Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:57

Саида Мирзиёева Өзбекстандын жаңы ханбийкесиби?


Саида Мирзиёева
Саида Мирзиёева

Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Өзбекстандагы эң таасирдүү фигуралардын бирине айланууда.

Айрымдар Саиданын саясий салмагын экс-президент Ислам Каримовдун азыр абакта отурган кызы Гүлнара Каримова менен салыштырат.

36 жаштагы Саида Мирзиёева расмий жолугушууларга көп катышат. Ал эл алдына чыгып сөз сүйлөп, өлкөнү кыдырып, чет мамлекеттерге каттайт.

Үч баланын энеси Саида президенттин башка үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге кайрымдуулук иштерине катышып, маданий жыйындарга да көп барат.

Мирзиёеванын коомдогу кадыры менен саясий салмагынын өсүп баратканын маркум президент Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын жылдызы жанып турган убагы менен салыштырышат.

Каримовадан айырмаланып Мирзиёева кирешелүү бизнестин калың «капчыгын» өзү көзөмөлдөбөйт, түздөн-түз ишкердик менен алектенбейт.

Бирок Саиданын күйөөсү Айбек Турсунов 2016-жылы Мирзиёев бийликке келгенден кийин банк жаатындагы жана инвестициялык бир катар келишимдерге катышканы айтылып келет. Өлкөнүн биринчи күйөө баласы президенттик аппаратта иштейт.

Саида Мирзиёева Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп эмгектенет. Ал ошондой эле президенттин кеңешчисинин орун басары. Президент Мирзиёев 2019-жылы түзгөн мамлекеттик агенттик өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана басма сөз кызматтарын көзөмөлдөйт.

Президенттин кызынын коомдогу имиджинин үстүнөн кылдат карашат. Ал өзүн журналисттер менен аялдардын укугун коргоочу катары көрсөтөт. Сөз эркиндиги чектелген мамлекетте маалымат каражаттары Мирзиёеванын ишмердүүлүгүн сындаган комментарийлерди чагылдырбайт. Буга кошумча эки жыл мурун Мирзиёева 35ке чыкканда аны Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги жылдын эң маанилүү окуясы деп сыпаттаган.

Президент Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен.
Президент Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен.

Саида социалдык тармактарды активдүү колдонуп, күйөөсүнүн жана балдарынын, анын ичинде таятасына аты уйкаш беш айлык уулу Шавкаттын сүрөттөрүн да байма-бай бөлүшөт.

Президенттин деңгээлиндеги даярдык

Жергиликтүү кабарчылар 27-январда өлкө түштүгүндөгү Карши шаарына барган Саида Мирзиёеваны мамлекет башчынын деңгээлинде даярдык менен тосуп алышканын кабарлады. Мирзиёева шаарга көзү азиз жана начар көргөн балдарды колдогон «Жан дүйнө көзү» кайрымдуулук долбоорунун ачылышына барган жана бул сапарга жергиликтүү бийлик бир жума мурдатан даярдана баштаган.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы билдиргендей, Мирзиёева бара турган шаардагы Журналисттер борбору тез арада оңдолгон. Иш-чарадан тартылган сүрөттөрдө бир нече киши имараттын дубалдарына жаңы текчелерди орнотуп, аларга китептерди тизип аткан үч аялды көрүүгө болот.

Саида Мирзиёева Ташкантте жолугушууда.
Саида Мирзиёева Ташкантте жолугушууда.

Ошондой эле кыштын кыраан чилдесине карабай короого гүл отургузулган. Алар иш-чарага чакырылган жергиликтүү кабарчыларга коронавируска тестин тапшырууга буйрук берилген.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн борборду коопсуздук күчтөрү 27-январдагы иш-чарага чейин жаап койгон. Карши шаарындагы жергиликтүү журналисттин айтымында, буга чейин мындай жогорку деңгээлдеги даярдыктар адатта президенттин иш сапарларында гана көрүлчү.

Өзбекстанда Саида Мирзиёеванын жеке жашоосу да талкууланат

Эки жыл мурда Ташкентке орусиялык ырчы Полина Гагарина келген.

Соцтармакта концерттен кийинки кечеде Саида Мирзиёева сиңдиси Шахноза күйөөсү менен бирге эс алып отурганда тартылган тасма тараган.

Видеодо эже-сиңди коноктор менен бирге ырдап-бийлеп жатканын көрсө болот.

Президент Мирзиёевдин экинчи кызы Шахноза Мирзиёева Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Анын жолдошу Отабек Умаров президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, улуттук эки спорт федерациясын жетектейт.

Шахноза Мирзиёева.
Шахноза Мирзиёева.

13-февралда Ташкентте Отабек мотоцикл минип баратып, кырсыкка кабылганы тууралуу кабар тарады. «Азаттыктын» өзбек кызматынын өз булактары билдиргенге караганда президенттин кичүү күйөө баласына шаардык ооруканада алты саат операция жасалган. Анын оң буту үч жеринен сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен.

Айрым маалыматтарды айтылгандай, Германиянын Нюрнберг шаарынан атайын «Тез жардам» учагы келип, бир күн туруп, Москванын Внуково аэропортуна барып конгон.

“Жаңжал”

Эже-сиңди тартылган чуулгандуу видео интернетке тарагандан кийин маалымат сайттары, социалдык тармактардын колдонуучулары Мирзиёеваларды маркум Каримовдун кыздары Гүлнара, Лола менен салыштыра башташты.

Айрым маалымат агенттиктери видеону Мирзиёевдин үй-бүлөсүндөгү “жаңжал” деп сыпаттаса, экинчи агенттик Өзбекстанда “тарых кайталанып жатабы?” деп суроо таштаган.

Өзбекстандын борбору Ташкентте орточо айлык акы болжол менен 270 долларды түзөт. Чакан шаарларда жана айыл жерлеринде маяна кыйла төмөн.

Миллиондогон өзбекстандыктар жан багуу аргасында Орусияда, Казакстанда, Түштүк Кореяда, Түркияда жана Европада акча табууга мажбур.

Ал эми экс-президент Ислам Каримовдун 48 жаштагы кызы Гүлнара Каримова 2014-жылы атасы бийликте турганда үй камагына алынган. 2017-жылы декабрда Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин үй камагына чыгарылган. Учурда ал Ташкент облусундагы түрмөдө отурат.

Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айып коюлуп, былтыр 13 жыл, төрт айга эркинен ажыратылган.

Гүлнара Каримова жана Лола Каримова.
Гүлнара Каримова жана Лола Каримова.

Каримовдун кенже кызы Лола Каримова-Тилляева ушул тапта чет өлкөдө жашайт. Өзбекстанда 2016-жылы атасы каза болгондон кийин анын жолдошу Тимур Тилляев көзөмөлдөгөн айрым компаниялар «кара тизмеге» кирип, тергөө иштери башталган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG