Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:57

Борбор Азия: дрон менен жарыша куралданган кошуналар


"Байрактар" дрону. Кыргызстан, 18-декабрь 2021-жыл

Дүйнөлүк басылмалар бул жумада Борбор Азияда дрондор доору башталганын, орус бийлиги идеологиясын жүргүзүү максатында жаштарга басым жасап жатканын, Казакстандагы кытай жумушчулары тууралуу жазды.

The Diplomat басылмасы 23-ноябрда саясат талдоочу Франсиско Олмостун Борбор Азиядагы дрондор доорунун гүлдөшү жөнүндө макаласын чыгарды.

Анын айтымында, аймактын өлкөлөрүн учкучсуз учактарды сатып алууга талибдердин бийликке кайтып келиши, чек ара жаңжалдары өңдүү түрдүү себептер түртүп жатат. Ал эми кимден жана кандай жабдууларды алууну алар коргонуу стратегиясына, чамасына карап чечүүдө.

Автор адегенде ушул жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Борбор Азияда биринчи жолу аскердик дрон колдонулганына токтолду.

Ал жазгандай, Кыргызстан былтыр жыл аягында түркиялык “Байрактар” дрондорун алган, дээрлик ошол эле маалда аскерлерди Орусиянын “Орлан-10Е” байкоо жүргүзүүчү пилотсуз жабдыгы менен камсыз кылууну көздөгөнүн билдирген.

Ага чейин Кытайдан ошондой эле максатта колдонула турган WJ-100 аппаратын алган. Макалада бул кадамдар 2021-жылдын жазында чек арада тутанган кандуу кагылышуудан кийин жасалганын белгилейт. Автор былтыркы жаңжалда тажик аскерлери үстөмдүк кылганын да жазган.

Андан ары айтылгандай, Кыргызстан Түркиядан дагы эки түрдүү дронду алууну көздөп жатат.

"Дүйшөмбүнүн коңшусуна жетүү аракети алда канча жупуну болчу, бирок жыл башында тажик коргоо министри Түркиядагы “Байрактар” заводуна барып кеткенде Бишкек аны коңгуроо катары кабыл алган. Арийне Тажикстан түрк дрондорун сатып алган жок. Анын ордуна бул максатта Иранга кайрылды. Ошентип, быйыл майда Иран Тажикстанда "Абабил-2" пилотсуз учактарын чыгаруучу завод ачты, ал аппараттар Кыргызстан түрктөрдөн алган дрондорго салыштырмалуу эски жана анча кубаттуу эмес. Мындан тышкары Тажикстандын арсеналында америкалык “Пума” дрондору бар. Алар Ооганстан, "Талибан" коркунучун эске алуу менен АКШнын 60 миллион долларлык жардам пакетинин алкагында берилген", - деп уланткан Олмос.

Макалада Казакстан жана Өзбекстандын бул жааттагы аракеттери да сөз болот. Атап айтканда, Астана 2016-жылы эле Кытайдан пилотсуз учак сатып алган. Кийин Түркияга кайрылган. Бирок Кыргызстандай болуп “Байрактарды” эмес, TAI Anka деген аппаратка артыкчылык берген. Быйыл кол коюлган келишимге ылайык, Казакстанда түрктөрдүн лицензиясы менен дрондор чыгарыла баштамакчы. Андан тышкары армиясында орусиялык, израилдик жана америкалык жабдыктар бар.

Автордун жазганына караганда, Өзбекстан газдын төлөмү иретинде кытайлык Wing Loong II деген дрондон бери дегенде бир даана алган.

"Андан кийин учкучсуз учактарды алган эмес деген маалымат чын болуп чыкса, анда Ташкент бул багытта кошуналарынан артта калууда дегенди билдирет. Бирок Өзбекстанда орусиялык жана америкалык чалгындоо дрондору бар. Жыл башында Ташкент АКШдан “Пума” жабдыктарын алат деп кабарланып, бирок кийин өзбек бийлиги муну четке каккан. Ал эми ок атуучу куралдар боюнча глобалдык индексте Казакстан жана Өзбекстандан алда канча төмөн жайгашканы менен Түркмөнстанда учкучсуз учактардын ар кандай түрү бар", - деп уланат макала.

“Байрактарды” биринчи болуп Борбор Азиядан Ашхабад алган. Өлкө арсеналында кытайлык, орусиялык, изралдик, беларустук, италиялык аппараттарды көрсө болот.

Олмос ошондой эле негизинен чет жактарда жасалган дрондорго таянып келген чөлкөмдүн өлкөлөрү пилотсуз учактарды өздөрү чыгарууга кадам таштаганын белгиледи.

Путин өлүмгө даярдаган жаштар

The Guardian гезитинде 23-ноябрда "Путин балдарды мекени үчүн өмүрүн берүүгө даярдап жатат" деген мазмундагы макала жарык көрдү. Орусиянын согуш тарыхын изилдеген Ян Гарнер Москва жаштарды идеологиясына сугарып, социалдык тармактарды жабуу, пропаганда сабактарын окутуу жана башка чараларга барып жатканын жазды.

Анын пикиринде, орус армиясын, согуштарын даңазалаган жаштар топторун түзүү эң эффективдүү курал болушу мүмкүн.

Ошондой уюмдардын эң чоңу 2016-жылы коргоо министри Сергей Шойгу тарабынан түптөлгөн. “Жаштар армиясы” деп аталган топ балдарды мамлекеттик же аскердик түзүмдөрдө кызмат кылууга даярдайт. Аны жетектеген гимнастика боюнча Олимпиада жана дүйнө чемпиону 25 жаштагы Никита Нагорный социалдык түйүндөрдө өтө популярдуу, харизматикалык лидер.

Мамлекеттин идеяларын жайылтуу үчүн кадимки инфлюенсерлердей болуп видео, постторду активдүү таратып келет. Бир күнү Путин менен жолугушуудан сүрөт койсо, экинчи күнү армиянын ардагерлерин чыгарат, алардын арасында Украинадагы согушка катышып келгендер да бар.

Гарнер орус мамлекети жаштарды ошол чемпиондой элестетет, ал жаш муун үчүн идеалдуу үлгү деп жазат.

Орусиянын жер-жеринде кызыл берет жана аскердик униформа кийген “жаш жоокерлер” мылтык атканды үйрөнүп, башка аскердик техникага машыгып, мекенчил сабактарын өтөт, Украинадагы “этникалык орустарга” жардам чогултуп жүрөт.

Маалыматка караганда, мамлекет “Жаштар армиясынан” саясий жана финансылык колдоосун аябайт. Уюмдун катары калыңдап баратат, ага учурда миллиондой жеткинчек кирет. 2030-жылга карай мектеп жашындагы балдардын 20 процентин камтыйт деп болжолдонууда.

Армиянын расмий сайтында аскердик темадагы мультфильм, видео оюндарды көрүүгө болот.

Гарнер жайында бир нече баланы сөзгө тартканда алар бул уюмга өз каалоосу менен киргенин айтып беришкенин жазат. Аймактык лидерлердин бири 24-февралдан кийин “Жаштар армиясына” кошулабыз деген ыктыярчылардын саны эселеп көбөйгөнүн айткан.

Автор бул катардагы кадеттердин отряды же социалдык тармактарда ойлорун жазуу менен чектелген жаштардын уюму эмес, анын мүчөлөрүн “Ата-Мекен үчүн жашоо менен кош айтышууга үйрөтүшөт" деп белгилейт.

Кытайлык жумушчулар Казакстанда негизинен курулуштарда иштейт

Кытайлык жумушчулар Казакстандын эмгек рыногунда үстөмдүк кылат. Eurasianet бул темадагы макаласында өкмөт тараткан маалыматка таянып, өлкөдө иштөөгө уруксат алган 15 миңдей чет элдиктин дээрлик чейрегин кытай жарандары түзөрүн жазган.

Автор Жоанна Лиллис кеп квалификациясы бар адистер, менежерлер тууралуу жүргөнүн, бул статистикага Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү катары орусиялыктар менен кыргызстандыктар, кара жумушка жалданган сезондук жумушчулар камтылбаганын белгилейт.

Кытайлыктардан кийинки орунда Индия, Түркия, Өзбекстан, Британия жарандары турат.

"Казакстанда мунай жана газ секторунда жакшы маяна алган чет өлкөлүк адистер көп иштейт деген ой кеңири жайылган. Бирок таңкалычтуу угулганы менен сырттан келгендер курулуштарда көп эмгектенет экен", - деп улантат автор.

Чет өлкөлүк адистерге муктаждыкты азайтуу, жергиликтүү жумушчулардын квалификациясын көтөрүү максатында өкмөт квоталарды киргизген.

Макалада айтылгандай, иш орундарын коргоо үчүн бийлик быйыл чет элдиктер үчүн жалпы квотаны 70 процент кылып азайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG