Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Астана менен Ташкент сырткы кол салуудан чогуу коргонот


Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент, Өзбекстан.

Казакстан менен Өзбекстан өз ара кызматташтыгын жаңыртып, союздаштык жөнүндө келишим кабыл алганы жатат. Буга чейин алардын ортосунда достук жана өнөктөштүк тууралуу документтер бар болчу.

Жаңы келишимде сырткы кол салуулардан биргелешип коргонуу жана коопсуздук боюнча багыттар камтылган. Бул Орусия, Казакстан жана Өзбекстан менен чогуу үч тараптуу газ биримдигин түзөм деп жаткан маалга туш келди.

Жаңы келишимдин баяны

“Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын союздук карым-катнашы жөнүндө келишим” деп аталган документти Казакстандын өкмөтү Өзбекстандын өкмөтү менен чогуу иштеп чыгып, президент Касым-Жомарт Токаевдин кароосуна жиберди. Келишимдин долбоору казак өлкөсүнүн нормативдик-укуктук актыларынын порталына жарыяланды.

Документтин негиздемесинде Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди анын максатын минтип түшүндүрдү:

"Келишимдин долбоорунун максаты - Казакстан менен Өзбекстандын өз ара мамилесинин жаңы союздаштык деңгээлин юридикалык жактан тариздөө болуп саналат. Келишим өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда саясий, экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык тармакта эки тараптуу аракеттенүүсүн тереңдетүү үчүн бекем негиз болуп берет”, – деди ал.

Казакстан менен Өзбекстандын карым-катнашы учурда 1998-жылкы Түбөлүк достук жөнүндө келишиминин жана 2013-жылкы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишиминин негизинде жүрөт. Эки өлкөнүн ортосунда мындан сырткары ар кайсы багыттарда кызматташуу жөнүндө дагы 90дон ашуун документ бар. Астана билдиргендей пландалып жаткан келишим мамилени мындан да жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенип жатат.

Башка жагынан алганда, эки өлкөнүн ортосунда Союздук карым-катнаш жөнүндө документке былтыр декабрда кол коюлган. Болгону анын аталышы декларация деп аталчу. Жаңысы келишим деп аталат жана анын мазмуну чоң.

Казакстан менен Өзбекстандын дипломатиялык алакаларынын курулгандыгынын 30 жылдык мааракесине карата ноябрда президенттер бири-бирине жолдомо жөнөткөн маалда казак лидери Касым-Жомарт Токаев ушул келишим жөнүндө белгилеген:

“Биргелешкен аракеттерибиз менен биз Борбор Азиядагы өнүгүүнү, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы максаттарды көп тараптуу форматта ийгиликтүү илгерилетип жатабыз. Биздин бир тууган элдердин жакындашына жана биздин көп тараптуу байланышыбызды бекемдөөдө сиздин жеке салымыңыз чоң экенин белгилегим келет. Өзүм болсо сиз менен казак-өзбек мамилелерин жаңы бийиктиктерге чыгарууга даяр экенимди ырастайм. Союздаштык жөнүндө келишимге кол коюу тууралуу биздин тарыхый чечимибиз буга далил”, – деген анда казак президенти.

Токаевге жолдогон телеграммасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да өнөктөштүк-достук жөнүндө кызматташтык менен чогуу союздаштык тууралуу кеп кылган. Ал ага чейинки жолугушууларда да соңку багыттагы келишим жөнүндө айтып келген.

Үчүнчү өлкөлөрдөн коргонуу

Мындай караганда соңку келишим эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңыртуу сыяктуудай эле көрүнөт. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары жана талдоочулар анын мазмунундагы айрым багыттарга өзгөчө көңүл бурушту.

Маселен, документтин 2-беренесинде эгерде Казакстан менен Өзбекстанга “үчүнчү өлкөдөн куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, алар кеңешип, аны менен чогуу биргелешип күрөшөрүн” ырасташат.

3-беренеде болсо алар бири-бирине коркунуч жараткан “аскердик блоктордо жана саясий уюмдарда, ошондой эле аракеттерге кошулбоого милдеттеме алышары” белгиленген. Мында алардын бири-биринин мамлекеттик суверенитетине, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү жөнүндө кеп болуп жатат.

Жалпы жонунан мындай мазмундагы келишимдерди башка өлкөлөр да кабыл алып келишет. Бирок Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда аны азыр кабыл алууга эмне муктаждык жаралды? Орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов аны эки өлкө Москвадан чочулап жатканы менен түшүндүрөт.

“Эгер Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирерин, ал эми Өзбекстан анда жок экенин эске алсак жана айталы Казакстанга кайсы “үчүнчү өлкөдөн” куралдуу кол салуу болушу мүмкүн экенин талдасак, карама-каршы жыйынтыкка келесиң. Бир жагынан Астана Казакстанга кандайдыр бир агрессивдүү аракеттер болсо, ал чөлкөмдөгү күчтүү коңшусуна кайрыла турганын Москвага демонстрация кылып жатат. Экинчи жагынан Ташкент менен Астананын демилгесин ЖККУ тарап кеткен учурда Борбор Азиядагы регионалдык коопсуздукту камсыздоочу жаңы системанын элементи катары да караса болот. Акылман жетекчилер тайгак заманда жыгылып кетпеш үчүн жолуна саман төшөп жатышат”, – деп жазды эксперт Фейсбуктагы баракчасында.

Баса, адис кеп кылган аскердик коргонуу багытындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзүү тууралуу келишим 1992-жылы Өзбекстандын борбору Ташкентте кабыл алынган. Алгачкы жылдары ага тогуз мамлекет мүчө болсо, кийин Өзбекстан, Грузия жана Азербайжан чыгып кеткен. Азыр анда алты мамлекет - Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан гана калган.

Сырттан коргонуу бирикмеси деп аталганы менен мунун ичинде Тажикстан менен Кыргызстан эки жолу ири куралдуу жаңжалга барды, Армения болсо уюмдун мурдагы мүчөсү Азербайжан менен кагылышта “ЖККУ жардам бербей койду” деп нааразы болуп жүрөт.

Украинага кол салган Орусияда болсо депутаттардын жана журналисттердин деңгээлинде Казакстанга да бир катар опузалар айтылган учурлар катталды. Анын ичинде айрымдары казак мамлекетинин түндүк облустары мурда Орусияга караганы, аны кайтарып алуу зарылдыгы кеп болгон. Ушундан улам Казакстандын бийлиги Москвага карата этият саясат жүргүзүп, ал тургай аскердик тармагын чыңдай баштаганы да маалым.

Быйыл сентябрда Астанага иш сапар менен келген учурда да Кытайдын лидери Си Цзинпин Казакстандын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого жардам бере турганын айтып кеткен. Казак бийлиги эми иш жүзүндө экинчи коңшусу Өзбекстандан колдоо кепилдигин бекиткени жатат.

Борбор Азия боюнча талдоочу, Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров Kloop сайтына берген комментарийинде бул жөнүндө мындай деди:

“Казак-өзбек жакындашуусу Орусиядан сырткары Борбор Азиянын ичиндеги интеграция катары өнүгүү потенциалы бар эле. Анын президенттеринин кеңешүүчү жыйындары Москваны анчалык ойлонтчу эмес, анткени реалдуу өзгөрүүлөргө жарата албай келген. Мында Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда сезилерлик бирдеме уюшулганы жатат. Ошондуктан Орусия бул окуяларга тыкыр көз салып турат. Керек болсо Европадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон дипломаттарын ушул ишке салып, региондогу процесске дагы да көбүрөөк кийлигишүүгө даяр”.

Уюм үстүнө уюм

Өзбекстан менен Казакстан жаңы келишим алкагында эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген Мамлекеттер аралык жогорку деңгээлдеги кеңеш түзүүнү мерчемдешкен. Алар ошондой эле сырткы саясатын чогуу координация кылуу үчүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын деңгээлинде жана Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде кызматташарын такташкан. Шарттуу түрдө бул экилтик уюм болуп калчудай.

Мунун алдында эле Орусия Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда үч тараптуу уюм түзүүнү сунуштаган эле. Бул үчилтик газды экспорттоо багытында иш алып бармак. Мыдай демилгени орус президенти Владимир Путин көтөрүп, Казакстандын президенти ойлонуп көрөрүн айткан. Өзбек президентинин ага реакциясы кандай экени азырынча белгисиз.

Казакстан мындан сырткары Орусия менен Евразия Экономикалык Биримдигинде чогуу, ага Өзбекстан кошулган эмес.

Өзбекстан менен Казакстан Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме (АӨИЧК), Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ), Ислам кызматташтык уюму (ИКУ) жана Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонду (АСЭФ) сыяктуу уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташат.

Эгер уюм эмес, жыйындарды алсак Борбор Азия мамлекет башчыларынын соңку Чолпон-Атадагы Консультативдик жолугушуусунда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине Казакстан Өзбекстан жана Кыргызстан менен чогуу кол койгон.

Айтор, бул өлкөлөрдө ар кайсы багытта кызматташууга платформа бар. Бирок баары бир эки тараптуу кызматташуу үчүн, анын ичинде коргонуу жана коопсуздук багытында кызматташуу үчүн жаңы келишим кабыл алынганы жатат.

Москвадагы ИМЭМО Постсоветтик изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин мындай деген пикири менен бөлүштү:

“Казакстан менен Өзбекстан өткөн жылдын декабрында бири-бирин өз ара колдоо тууралуу келишимге кол коюшканын билебиз. Ошондо да бул союз катары чечмеленген. Бирок ага карабай Казакстандагы кандуу Январь окуялары маалында Өзбекстан жөн гана карап турду. Менимче бул жаңы документ да жөн гана декларативдүү гана мүнөзгө ээ болуп калат деп ойлойм. Мындай бирикме түзүүгө мен экономикалык пайдубал көрбөй турам. Саясий мааниде болсо өлкөлөр бир топ айырманалат. Азырынча бул түзүм кандай иштей турганы түшүнүксүз болуп турат”.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинин алкагында сентябрда Өзбекстанга барып кайткан. Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) саммитине, “Борбор Азия – Орусия” жана “Борбор Азия – Европа Биримдиги” отурумдарына байланыштуу ноябрда эки жолу Астанага келип кеткен.

Казакстандын президенти жакын арада дагы Өзбекстанга бара турганы кабарланып жатат. Жаңы келишимге ошондо кол коюлат деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG