Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Карабак боюнча келишим Арменияны дүрбөттү


Армян парламенти. Ереван, 10-ноябрь, 2020-жыл.
Армян парламенти. Ереван, 10-ноябрь, 2020-жыл.

Армения, Азербайжан жана Орусия жикчил Тоолуу Карабактагы урушту токтотуу тууралуу келишимге кол коюшту. Мындай чечим Арменияда нааразылыкты пайда кылып, албууттанган топ Еревандагы Өкмөт Үйүнө чабуул койду.

Армян премьер-министри Николь Пашинян келишим жөнүндө шейшембиде таң эрте социалдык тармактан жарыялап, Орусиянын жана Азербайжандын президенттери менен кол койгон документте Тоолуу Карабак үчүн согушту 10-ноябрда жергиликтүү саат бирде аяктоо тууралуу макулдашылганын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана азери мамлекет башчысы Илхам Алиев киийнчерээк бул кабарды бышыкташты. Келишимде орусиялык тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн талаштуу аймакка кеминде беш жылга жайгаштыруу каралган.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Жетишилген келишим Тоолуу Карабактын айланасындагы кризисти узак мөөнөттүү жана толук жөнгө салыш үчүн зарыл болгон, армян жана азербайжан элдеринин кызыкчылыгына төп келген шарт түзөт деп ишенебиз», - деди Путин.

Макулдашуу тууралуу Азербайжандын Куралдуу күчтөрү алты жумадан бери уланып келаткан кармаштарда ийгиликке жетишкен учурда жарыяланды. Буга чейин азери армиясы аймактын баш калаасы Степанакертке жакындаганы, стратегиялык мааниси бар Шуша шаарын ээлеп алганы жөнүндө маалымдалган.

«Мен өзүм жана бардыгыбыз үчүн өтө оор чечим кабыл алдым. Аскердик кырдаалды жана абалды жакшы билген адамдардын баамдоосун терең талдап чыгып ушундай чечимге келдим», - деп жазды Пашинян «Фейсбуктагы» баракчасына.

Премьер алдынкы күндөрдө көбүрөк маалымат берерин кошумчалап, келишим «азыркыдай абалда эң туура чечим» болгонун белгиледи.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактагы армяндардын иш жүзүндөгү лидери Араик Арутюнян салгылашууларды токтотууда Пашинянды колдогонун, бул кадам жикчил анклавды колдон чыгарып жибербеш үчүн жасалганын билдирди.

Түн ичинде Еревандын борборуна келишимге каршы болгон бир нече миң киши чогулуп, нааразылыгын билдирди. Алар Өкмөт Үйүнө кирип барып, жыйындар залын талкалап салышты. Премьер ал кезде имаратта жок болчу.

Кийинчирээк ачууланган топ Пашиняндын резиденциясына бет алып, парламентке кирип барды. Акциянын катышуучулары спикер Арарат Мирзоянды сабап кетишкени, ал ушу тапта жаракат алып ооруканада жатканы кабарланууда.

Оппозициялык бир катар партиялар келишимге каршы болуп, премьердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев сыналгы аркылуу кайрылуусунда макулдашуу чатакты жөнгө салууда чечүүчү учур болуп каларын билдирди. «Бул иш жүзүндө алардын капитуляциясы», - деди Алиев.

Келишимге ылайык, Азербайжан бул уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди сактап калмакчы. БУУнун келишимдерине ылайык Тоолуу Карабакка качкындар кайтып барат жана тараптар чектешкен сызыкка орусиялык аскерлер тынчтык сактоо күчтөрү катары жайгаштырылат. Орусиянын аскерлери Тоолуу Карабакка учуп келип жатканы айтылып жатат.

Орусиянын Чек ара кызматы ошондой эле Азербайжанды Нахичевань эксклавы менен байланыштырган Армения аркылуу өткөн транспорт коридорун көзөмөлдөп турмакчы.

Президент Алиев Бакунун өнөктөшү Түркия атышпоонун сакталышына көз салган бейпилдик борборунун ишине катышарын билдирди.

Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган. Аймактагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу чатак уланып жаткан.

Салгылашуу башталган алты аптадан бери эки тараптан бир нече миң киши каза болгону маалымдалды. Атышууну токтотуу боюнча буга чейинки аракеттер ишке ашкан эмес.

XS
SM
MD
LG