Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Президенттердин балдары: Саида кайра кызматка отурду


Саида Мирзиёева
Саида Мирзиёева

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёева президенттик администрациянын Коммуникациялар жана маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул бөлүм жаңы түзүлгөнүн, Мирзиёевдин тийиштүү жарлыгы чыкканын 14-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграмдагы расмий каналына жарыялады.

Саида Мирзиёева бул кызматы менен кошо социалдык багыттагы, маданият жана билим берүү тармагындагы реформалардын аткарылышын да көзөмөлдөйт.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Саида Мирзиёеванын кыскача өмүр баянын да жарыялады. Анда ал Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетин жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөнү жазылган.

Ошондой эле Мирзиёеванын ишмердүүлүгүндө сөз эркиндиги, министрликтер менен мекемелердин ачыктык саясаты, басма сөз кызматтарын ишке киргизүү, маданиятты өнүктүрүү жана гендердик теңчилик боюнча көптөгөн долбоорлор ишке ашырылганы белгиленген.

Кабарларга караганда, Саида Мирзиёева эми президенттин мурдагы басма сөз катчысы Комил Алламжонов менен иштейт.

Мурда президенттин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигин жана Масс-медиа фондун жетектеген Алламжонов быйыл 26-июлда президенттик администрациянын жетекчисинин коомдук пикирди изилдөө жана маалыматтык саясат боюнча жооптуу орун басары болуп дайындалган.

Алламжонов менен Мирзиёева 2020-жылдын 29-январында Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигиндеги кызматтарынан расмий түрдө “мамлекеттик эмес сектордогу ишмердүүлүгүн улантуу” ниети менен кетишкен. Алламжонов агенттикти жетектөөгө 2019-жылдын 4-февралында, ал эми Мирзиёева ошол жылы 12-апрелде анын орун басары болуп келген эле.

Азырынча Алламжонов да, Мирзиёева да акыркы дайындоолорго комментарий бере элек, бирок экөө тең социалдык түйүндөгү баракчаларында президенттин басма сөз катчысынын билдирүүсүн бөлүшүштү.

38 жаштагы Саида Мирзиёева өзүн блогер жана журналисттердин коргоочусу, ошондой эле аялдардын укуктарын жана өзбек маданиятын жайылтуучу катары таанытып келатат.

2016-жылдын сентябрында атасы президенттик кызматка келгенге чейин Саида Мирзиёева жана Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү тууралуу дээрлик эч нерсе белгилүү болгон эмес.

Мирзиёеванын ар кандай чөйрөдөгү ишмердүүлүгү маркум президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованыкына окшойт. Бирок Саида Мирзиёеванын өзү президенттин кызы болуу “сыйлык эмес, жоопкерчилик” экенин белгилейт.

Масс-медиа фондунун бейөкмөт уюмунун макамы Саида Мирзиёевага Өзбекстанга келген жогорку даражалуу чет элдик коноктор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоол болгон жок. Ал өткөн аптада апасы Зироатхон Мирзиёева менен Самаркандга барган Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биринчи айымдарын да коштоп жүрдү.

Октябрда Өзбекстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо да Саида Мирзиёева менен жолугушкан.

Саиданын күйөөсү Айбек Турсунов 2016-жылы Мирзиёев президент болгондон кийин банк жаатындагы жана инвестициялык бир катар келишимдерге катышканы айтылып келет.

Саида социалдык тармактарды активдүү колдонуп, күйөөсүнүн жана балдарынын, анын ичинде таятасына аты уйкаш уулу Шавкаттын сүрөттөрүн да байма-бай бөлүшөт. Эл алдына чыгып сөз сүйлөп, өлкөнү кыдырып, чет мамлекеттерге каттайт.

Президенттин кызынын коомдогу имиджине аябай көңүл бурулат. Мирзиёева 35ке чыкканда аны Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги "жылдын эң маанилүү" окуясы деп сыпаттаган.

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда адатка айланган көрүнүш. Былтыр декабрда тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон үчүнчү кызы Рухшонаны Британиядагы элчи кылып дайындаган. Уулу Рустам өлкөдөгү экинчи чоң кызматты ээлейт. Туркмөнстанда 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG