чечүүгө өбөлгө болмок.

Ошентип 2022-жыл да узап баратат. Жаңы 2023-жылы Борбор Азия чөлкөмүндө эмне күтүлөт?

2023-жылы Украина Орусияны толук жеңет деп ойлойм. Бул болсо Орусиянын экономикалык жана аскердик-стратегиялык жагдайын дагы оорлоштурат. Биздин аймакка болсо кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин чөлкөмдөгү өлкөлөр андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, аймактык деңгээлдеги интеграцияны чыңдоого кадам жасашат деп үмүттөнөм.

Бул жерде Орусия менен болгон карым-катнашты таптакыр үзүп салуу тууралуу сөз жок. Анткени орус экономикасынын масштабын эске алганда, Орусия Борбор Азиянын соода-сатык жагынан өнөктөшү, инвестор бойдон кала берет. Айтайын дегеним, Москванын неоимпериялык басымынын кутулуу деген ойду билдиргим келет. Соңку маалда чөлкөмгө Москванын мындай мүдөөсү барган сайын таасын сезиле баштады. Бул болсо улуттук суверенитетти чыңдоодо бир топ эле кооптонуу жаратты. Анткени ушул тапта чөлкөмдүн мамлекеттеринин суверенитети жарым жан экенин мойнубузга алалы.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG