Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Чек ара кызматы УКМКга кошулду


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына өткөрүлдү.

Тиешелүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди.

Ага ылайык, бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылат.

Чечимге ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү. УКМКнын Чек ара кызматынын директору атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

Атайын кызматка УКМКнын Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айда киргизүү тапшырмасы берилди.

Садыр Жапаров бул эки органды кошуу тууралуу буйрукка койгону ал президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшыргандан кийин белгилүү болду.

Чек араны УКМКга кошуу боюнча демилге сынга кабылды

Буга чейин ардагер чек арачылар Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына кошуу боюнча президентттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун демилгесин сындап чыгышкан.

Садыр Жапаров 2-ноябрда Баткенде эл менен жолугушууда Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына кошуу тууралуу демилгесин айткан болчу.

Анда бул эки аскердик түзүмдү кошуу боюнча документтин долбоорун даярдоого буйрук берилгени белгилүү болгон.

Бирок айрым ардагер чек арачылар бул кадам ойлонулбаган чечим экенин эскертип жатышат. Анткени Чек ара кызматы буга чейин эки ирет атайын кызматтын курамына кирип, кайра чыгарылган. Ардагерлер бул тармакты каржылоо калдык принциби менен жүрүп, чек ара коопсуздугун чыңдоо четте калып келгени мисал келтиришкен.

Чек ара кызматынын башкы штабынын мурдагы башчысы Искендер Мамбеталиев демилге чыныгы мамлекеттик кызыкчылыкка байланыштуу эмес деп эсептейт:

«Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамында болгондо өз алдынча өнүгө албай калат. Анткени биз мындай тажрыйбаны баштан өткөрүп, Чек ара кызматы УКМКнын курамында болгондо кандай болорун көргөнбүз. Чек ара кызматы атайын кызматтын же Коргоо министрлигинин курамында болгондо, ошол күч түзүмдөрүнүн кызыкчылыгы биринчи орунга чыгып, биздин чек арачылардын маселеси каралбай калган учурлар болгон. Эми чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн атайын кызмат менен биргеликте өз ара кызматташууну арттыруу керек деген негизде демилге көтөрүлүптүр. Бирок азыр ага эмне тоскоол болуп жатат? Биз эмне бөлөк мамлекетте турабызбы? Эки түзүм тең Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө карап, президентке жана өкмөткө баш ийип турат. Ушундай эле негизде экөөнүн ортосунда өз ара тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга эмнеге болбосун? Чек ара кызматы милдеттүү түрдө анын курамына кириши керекпи? Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы саны боюнча УКМКга караганда бир топ чоң. Анан «эки чоң түзүмдү бириктирип туруп, башкарам» деген кээ бир чоң адамдардын эле жеке дымагы».

Чек ара кызматында УКМК менен түз кызматташкан - аскердик контрчалгындоо бөлүмү бар. Өз ара тыгыз кызматташууга өбөлгө түзчү мындай шартка карабай, Чек ара кызматын УКМКга өткөрүүнүн эмне зарылдыгы бар деген суроого азырынча расмий жооп жок.

Демилгенин эл аралык кызматташтыкка тийчү эпкини

Чек ара кызматы башка күч түзүмдөрүнөн эл аралык маңзат соодасына каршы күрөшүү жана адам сатууга каршы туруу сыяктуу эл аралык гуманитардык миссиясын аткарганы менен айырмаланат.

Буга байланыштуу Чек ара кызматы БУУнун, ЕККУнун жана Эл аралык миграция уюмунун атайын каржыланган чөлкөмдүк программалары менен кызматташат. Ал эми донор уюмдардын жоболорунда чалгын жана контрчалгын милдети жүктөлгөн атайын кызматтар жана алардын астындагы түзүмдөр менен кызматташууга жол берилбей турганы көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Акылбек Арстанбеков бул демилге эл аралык чек ара кызматташтыгын үзгүлтүккө учуратып, гранттык жардамдын жолун бууйт деп кооптонууда:

«Чек ара ардагерлери бар. Чек ара кызматында иштеп жаткандар бар. «Ушундай кылсак туура болобу же туура болбойбу, ошолордун дагы ой-пикирлерин угуп коёлучу» деген бийликтин да ниети бар бекен деген максатта айтып жатабыз. Буга чейин басып өткөн каталарды кайрадан кайталап жатабыз. Соңку он жылды эле алсак, жаңыдан курулган чек ара бекеттери менен өткөрмөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү эл аралык донор уюмдардын жардамы менен курулду. Биздин мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кеткен жок. Өткөн 10-15 жылда мамлекеттик бюджеттин эсебинен бир техника сатылып алынган эмес. Ошонун бардыгы эл аралык донорлордун эсебинен келип жатат. Себеби биз мындай жардамга муктажбыз. Эгерде биздин чек ара кызмат кайрадан УКМК - атайын кызматтын курамына киргизиле турган болсо, эл аралык гранттык жардамдын бардыгы токтойт. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо жагынан кайра артка кетебиз».

Буга чейин Чек ара кызматы БУУнун баңгизат соодасына каршы күрөшүү, ЕККУнун чек ара коопсуздугун бекемдөө жана Эл аралык миграция уюмунун адам сатууга каршы туруу сыяктуу программалары аркылуу чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн атайын техникалык каражаттар, автоунаалар жана санариптешкен компьютердик техника сыяктуу жабдууларга ээ болгон.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров каршылыктарга, сындарга карабай, бул демилгени ишке ашырарын айткан. Бирок анын себептерин түшүндүргөн эмес:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мен Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берем деп жатам. Бул нерсе мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, адилеттүүбү же адилетсизби, туурабы же туура эмеспи. Бул үчүн мени сындашат, тепкилешет. «Туура эмес кылып жатат» дегендер чыгат. Бирок ал сындагандарга жана тепкилегендерге бир-эки ай болсо да чыдайм. Анткени бул биздин элдин жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек нерсе. Чек ара көйгөйлөрү чечилип, жакшы нукка түшкөндө, коңшу мамлекеттердин ортосунда ынтымак орногондон кийин, «ал туура кылган экен» деп эл-журт өз баасын берет».


Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана Орусиянын Мамлекеттик чек ара кызматтары учурда Улуттук коопсуздук органына карайт. Саясат талдоочулар ушул себептен улам Кыргызстандын азыркы саясий жетекчилиги дагы кошуналар менен өнөктөштөрдүн тажрыйбасына таянууну көздөп жатышы мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.

Ошондой эле Садыр Жапаров чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык паритеттик комиссияны жетектөөнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырганын жарыялаган:

«Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чек ара маселелерин тынчтыкта, ынтымакта жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз. Чек ара элдин, мамлекеттин кызыкчылыгында чечилет. Буга чейин чек ара боюнча комиссияны өкмөттүн вице-премьер-министрлеринин бири жетектеп келген. Мындан ары УКМК төрагасы комиссияны жетектейт. Сүйлөшүүлөрдү ушул адам жүргүзөт. Аны мен Камчыбек Кыдыршаевичке тапшырдым. Бул комиссиянын курамына мурда иштеп жаткан адамдар дагы кирет. Бирок эң башында Камчыбек Кыдыршаевич турат»,-деди Садыр Жапаров.

Баткен: Чек ара, контрабанда, жумушсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00

Буга чейин Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башчысы - УКМК төрагасы чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык паритеттик комиссияны жетектеген учур болгон эмес. Ошондой эле кошуна мамлекеттердин атайын кызматтарынын башчылары дагы паритеттик комиссияны башкарган учурлар тууралуу маалыматтар жок. Чек араларды тактоо ишин жетектөөгө адатта, картография жана геодезия сыяктуу өкмөткө караштуу жарандык кызматтардын адистери тартылып келген.


Саясат талдоочу Айданбек Акматов чек араларды тактоо талылуу маселе экенин айтып, ага аяр жана кесипкөй даярдык керек экенин билдирди:

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Камчыбек Ташиевге чек араны тактоо иштерин берип коюш... Анын канчалык даярдыгы бар? Албетте, биринчи адамда позиция болсо, ал жакта көбүнчөсү ошол жерлердин картасын, тарых-таржымалын билген кесипкөй адистер иштеши керек. Ошондо гана натыйжа болушу мүмкүн. Анан эч кандай түшүнүгү жок эле адамдар келип алышып, «мен айткандай болот» деген болбойт. Чек ара деген эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чечиле турган маселе. Тажик тарап «Кыргызстандын комиссиясынын курамы жетинчи жолу алмашты» деп айтканы бар. Ошол эле кезде тажиктердин бир гана комиссиясы курамы менен иш алып барып келе жатыптыр. Ушундай шартта биздин комиссиянын курамы улам алмашып, жагдайды билбеген жаңы адамдардын келгени сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып, ошонун айынан натыйжа бербей жатканын угуп жүрөбүз», - деди Айданбек Акматов.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңыдан бийликке келген Садыр Жапаров менен анын жакын досу Камчыбек Ташиевде мамлекеттин тагдыры үчүн чоң жоопкерчилик турганын айткан.

Парламентте сүйлөп жатып, Текебаев Камчыбек Ташиевге «доссекретарь» деген ылакап ат ыйгарган.

Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына кошуу жана ага чек араларды тактоо боюнча комиссияны жетектөө вазийпасы ыйгарылганы тууралуу Камчыбек Ташиев өзү үн ката элек.

XS
SM
MD
LG