Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Аксы: Өзбекстандын чек араны тосуу аракети


Кыргыз-өзбек чек арасы. Аксы району.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Аксы району.

Аксынын Дейрес-Сай тилкесинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына ичкери кирип кеткен чек ара тосмолорун орнотуп жатканы тууралуу видео тасма тарады.

Анда жергиликтүү тургун чек ара сызыгы мурда асфальтталган эски жолдун тоому менен өтсө, эми чек ара сызыгы андан ичкери карай Кыргызстандын аймагына бир топ кирип кеткенин белгилеген.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек чек арачылары 2017-жылдагы чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу келишимдин негизинде тосмо орнотуп жатат деп түшүндүрдү.

Ошол эле кезде мекеме жергиликтүү эл арасындагы түшүнбөстүктөрдүн алдын-алуу үчүн андагы чек ара тилкесин тосмолоо иштери убактылуу токтотулганын жарыялады.

Чуулгандуу видео тасма

Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылындагы Өзбекстан менен чектешкен тилкеде өзбек чек арачылары чек ара мамыларын орнотуп, зым менен чек ара тилкесин тосуп жаткан видео тасма Интернетке 30-ноябрда тарады. "Фейсбук" социалдык тармагындагы "Аксы жаңырыгы" деп аталган баракчага жайгаштырылган бул видео тасмада Өзбекстан менен чектешкен Дейрес-Сай айылына жакын адырдагы тилкеде өзбек чек арачылары бир тараптуу шартта демаркация иштерин жүргүзгөнү айтылат.

Кыргызстандын аймагына ичкери карай кирип кеткен тилкени бойлой, бир нече күндөн бери чек ара мамылары орнотулуп, тикен зым тартылып жатканы көрсөтүлгөн.

"Асман Жер" деген Интернет колдонуучу 30-ноябрь күнү эртең менен Өзбекстандын Дейрестеги чек араны тосуу иштерин видео тасмага тартып, бул жагдай жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратып жатканын айткан:

"Өзбекстандын чек арачылары биздин чек арага ичкери карай кирип келип эле мындагы чек ара сызыгына зымдарды тартып жатат. Бирок мурда биздин чек мына бул жогору жактагы эки өзбек аскери жүргөн асфальтталган жолдон башталчу. Азыр эми алар 5-10 метрге Кыргызстан тарапка ичкери карай тосмо тартып жатышат. Буг кандай чара көрүү керек? Ошондуктан ушул нерсе үчүн азыр эл чогулуп келе жатат".


2019-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосуп, жол сала баштаганы ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Өкмөт анда Керкидандагы 413 гектар жер үчүн Кыргызстан өзбек тараптан жер алганын кабарлаган. Ал жердин ордуна Өзбекстан Аравандагы Полигон жактан 304,3 гектар, Баткендеги Кайрак тилкесинен 74 гектар жана Аксынын Дейрес-Сайдан 35 гектар Кыргызстанга жер бергени маалымдалган. Өзбекстан менен чектешкен Аксыдагы Дейрес-Сай чек ара тилкеси Авлетим айыл аймагына карайт.

Алынбай эле берилип кеткен жер тилкеси

Дейрес-Сай айылынын тургуну Бакыт Үзөнбаев Өзбекстан бул аймактан жер бербей эле, кайра тескерисинче жер алганын айтып жатат:

"Мына бул жолду дагы берип, ал аз келгенсип, оң тараптагы чек ара посту турган түтүк өткөн жерди кошо берип жатат. Мамлекеттин чек арасы кол тийгис, ыйык болушу керек эле. Мен кыргыздын жерин торттой кылып эле бөлүп-жарып, берип жатышканына нааразымын. Башында бул жерде 93 гектар жер Кыргызстандын аймагына караштуу болчу. Кийин аны кыркып отуруп, 63 гектарга кыскартышкан. Ага да макул дегенбиз. Андан кийин эле 54 гектар болуп калыптыр. Четинен кыркып бере бергидей Кыргызстандын жери эмне торттпу? 1995-жылдан бери Өзбекстан улам бери карай жылып, чек ара сызыгы аркылуу аңдарды казса, мен тескерисинче аларды улам толтуруп отурдум. Ошончо жылдан бери мээнет кетип жатат".

Видео тасмада Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган тилкеде жүргүзүлүп жаткан инженердик-курулуш иштерине эч кандай чара көрбөгөнү тууралуу сөз болгон. Анткен менен мекеме Өзбекстан Дейрес-Сайдагы демаркациялоо иштерин 2017-жылы бекитилген чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, мыйзамдуу негизде жүргүзүп жатканын билдирди.

Курулуш иши токтотулду

Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев азыркы учурда жергиликтүү калктын түшүнбөстүгүн алдын алуу үчүн чек араны тосмолоо иштери убактылуу токтотулганын билдирди:

"Биздин мамлекеттик органдар өз ара такташып алганга чейин өзбек тараптан андагы инженердик иштерди токтотуп турууну сурандык. Анткени, бул жерде чек ара тууралуу маселе козголуп жатат. Биздин адистер барып көргөндөн кийин дагы сүйлөшүүлөр болот. Өзбек тарап өз алдынча биз тарапка кирип алып, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн жери жок. Биз ал иштерди токтоттуруп, өкмөткө кошумча атайын адистерди чакырып жатабыз".

Анткен менен Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев Өзбекстан менен чектешкен Аксынын Дейрес-Сай тилкесиндеги инженердик-курулуш иштеринин башталганы тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өз убагында маалымат бербегенин айтууда.

Ормоналиев демаркациялоо иштери бекитилген чектен сырткары башталганы аныкталганын, эми маселени эки тараптуу комиссия жөнгө салышы керектигин белгиледи:

"Чек ара кызматы курулуш иштерин токтотуп, бизге өз убагында маалымат берген эмес. Негизи, мындай учурда маалымат тез арада берилиши керек болчу. Анан дагы чек ара сызыгы өткөн жерге чек ара мамылары орнотулуп калган экен. Бирок ал жер бейтарап тилке, чек ара тосмолору андан 5-6 метр арыраак өтүшү керек".

Өзбекстан тарап чек арадагы иштер тууралуу расмий комментарий бере элек.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы 1378 чакырымга созулган чек аранын 1170 чакырымы же тагыраагы 85% такталган. Калган 10% боюнча макулдашууга жетишилгени да кабарланган.

Чек ара чатагын чечүүнүн жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:15 0:00

XS
SM
MD
LG