Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Ченелбеген чек аранын азабы


Көк-Таш айылы.
Көк-Таш айылы.

Кыргыз-тажик чек арасында 6-август күнү эртең менен жана кечке маал эки ирет ок атылды. Курал колдонуу менен коштолгон окуяда тажик тараптан бир киши каза болуп, Кыргызстандын эки жаранына ок тийип ооруканага түшкөнү кабарланды.

Март айынан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар да, чек ара боюнча эки тараптуу жолугушуулар да токтоп турганда аңчылык мылтыктан ок атылды. Облустук деңгээлдеги жолугушуу эми жыйынтыкталганда кайрадан эмнеге ок чыкты?

6-август күнү эртең менен Баткен районунун Көк-Таш айылынын четинде кыргыз-тажик чек ара аймагында курал колдонулган. Тажикстан тараптан белгисиз адам болжол менен мергенчилик куралдан Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерин аткан.

Колунан жарадар болгон чек арачы ооруканага жеткирилген. Тажикстандын Чек ара кызматы болсо ошол эле убакта чек арадан бир чакырым алыс жерде, Тажикстандын Самониен айылынын 25 жаштагы тургуну бутуна ок тийип каза болгонун маалымдады.

Окуядан кийин эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуп, окуянын себебин, чоо-жайын талкуулап, эки тарап чырды андан ары ырбатпаш үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашкан. Жолугушуу аяктагандан көп өтпөй ошол эле чек ара аймагында эгин талаасын сугарып жүргөн, Кыргызстандын Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургунуна Тажикстан жактан ок атылып, далысына жана жамбашына тийип, ооруканада дарыланып жатат.

Күч түзүмдөрү коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Октон жабыркаган жарандардын абалы туруктуу. Баткен районунун акиминин орун басары Адыбек Набиев:

«Болуп өткөн окуя боюнча эки тараптан чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуп, абалды талкуулап, коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалдын курчуп кетишинин алдын алып жатат. Эл топтолгон жок. Маселе боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат», - деди.

Кыргыз-тажик чек арасы март айынын башынан бери жабык турат. Экономикалык карым-катнаш да дээрлик токтоп калган. Ошол эле учурда чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык атайын жумушчу топтун да жолугушуусу акыркы жолу февраль айында өткөн. Андан бери чек ара боюнча маселе эки тараптуу каралбай турат. Чек ара чатактарын иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов:

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

«Эми чек арада абал бир жактуу чечилбешин билебиз. Көп жылдан бери ушул чек арадагы абалды байкап, кызыгып жүргөн киши катары кээ бир учурларга түшүнбөй калам. Качан ок чыгып, бирөө жарадар болуп же чыр чыкканда гана чек ара маселеси көтөрүлүп, анан кайра токтоп калбашы керек да. Бул багыт системалуу түрдө ар дайым бийликтин көзөмөлүндө турушу керек. Чыңалуу болуп жатышына балким чек аралардын жабык турганы, экономикалык кызыкчылыктар себеп болуп жаткандыр. Бирок качан абал курчуганда эске алынып, анан токтоп калбашы керек. Жолугушууда ошол учурдагы абалды жөнгө салып, элди тынчтантып эле кала беришет. Ал эми негизги чек ара деген маселе баягыдай эле калып жатат. Мамлекет, бийлик Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй жарандары үчүн коопсуз эркин жашоону камсыз кылып бериши керек эле да», - деди.

Учурда чек арада топтолгондор жок, абал туруктуу. Эки тараптын жолугушуусунан кийин калк арасында түшүндүрүү иштери менен ички коопсуздукту көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бирок калк арасында дагы качан кайсыл жерден ок атылып, чыр чыгышы мүмкүн деп чочулоо күчөдү.

Чек ара айылынын тургуну Абдубали Муратали уулу:

«Эртең менен бир чек арачы жарадар болду деп уктук. Анан «тийиштүү адамдар жолукту, маселени чечти» деп маалымат тарады. Дароо эле «кайра ок чыкты» деп уктук. Муну кандай түшүнсө болот? Эки тараптын бийлиги маселени чечет деп ишенип жашачубуз да. Анан жолугушуу өтүп, ал бүтөрү менен кайра ок атылышы кооптонтуп коёт экен», - деп нааразы болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Такталбаган чек араларда жер-суу, жол, жайыт талаштан улам тез-тез чыр чыгып турат. Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында беш ирет курал колдонуу менен коштолгон чатак чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG